ЖАЗЫ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЗЫ ӨРӨӨНҮ</b> – Фергана тоо тизмегинин | <b type='title'>ЖАЗЫ ӨРӨӨНҮ</b> – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы ландшафты кооз жер. Өзгөн районунун аймагында. Байбиче, Тор­гой-Дөбө, Доңуз-Тоо, Токсон-Кемпир тоолору, Сурташ ж-а Мырзаке ашуулары аркылуу Өзгөн өрөөнү м-н чектешет. Узундугу 200 <i>км</i>дей, туурасы 5– 6 <i>км</i>. Өзгөн шаарынан 70 <i>км</i> чыгыш тарапта, Ош­тон 130 <i>км</i>. Жазы өрөөнү – Фергана мегантиклиналы­нын бир канаты көтөрүлгөн структуралары (Өз­гөн, Делдек-Тоо, Капкан-Тоо ж. б.) жаракалар м-н тилмеленген. Өрөөндү түзгөн байыркы тоо тектерге палеозойдо пайда болгон алевролит, кумдук, конгломерат ж. б. кирет. Калган бөлү­гүн мезозойдун, ошондой эле неогендин тоотектери түзөт. Тектоникалык-эрозиялык рельеф мүнөздүү. Анда байыркы пенеплендин калдыктары бар плато сымал тоолор (сырттар), туурасынан кеткен | ||
өрөөнү м-н чектешет. | |||
[[File:ЖАЗЫ ӨРӨӨНҮ7.png | thumb | none]] | [[File:ЖАЗЫ ӨРӨӨНҮ7.png | thumb | none]] | ||
Жазы өрөөнү. | Жазы өрөөнү. | ||
ойдуңдар, жер көчкүлөр, корумдар, шиленди конустар кеңири таралган. Жогорку бөлүгү – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталын кесип өткөн терең капчыгай, чатына жакын тоо этегиндеги дөңсөөлүү түздүк. Климаты субтро­пиктик: күн тийүү узактыгы жылына 2500– 2700 с. Абанын температурасы ж-а жаан-чачындын өлчөмү (300 <i>мм</i>ден 1000 <i>мм</i>ге чейин) аймактын абсолюттук бийиктигине ж-а каптал экспозициялары­на жараша өтө ар түрдүү. Январдын орточо темп­расы эл отурукташкан бөлүгүндө –8… –15°С, июлдуку 14–24°С. Өрөөн аркылуу <i>Жазы</i> суусу агат. Күңүрт күрөң, коңур ж-а каралжын тоо топурагы басымдуу. Өсүмдүктөрү өтө ар түрдүү. Төмөнкү кургакчыл бөлүгүндө (1200 <i>мм</i> бийик­тикке чейин) кылкан өсүмдүк-шыбактуу кургак талаа кеңири таралып, улам жогорулаган са­йын (1200–1500 <i>м</i>) буудайык-дүйүм чөптүү талаа м-н алмашат. Суу жайылмаларын, тоо капталдарынын түндүк экспозицияларын, 1200– 2000 <i>м</i> бийиктиктерди жаңгак-мөмө-жемиштүү токой, ал эми түштүк капталын, ошол эле бийик­тиктерди арпакан-дүйүм чөптүү шалбаалуу та­лаа ж-а акчечек-долонолуу сейрек токой ээлейт. Орто бийик тоолордо 2000 <i>м</i>ден 3000 <i>м</i> бийик­тикке чейин токой (карагай-арча)-бадал-шалбаа­луу зона даана байкалат; анда өскүлөң ак сок­то-тарандуу (2000–2800 <i>м</i>) ж-а орто бийиктикте өскөн каз тамандуу шалбаа (2800–3000 <i>м</i>) кошо кездешет. Андан жогору (3300–3600 <i>м</i>) шалбаа­луу субальп талаасы ж-а чымдуу альп талаасы ээлейт. Жазы өрөөнү – бальнеол.