ЖЕНТЕК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕНТЕК</b> – бала төрөлгөндө өткөрүлчү той. | <b type='title'>ЖЕНТЕК</b> – бала төрөлгөндө өткөрүлчү той. Жентек той башка тойлордой белгилүү бир күнгө ча­кырылган эмес. Балалуу болгон кишинин жа­кындарына бала төрөлгөнүн кабарлап жаштар, көбүнчө балдар сүйүнчүлөшүп, белек (сүйүнчү) алышкан. Сүйүнчү айтылган жана жентек жегени кел­ген киши алгач <i>көрүндүк</i> бе­рип, баланы көргөн. Кел­ген адамдарга, кошуна-ко­лоңдорго жентек үчүн күн му­рунтан камдалган сары май (карын май) бузулуп, мал союлуп, тамак-аш тарты­лып, жентек берилген. Жентек той аяктарда (2–3 аптадан соң) жентектөө башталган. Ба­лалуу болгон ата-эне менен куда-сөөк, туугандар, көңү­лү жакын жакшы санаа­лаш адамдар наристеге ки­йим, буюм, мал энчилөө менен жентектеп, баланын ата-энесине белек-бечкек беришип, алардын кубаны­чын тең бөлүшкөн. | ||
<i>А. Көчкүнов. </i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | <i>А. Көчкүнов. </i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
07:31, 23 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕНТЕК – бала төрөлгөндө өткөрүлчү той. Жентек той башка тойлордой белгилүү бир күнгө чакырылган эмес. Балалуу болгон кишинин жакындарына бала төрөлгөнүн кабарлап жаштар, көбүнчө балдар сүйүнчүлөшүп, белек (сүйүнчү) алышкан. Сүйүнчү айтылган жана жентек жегени келген киши алгач көрүндүк берип, баланы көргөн. Келген адамдарга, кошуна-колоңдорго жентек үчүн күн мурунтан камдалган сары май (карын май) бузулуп, мал союлуп, тамак-аш тартылып, жентек берилген. Жентек той аяктарда (2–3 аптадан соң) жентектөө башталган. Балалуу болгон ата-эне менен куда-сөөк, туугандар, көңүлү жакын жакшы санаалаш адамдар наристеге кийим, буюм, мал энчилөө менен жентектеп, баланын ата-энесине белек-бечкек беришип, алардын кубанычын тең бөлүшкөн.
А. Көчкүнов.