ЖАДИДИЗМ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАДИДИ́ЗМ</b> ( | <b type='title'>ЖАДИДИ́ЗМ</b> (арабча жадид – жаңы) – XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында Россия империясы­нын түрк тилдүү калкындагы коомдук-саясий жана маданий-агартуу кыймылы. Алгач XIX кылымдын 80-жылдарында Волга боюна, Крым татарлары­на, кийин Орто Азияга (казак, кыргыз, өзбек жана башкалар) тараган. Негизинде жадидизм мусулман мек­тептеринде жана медреселерде окутуунун жаңы ыкмаларын, башкача айтканда анын мазмунун өзгөртүп, дин менен катар математика, география, тарых, био­логия сыяктуу сабактарды окутууну максат кылган. Жадидизмдин негиздөөчүлөрү катары И. <i>Гас­принский,</i> Ш. Маржани, А. Ибрагимов, М. Абду­рашидханов, М. Бехбуди, А. Фитрат жана башкалар эсеп­телет. Анын жактоочулары улуттук искусствонун жана адабияттын өнүгүүсүн, аялдардын тең укуктуу­лугун, мектептерде өз эне тилинде окутууну, падышалык Россиянын баскынчылык саясаты­на каршы рухий жаңыланууну көздөшкөн. Мусулман дин мектеп, медреселеринде сакталып келаткан эски окуу-тарбия иштерин заман та­лабына шайкеш өзгөртүүгө аракеттенишкен. Айрым дин кызматкерлери жадидизм кыймылын динге каршы аракет катары баалап, кысым көрсөтүш­көн, ошондой эле падыша өкмөтү, анын өкүлдөрү па­дышачылыктын Орто Азия жана Казакстандагы баскынчы саясатына зыянкеч адамдар катары тоскоолдук кылышкан. <i>Жадид мектептеринин</i> окутуучуларынын көбү Казань, Уфа, Оренбург, айрымдары Стамбул, Багдад шаарларынан билим алышкан. XIX кылымдын аяк ченинде Россия мусул­мандары хадимчилер жана жадидчилер болуп, бири бирине каршы эки топко бөлүнгөн. Хадим багытындагылар «Сират ал-Мустаким» («Туура жол») аттуу партия түзүп, И. Гаспринский Бак­чысарай шаарында чыгарган «Тержиман» гезитинин (1883-жылдан) көз карашына каршы 1907-жылы Оренбург шаарындагы басмакана ээси Г. Хусаинов­дун каражатына «Дин уа магишат» («Дин жана өмүр») деген журнал чыгарышкан. Эки багыт­тын өз ара карама-каршылыгына, жана башка кыйын­чылыктарга карабастан, жадидизм кыймылы өзгөчө күч алып, мындай мектептерде табият-таануу­га, айрыкча түрк калктарынын тарыхы менен адабиятына көбүрөөк көңүл бурулган. Уфадагы «Га­лия», Оренбургдагы «Хусеиния», Казандагы «Мухаммедия», Кыргызстандагы «Шабдания», Казак­стандагы «Мамания» сыяктуу мектеп-медресе­лер жадидизмдин ири очокторуна айланган. 1913-жылы Түркстан аймагында жадидизм багытындагы 92 мек­теп-медресе болгон. | ||
ыкмаларын, | |||
өмүр») деген журнал чыгарышкан. Эки багыт­тын өз ара карама-каршылыгына, | |||
«Мухаммедия», | |||
Ад.: <i>Бартольд В. В</i>. История культурной жизни Туркестана // Соч., Т. 2, Ч. 1. М., 1963; <i>Худайку­лов А. М</i>. Просветительская деятельность джадидов Туркестана. Таш., 1995. | |||
<i>А. Кубатова. </i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
11:08, 13 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАДИДИ́ЗМ (арабча жадид – жаңы) – XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында Россия империясынын түрк тилдүү калкындагы коомдук-саясий жана маданий-агартуу кыймылы. Алгач XIX кылымдын 80-жылдарында Волга боюна, Крым татарларына, кийин Орто Азияга (казак, кыргыз, өзбек жана башкалар) тараган. Негизинде жадидизм мусулман мектептеринде жана медреселерде окутуунун жаңы ыкмаларын, башкача айтканда анын мазмунун өзгөртүп, дин менен катар математика, география, тарых, биология сыяктуу сабактарды окутууну максат кылган. Жадидизмдин негиздөөчүлөрү катары И. Гаспринский, Ш. Маржани, А. Ибрагимов, М. Абдурашидханов, М. Бехбуди, А. Фитрат жана башкалар эсептелет. Анын жактоочулары улуттук искусствонун жана адабияттын өнүгүүсүн, аялдардын тең укуктуулугун, мектептерде өз эне тилинде окутууну, падышалык Россиянын баскынчылык саясатына каршы рухий жаңыланууну көздөшкөн. Мусулман дин мектеп, медреселеринде сакталып келаткан эски окуу-тарбия иштерин заман талабына шайкеш өзгөртүүгө аракеттенишкен. Айрым дин кызматкерлери жадидизм кыймылын динге каршы аракет катары баалап, кысым көрсөтүшкөн, ошондой эле падыша өкмөтү, анын өкүлдөрү падышачылыктын Орто Азия жана Казакстандагы баскынчы саясатына зыянкеч адамдар катары тоскоолдук кылышкан. Жадид мектептеринин окутуучуларынын көбү Казань, Уфа, Оренбург, айрымдары Стамбул, Багдад шаарларынан билим алышкан. XIX кылымдын аяк ченинде Россия мусулмандары хадимчилер жана жадидчилер болуп, бири бирине каршы эки топко бөлүнгөн. Хадим багытындагылар «Сират ал-Мустаким» («Туура жол») аттуу партия түзүп, И. Гаспринский Бакчысарай шаарында чыгарган «Тержиман» гезитинин (1883-жылдан) көз карашына каршы 1907-жылы Оренбург шаарындагы басмакана ээси Г. Хусаиновдун каражатына «Дин уа магишат» («Дин жана өмүр») деген журнал чыгарышкан. Эки багыттын өз ара карама-каршылыгына, жана башка кыйынчылыктарга карабастан, жадидизм кыймылы өзгөчө күч алып, мындай мектептерде табият-таанууга, айрыкча түрк калктарынын тарыхы менен адабиятына көбүрөөк көңүл бурулган. Уфадагы «Галия», Оренбургдагы «Хусеиния», Казандагы «Мухаммедия», Кыргызстандагы «Шабдания», Казакстандагы «Мамания» сыяктуу мектеп-медреселер жадидизмдин ири очокторуна айланган. 1913-жылы Түркстан аймагында жадидизм багытындагы 92 мектеп-медресе болгон.
Ад.: Бартольд В. В. История культурной жизни Туркестана // Соч., Т. 2, Ч. 1. М., 1963; Худайкулов А. М. Просветительская деятельность джадидов Туркестана. Таш., 1995.
А. Кубатова.