ИМИДЖ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
И́МИДЖ , с а я с и й и м и д ж – субъекттин өзү ж-а ал ж-дөгү массалык маалымат каражаттарында калыптанган сүрөттөмөлөрдөн улам пайда болгон образ, саясий мүнөздөмө. Саясий И. – лидердин саясий аң-сезиминин ж-а жүрүмтурумунун өзгөчөлүктөрү, ал ж-дөгү элдердин оймүдөөсү, элестетүүсү. Ыңгайлуу же ыңгайсыз абалдын, шарттын таасири м-н саясатчынын артыкчылыктары ж-а кемчиликтери ж-дө коом-
дук аң-сезимде белгилүү бир образ пайда болуп ж-а калыптанып, аны коомчулуктун пикирине ылайык иш жүргүзүүгө мажбурлайт. Тигил же бул саясатчынын И-ин аныктоодо маалымат каражаттарынын ролу чоң. Элдин көпчүлүк бөлүгү
өзүнүн саясий симпатиясын билдирүүдө көбүн эсе колдо болгон маалыматтарга таянууга мажбур болушат. Ошондон улам өнүккөн өлкөлөрдө саясатчылардын И-ин аныктоодо одоно каталарды кетирбөө үчүн саясий маркетинг теорияларын ж-а методдорун колдонушат. Лидердин жекече иш стили, идеол. көз карашы ж-а программасы бирине-бири төп келсе, анда бул саясий И. пландоонун ачкычы болуп эсептелет. Эгерде И. саясий рыноктун талаптарына дал келсе, анда саясатчыга ийгилик алып келет. Ушул максатта саясатчынын артыкчылыгын баса белгилөөчү ж-а анын начар жактарын жаап-жашырып туруучу маалымат үчүн атайын программалар иштелип чыгат. Маркетинг буга
өбөлгө түзөт: конкреттүү кырдаалда саясатчы
өзүнүн жеке сапаттарына жараша, электораттын талаптарына ылайык, атаандаштарынын абалына карата кандай көз караштарда туруу керектиги аныкталат. Демокр. ин-ттардын
өнүгүшү, шайлоо алдындагы мезгилде саясий атаандаштардын көбөйүшү саясатчынын И-не карата болгон талаптардын курчушуна алып келет. Шайлоодогу ийгилик, саясий карьера көбүн эсе саясий И-дин өзүнө тартуучулук күчүнө, аныктыгына, иш-аракеттеринин иреттүүлүгүнө жараша болот. Ошондо гана электорат аны башка атаандаштардан айрып-таануу, ага саясий симпатия көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.