-баткак м-н дарылоо­чу курортко ылайыктуу аймак. Анда Кара-Шоро минералдуу суусу ж-а дары-баткак кени чыгат. Кара-Шоро кени Жазы өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө, Кача­ралатур ж-а Коңур-Дөбө сууларынын чаттары­на жакын 2400 <i>м</i> бийиктикте жайгашкан. Көмүр кычкыл хлорид-гидрокарбонат натрийлүү (ми­нералдануусу 2,4–3,1 <i>г/л</i>) ж-а көмүр кычкыл гидрокарбонат-хлорид натрийлүү (5,3–15 <i>г/л</i>) № 5 бургулоо көзөнөгүнөн чыккан суу (сутка­лык дебити 29,4 <i>м</i><sup>3</sup>) дарылоо-суусундук катары «Кара-Шоро № 5» деген ат м-н бөтөлкөгө кую­луп алынат (жылына 1–1,5 млн бөтөлкө). Кый­мыл (Жазы-Тогай) дары баткак кени Жазы өрөөнүнүн төмөнкү бөлүгүндө, Өзгөн шаарынан 6 <i>км</i> түндүк-ба­тыш тарапта жайгашкан; Өзгөндөн 6 <i>км</i> түндүк-чыгышта Чымбай кени бар. Бул эки кендин баткагынын курамы бирдей; ылай катмарчала­ры бар сульфид чым-көңдүү; Кыймыл кенинин запасы 234 миң т, Чымбай кениники 157 миң т. | |||
өскөн каз тамандуу шалбаа (2800–3000 <i>м</i>) кошо | Өрөөндүн 50%ке жакыны жайыт катары пай­даланылат, 10%и айдоо жер, анда бакча өсүм­дүктөрү, күн карама, гозо, жүгөрү өстүрүлөт. Өрөөн аркылуу Өзгөн шаарынан Кара-Шорого кетчү автомобиль жолу өтөт. | ||
кездешет. Андан жогору (3300–3600 <i>м</i>) шалбаа­луу субальп талаасы ж-а чымдуу альп талаасы ээлейт. | |||
минералдуу суусу ж-а дары-баткак кени чыгат. Кара-Шоро кени | |||
«Кара-Шоро | |||
чыгышта Чымбай кени бар. Бул эки кендин баткагынын курамы бирдей; ылай катмарчала­ры бар сульфид чым-көңдүү; Кыймыл кенинин запасы 234 миң т, Чымбай кениники 157 миң т. | |||
автомобиль жолу өтөт. | |||
Ад.: <i>Ильин А. И.</i> Водные ресурсы Ферганской до­лины (гидрологический очерк). Л., 1959; <i>Глушкова М. И., Данилина А. П.</i> Основные черты рельефа юго­западных склонов Ферганского хребта // Известия АН Кирг. ССР. Серия естественных и технических наук. Т. 2. Вып. 10. Ф., 1960; <i>Рахманов Т. Р.</i> О зональ­ности рельефа и рельефообразующих процессов на юго­западном склоне Ферганского хребта. // Известия АН Кирг. ССР. № 5. Ф., 1973; Орехово-плодовые леса Юга Кыргызстана. Б., 1997; <i>Бараталиев Ө. Б.</i> Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынын табияты­нын өзгөчөлүктөрү жана анын геоэкологиялык абалы. Б., 2002. | |||
<i>С. Ахмедов.</i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
07:48, 22 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЗЫ ӨРӨӨНҮ – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы ландшафты кооз жер. Өзгөн районунун аймагында. Байбиче, Торгой-Дөбө, Доңуз-Тоо, Токсон-Кемпир тоолору, Сурташ ж-а Мырзаке ашуулары аркылуу Өзгөн өрөөнү м-н чектешет. Узундугу 200 кмдей, туурасы 5– 6 км. Өзгөн шаарынан 70 км чыгыш тарапта, Оштон 130 км. Жазы өрөөнү – Фергана мегантиклиналынын бир канаты көтөрүлгөн структуралары (Өзгөн, Делдек-Тоо, Капкан-Тоо ж. б.) жаракалар м-н тилмеленген. Өрөөндү түзгөн байыркы тоо тектерге палеозойдо пайда болгон алевролит, кумдук, конгломерат ж. б. кирет. Калган бөлүгүн мезозойдун, ошондой эле неогендин тоотектери түзөт. Тектоникалык-эрозиялык рельеф мүнөздүү. Анда байыркы пенеплендин калдыктары бар плато сымал тоолор (сырттар), туурасынан кеткен

Жазы өрөөнү.
