ЖАЙ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЙ</b> – абанын | <b type='title'>ЖАЙ</b> – абанын температурасы эң жогору болуп тур­ган жыл мезгили; климаттык сезон. Түндүк жа­рым шарда жайкы күн токтолуудан (21–22-июн­дан) же жайкы чилдеден күзгү күн-түн теңелүүгө (23-сентябрга) чейинки мезгил. Түндүк жарым шарда – июнь, июль, август, Түштүк жарым шар­да – декабрь, январь, февраль айлары жай мез­гили болот. Жай мезгилинин узактыгы климат­тык ж-а фенологиялык сезон катары төмөнкү кеңдик­терден жогорку кеңдиктерди карай кыскарат. Экватордук алкакта жыл бою жай өкүм сүрөт. Субтропикте 5 ай, мелүүн алкакта 3 ай, уюлдук кеңдиктерде 1–2 айдан ашпайт. Кыргызстан айма­гында жайында күн ысып, үшүк жүрбөйт, өсүм­дүк вегетациясы токтобойт; кургакчылык да болот. Кыргызстанда бул түшүнүккө байланыштуу Жай-Терек (Базар-Коргон р-нундагы жердин аты) топоними бар. Кыргыздар жай мезгилин табыс­тан, жайдын толгон кезин ак жай деп да атайт. | ||
<i>Ө. Бараталиев. </i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | <i>Ө. Бараталиев. </i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
05:33, 23 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙ – абанын температурасы эң жогору болуп турган жыл мезгили; климаттык сезон. Түндүк жарым шарда жайкы күн токтолуудан (21–22-июндан) же жайкы чилдеден күзгү күн-түн теңелүүгө (23-сентябрга) чейинки мезгил. Түндүк жарым шарда – июнь, июль, август, Түштүк жарым шарда – декабрь, январь, февраль айлары жай мезгили болот. Жай мезгилинин узактыгы климаттык ж-а фенологиялык сезон катары төмөнкү кеңдиктерден жогорку кеңдиктерди карай кыскарат. Экватордук алкакта жыл бою жай өкүм сүрөт. Субтропикте 5 ай, мелүүн алкакта 3 ай, уюлдук кеңдиктерде 1–2 айдан ашпайт. Кыргызстан аймагында жайында күн ысып, үшүк жүрбөйт, өсүмдүк вегетациясы токтобойт; кургакчылык да болот. Кыргызстанда бул түшүнүккө байланыштуу Жай-Терек (Базар-Коргон р-нундагы жердин аты) топоними бар. Кыргыздар жай мезгилин табыстан, жайдын толгон кезин ак жай деп да атайт.
Ө. Бараталиев.