ЖАА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАА</b> – жебе | <b type='title'>ЖАА</b> – жебе менен атылуучу эң байыркы курал. Дого сымал ийилген серпилгич катуу жыгач­тын эки учуна тептирге (кайыш же жип) кере тартылып байланат. Жебенин түп жагын жаанын тептиргесине такай катуу тартып туруп, мээлеген нерсени көздөй коё берет. | ||
[[File:ЖАА2.png | thumb | Жаа: 1 – жыга­чы; 2 – жебе; 3 – тептирге.]] | [[File:ЖАА2.png | thumb | Жаа: 1 – жыга­чы; 2 – жебе; 3 – тептирге.]] | ||
Жаа согушта, аң­чылыкта, спортто кеңири пайдаланылган. Дүй­нөнүн бардык элдеринде (Австралия менен Мик­ронезиянын жергиликтүү элдеринен башка) мезолит (биздин заманга чейинки XII–VII кылымдар) доорунан биздин замандын XVII кылымына чейин колдонулган (кээ бир жерде азыр да бар). Жаа жыгачы, тептирге, жебе жана саадактан турат. Жумуру же бир жагы жалпайтылган жаа жыга­чы арча, четин, сөксөөл, жаңгак сыяктуу сер­пилгич, катуу жыгачтан же мүйүздөн жасалат. Эгерде жаа тоо теке мүйүзүнөн жасалса, ал мүйүз жаа деп аталат. Жыгачтын же мүйүздүн орто жери жоонураак, эки четин көздөй ичкертилип, учтары тептирге байлаганга ылайыкталып, туурасынан кертмектелип жасалат. Жаа жыгачы­нын же мүйүздүн так ортосунун сол жагынын бир тутам жерине чийден жоонураак жипти же ширини ороп, сөөктөн, мүйүздөн эп кыят, ал жаа тутка делет. Жаа тутка жаачынын колуна ылайыкталып, эптүү, чак жана токтомдуу бол­гудай жасалат. Жаа жыгачынын эки учуна кере тартып байланган тептирге кийиктин тарамы­шынан тал-тал таралып, бир нече катталып, чыйратылып жасалат. Жаанын огу – <i>жебе.</i> Жебе салынуучу кутуча – <i>саадак.</i> Жаанын жөнөкөй жана татаал түрү бар. Жөнөкөйү эч бир асеми жок Жаа жыгачынан, тептиргеден гана турса, татаал жаанын ички бети жука мүйүз менен капталып, эки учуна жана орто жериндеги туткасына сөөктөн эп кыйылат (кыргыздар урунган жаа жасалы­шы боюнча татаал жаа түрүнө кирет). Мүйүз жаалар алтын, күмүш, жез чөгөрүлгөн оймо-чиймелер менен асемделет. Жоокерчиликте, мергенчиликте жаа сол ийинге, саадагы оң далыга асылган. Жаа менен аң уулоону кесип кылган адам жаачы мер­ген деп аталган. | |||
чыйратылып жасалат. | |||
<i>И. Молдобаев. </i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
11:06, 12 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАА – жебе менен атылуучу эң байыркы курал. Дого сымал ийилген серпилгич катуу жыгачтын эки учуна тептирге (кайыш же жип) кере тартылып байланат. Жебенин түп жагын жаанын тептиргесине такай катуу тартып туруп, мээлеген нерсени көздөй коё берет.

Жаа согушта, аңчылыкта, спортто кеңири пайдаланылган. Дүйнөнүн бардык элдеринде (Австралия менен Микронезиянын жергиликтүү элдеринен башка) мезолит (биздин заманга чейинки XII–VII кылымдар) доорунан биздин замандын XVII кылымына чейин колдонулган (кээ бир жерде азыр да бар). Жаа жыгачы, тептирге, жебе жана саадактан турат. Жумуру же бир жагы жалпайтылган жаа жыгачы арча, четин, сөксөөл, жаңгак сыяктуу серпилгич, катуу жыгачтан же мүйүздөн жасалат. Эгерде жаа тоо теке мүйүзүнөн жасалса, ал мүйүз жаа деп аталат. Жыгачтын же мүйүздүн орто жери жоонураак, эки четин көздөй ичкертилип, учтары тептирге байлаганга ылайыкталып, туурасынан кертмектелип жасалат. Жаа жыгачынын же мүйүздүн так ортосунун сол жагынын бир тутам жерине чийден жоонураак жипти же ширини ороп, сөөктөн, мүйүздөн эп кыят, ал жаа тутка делет. Жаа тутка жаачынын колуна ылайыкталып, эптүү, чак жана токтомдуу болгудай жасалат. Жаа жыгачынын эки учуна кере тартып байланган тептирге кийиктин тарамышынан тал-тал таралып, бир нече катталып, чыйратылып жасалат. Жаанын огу – жебе. Жебе салынуучу кутуча – саадак. Жаанын жөнөкөй жана татаал түрү бар. Жөнөкөйү эч бир асеми жок Жаа жыгачынан, тептиргеден гана турса, татаал жаанын ички бети жука мүйүз менен капталып, эки учуна жана орто жериндеги туткасына сөөктөн эп кыйылат (кыргыздар урунган жаа жасалышы боюнча татаал жаа түрүнө кирет). Мүйүз жаалар алтын, күмүш, жез чөгөрүлгөн оймо-чиймелер менен асемделет. Жоокерчиликте, мергенчиликте жаа сол ийинге, саадагы оң далыга асылган. Жаа менен аң уулоону кесип кылган адам жаачы мерген деп аталган.
И. Молдобаев.