ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ВО</b> – жасалга өнөрү, парк, имарат, турак жай жана башкаларды кооздоо үчүн пайдаланылуучу, кооз жана эстетикалык сапаттагы тиричилик буюмдарын жасап чыгаруучу көркөм өнөр.
<b type='title'>ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО</b> – жасалга өнөрү, парк, имарат, турак жай жана башкаларды кооздоо үчүн пайдаланылуучу, кооз жана эстетикалык сапаттагы тиричилик буюмдарын жасап чыгаруучу көркөм өнөр.


[[File:ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО109.png | thumb | Идиштер. Кытай. Нефрит XVIII кылым. Чыгыш элдеринин көркөм сүрөт музейи. Москва.|left]]
[[File:ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО109.png | thumb | Идиштер. Кытай. Нефрит XVIII кылым. Чыгыш элдеринин көркөм сүрөт музейи. Москва.|left]]

05:24, 23 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖАСАЛГА-КОЛДОНМО КӨРКӨМ ИСКУССТВО – жасалга өнөрү, парк, имарат, турак жай жана башкаларды кооздоо үчүн пайдаланылуучу, кооз жана эстетикалык сапаттагы тиричилик буюмдарын жасап чыгаруучу көркөм өнөр.

Идиштер. Кытай. Нефрит XVIII кылым. Чыгыш элдеринин көркөм сүрөт музейи. Москва.
Пиксида. Лимож. Франция. Эрмитаж. Ленинград.

Жасалга-кколдонмо көркөм искусствосуна көркөм даярдалган эмерек, идиш-аяк, кийим, килем, сайма, зер буюм, оюнчук жана башка буюмдар менен бирдикте оюм-чийим жазуулар, имараттын бет маңдайын жана ичин айкелдик жасалгалап кооздоо, каптооч карапа жана витраждар кирет. Станоктук живопистен айырмаланып, жасалга-кколдонмо көркөм искусство чыгармалары, эреже катары, буюмдун тиричиликте керектелиши менен болгон байланышын жоготпойт жана өзүнүн көркөм маңызын айлана-чөйрө менен бирдикте ачып көрсөтөт. Жасалга-кколдонмо көркөм искусствосунда кеңири колдо­нулган сюжеттик мотивдер өз алдынча турган­да эч кандай мааниге ээ эмес. Алар жасалга

Люстра. 1790-жыл чен. Санкт-Петербург. «Павловск» музей ­коругу.

милдети менен тыгыз байланышкан жана ансамбл­дин талаптарына ылайык анын техникасы менен материалынын өзгөчөлүктөрүн, буюмдун мил­детин чечмелеп турат. Ошондуктан анда станок живописинин чыгармаларына караганда шарт­туулукка көбүрөөк практикалык жол берилет. Жасалга-кколдонмо көркөм искусство буюмдарынын кайра иштетилген маа­нидеги (эмерек, идиш-аяк, тиричилик буюмда­ры, кийим) жана көбүрөөк жасалгалык мүнөздөгү (саймалап жазуу, жасалга кездемелери жана башкалар) буюмдарын так ажыратып билүү зарыл. Бул эки түрдүн ортосунда кескин жана так бөлүнгөн чек жок, бирок ар биринин бир гана өзүнө таандык өзгөчө белгилери бар. Тиричиликте керектелүүчү буюмду көркөм жасалгалоо анын колдонмо милдети менен шайкеш болушу зарыл – бул жерде буюмдун эстетикалык сапаты анын кооздугу

Диний «цам» майрамы үчүн маска. Моңголия. XIX–XX кылым. Чыгыш элдеринин көркөм сүрөт музейи. Москва.
Жагдан,чыны кап, көөкөр.

менен эмес, ошол түрдүн максатка ылайыктуулу­гуна жараша чечилет; жасалга буюмдарда сю­жеттик композицияларды кеңири жана эркин пайдаланууга көбүрөөк жол берилет. Станок живописи менен жасалга-кколдонмо көркөм искусствосунун ортосунда орто­лук формалар (көркөм панно, гобелен, плафон, кооздук айкелдер) кеңири тараган. Булар арх­итектуралык бир бүтүндүктүн бөлүктөрү жана аны то­луктап турат. Ошол эле учурда аларды өз ал­дынча көркөм чыгарма катары да кароого бо­лот. Жасалга-кколдонмо көркөм искусствосу өзүнүн келип чыгыш тарыхы менен көркөм өнөр дүйнөсүнүн эң байыркы түрүнө кирет, ал кол өнөрчүлүктүн өзүнчө өндүрүштүк бир тармагы болуп бөлүнүп чыккан учурунан баштап, эл арасында узчулуктун түрү катары өнүгүп келген.