ЖЕҢИШ ПАРАДЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕҢИШ ПАРАДЫ</b> – Улуу Ата Мекендик со­гушта ( | <b type='title'>ЖЕҢИШ ПАРАДЫ</b> – Улуу Ата Мекендик со­гушта (1941–1945) СССРдин Германияны жеңге­нинин урматына 1945-жылы 24-июнда Москвада өткөн аскер парады. Ага Карел, Ленинград, 1-Прибалтика, 3-, 2-, 1-Белорус, 1-, 4-, 2-, 3-Ук­раин фронтторунун, Коргоо эл комиссариаты­нын, АДФтин, аскер академияларынын, аскер окуу жайларынын жана Москва гарнизонунун бөлүктөрү, аба күчтөрүнүн бириктирилген эскад­рильялары катышкан. | ||
өткөн аскер парады. Ага Карел, Ленинград, 1- | |||
[[File:ЖЕҢИШ ПАРАДЫ129.png | thumb | none]] | [[File:ЖЕҢИШ ПАРАДЫ129.png | thumb | none]] | ||
Аскер бөлүктөрү менен би­рикмелеринин тууларын көтөргөн фронт жана ар­мия командачылары, Советтер Союзуну Баатырлары Жеңиш парадынан өтүшкөн. Жеңиш парадына К. К. <i>Рокоссовский</i> командалык кылган, Г. К. <i>Жуков</i> кабыл ал­ган. Параддын аягында жеңилген немис-фашист аскерлеринин тууларын Мавзолейдин алдына алып келип ташташкан. 1995-жылы 9-майда Москва шаарында юбилейлик Жеңиш парады өткөн. Парад­га В. Л. Говоров командалык кылган, В. Г. Ку­ликов кабыл алган. Жеңиш туусун М. П. Один­цов көтөргөн. Бул парадга Кыргызстандан да согуш ардагерлери катышкан. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
07:46, 23 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕҢИШ ПАРАДЫ – Улуу Ата Мекендик согушта (1941–1945) СССРдин Германияны жеңгенинин урматына 1945-жылы 24-июнда Москвада өткөн аскер парады. Ага Карел, Ленинград, 1-Прибалтика, 3-, 2-, 1-Белорус, 1-, 4-, 2-, 3-Украин фронтторунун, Коргоо эл комиссариатынын, АДФтин, аскер академияларынын, аскер окуу жайларынын жана Москва гарнизонунун бөлүктөрү, аба күчтөрүнүн бириктирилген эскадрильялары катышкан.

Аскер бөлүктөрү менен бирикмелеринин тууларын көтөргөн фронт жана армия командачылары, Советтер Союзуну Баатырлары Жеңиш парадынан өтүшкөн. Жеңиш парадына К. К. Рокоссовский командалык кылган, Г. К. Жуков кабыл алган. Параддын аягында жеңилген немис-фашист аскерлеринин тууларын Мавзолейдин алдына алып келип ташташкан. 1995-жылы 9-майда Москва шаарында юбилейлик Жеңиш парады өткөн. Парадга В. Л. Говоров командалык кылган, В. Г. Куликов кабыл алган. Жеңиш туусун М. П. Одинцов көтөргөн. Бул парадга Кыргызстандан да согуш ардагерлери катышкан.