ИМПУЛЬСТУУ ФОТОМЕТРИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИМПУЛЬСТУУ ФОТОМЕ́ТРИЯ – фотометриянын импульстуу жарык агымын изилдөөчү ж-а аны нерсенин оптикалык мүнөздөмөсүн (чагылуу, өткөрүү коэфф-и ж. б.) аныктоодо колдонуучу бөлүмү. Азыркы учурда И. ф-да импульс лампасы ж-а лазер колдонулат. И. ф-га негизинен мейкиндиктеги энергияны, импульстуу булактын спектрдик ж-а убакыттык мүнөздөмөсүн эсептөө, аларды өлчөө кирет. Лазер техникасынын өнүгүшү, өзгөчө когеренттүү нурлануунун нанож-а пикосекунд импульсун алуу ыкмасы И. ф-га жарык импульсун сызыктуу эмес кристалл м-н детекторлоо, жогорку тартиптеги корреляция (көз карандылык) функциясын колдонуу ж. б. сыяктуу өлчөөнүн жаңы ыкмасын иштеп чыгуу маселесин койду. Азыркы И. ф-да жарык импульстарынын узактыгына ылайык келген тез иштөөчү ЭЭМдер колдонулат. Ал маалыматты убакыттын чыныгы масштабында эсептөөгө мүмкүндүк берет.