ойдуңдар, жер көчкүлөр, корумдар, шиленди конустар кеңири таралган. Жогорку бөлүгү – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталын кесип өткөн терең капчыгай, чатына жакын тоо этегиндеги дөңсөөлүү түздүк. Климаты субтропиктик: күн тийүү узактыгы жылына 2500– 2700 с. Абанын температурасы ж-а жаан-чачындын өлчөмү (300 ммден 1000 ммге чейин) аймактын абсолюттук бийиктигине ж-а каптал экспозицияларына жараша өтө ар түрдүү. Январдын орточо темпрасы эл отурукташкан бөлүгүндө –8… –15°С, июлдуку 14–24°С. Өрөөн аркылуу Жазы суусу агат. Күңүрт күрөң, коңур ж-а каралжын тоо топурагы басымдуу. Өсүмдүктөрү өтө ар түрдүү. Төмөнкү кургакчыл бөлүгүндө (1200 мм бийиктикке чейин) кылкан өсүмдүк-шыбактуу кургак талаа кеңири таралып, улам жогорулаган сайын (1200–1500 м) буудайык-дүйүм чөптүү талаа м-н алмашат. Суу жайылмаларын, тоо капталдарынын түндүк экспозицияларын, 1200– 2000 м бийиктиктерди жаңгак-мөмө-жемиштүү токой, ал эми түштүк капталын, ошол эле бийиктиктерди арпакан-дүйүм чөптүү шалбаалуу талаа ж-а акчечек-долонолуу сейрек токой ээлейт. Орто бийик тоолордо 2000 мден 3000 м бийиктикке чейин токой (карагай-арча)-бадал-шалбаалуу зона даана байкалат; анда өскүлөң ак сокто-тарандуу (2000–2800 м) ж-а орто бийиктикте өскөн каз тамандуу шалбаа (2800–3000 м) кошо кездешет. Андан жогору (3300–3600 м) шалбаалуу субальп талаасы ж-а чымдуу альп талаасы ээлейт. Жазы өрөөнү – бальнеол.-баткак м-н дарылоочу курортко ылайыктуу аймак. Анда Кара-Шоро минералдуу суусу ж-а дары-баткак кени чыгат. Кара-Шоро кени Жазы өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө, Качаралатур ж-а Коңур-Дөбө сууларынын чаттарына жакын 2400 м бийиктикте жайгашкан. Көмүр кычкыл хлорид-гидрокарбонат натрийлүү (минералдануусу 2,4–3,1 г/л) ж-а көмүр кычкыл гидрокарбонат-хлорид натрийлүү (5,3–15 г/л) № 5 бургулоо көзөнөгүнөн чыккан суу (суткалык дебити 29,4 м3) дарылоо-суусундук катары «Кара-Шоро № 5» деген ат м-н бөтөлкөгө куюлуп алынат (жылына 1–1,5 млн бөтөлкө). Кыймыл (Жазы-Тогай) дары баткак кени Жазы өрөөнүнүн төмөнкү бөлүгүндө, Өзгөн шаарынан 6 км түндүк-батыш тарапта жайгашкан; Өзгөндөн 6 км түндүк-чыгышта Чымбай кени бар. Бул эки кендин баткагынын курамы бирдей; ылай катмарчалары бар сульфид чым-көңдүү; Кыймыл кенинин запасы 234 миң т, Чымбай кениники 157 миң т.
Өрөөндүн 50%ке жакыны жайыт катары пайдаланылат, 10%и айдоо жер, анда бакча өсүмдүктөрү, күн карама, гозо, жүгөрү өстүрүлөт. Өрөөн аркылуу Өзгөн шаарынан Кара-Шорого кетчү автомобиль жолу өтөт.
Ад.: Ильин А. И. Водные ресурсы Ферганской долины (гидрологический очерк). Л., 1959; Глушкова М. И., Данилина А. П. Основные черты рельефа югозападных склонов Ферганского хребта // Известия АН Кирг. ССР. Серия естественных и технических наук. Т. 2. Вып. 10. Ф., 1960; Рахманов Т. Р. О зональности рельефа и рельефообразующих процессов на югозападном склоне Ферганского хребта. // Известия АН Кирг. ССР. № 5. Ф., 1973; Орехово-плодовые леса Юга Кыргызстана. Б., 1997; Бараталиев Ө. Б. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынын табиятынын өзгөчөлүктөрү жана анын геоэкологиялык абалы. Б., 2002.
С. Ахмедов.