ЖАЙНАКОВА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЙНАКОВА</b> Айнек (10. 11. 1940- | <b type='title'>ЖАЙНАКОВА</b> '''Айнек''' (10. 11. 1940-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тосор айылы) – адабият­чы, филология илимдеринин кандидаты (1985), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). 1964-жылы КМУнун филология факультетин, 1968-жылы аспирантурасын бүтүргөн. 1969- жылдан Кыргыз ССР ИАнын тил ж-а адабият институтунун (азыр Ч. Айтматов атындагы тил ж-а адабият институту) Манас бөлүмүндө кызматкер. «Семетей» эпосунун тарыхый генеалогиялык негизи (1962) аттуу эмгеги манас таануу илиминдеги тарыхый са­лыштырма ыкмада жаралганы м-н баалуу. Ал «Семетей» эпосунда чагылдырылган доордун мүнөзүн ж-а андагы генеалогиялык циклдештирүү прин­цибинин өзгөчөлүгүн изилдөөгө арналган, эпос­тогу байыркы элементтердин, жомоктук, ми­фологиялык катмарлардын орун алышы фактылык материалдар м-н бекемделген. «“Сейтек” – «“Ма­нас”» үчилтигинин корутунду бөлүмү» (1984) мо­нографиясында «Сейтек» эпосунун «Манас» үчилтигиндеги орду, мааниси, тема, идея, образ­дар системасы талданат. Салттуулук м-н жеке айтуучулук чеберчиликтин карым-катышы сы­яктуу ар кыл маселеге арналган жүздөгөн макаланын автору. Ошондой эле С. Каралаевдин ва­рианты боюнча «Манастын» 1-томун, «Сейтекти» (Р. Кыдырбаева м-н бирге) түзүп, баш сөз жаз­ган. Эки томдон турган «Манас» энциклопе­диясынын авторлорунун бири. С. Каралаевдин варианты боюнча «Манастын» (4 китеп) ж-а «Се­метейдин» (4 китеп) академиялык басылышын түзүүчү ж-а адис редактору. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
Көл | |||
«Семетей» эпосунда чагылдырылган доордун мүнөзүн ж-а андагы | |||
үчилтигиндеги орду, мааниси, тема, идея, образ­дар системасы талданат. Салттуулук м-н жеке айтуучулук чеберчиликтин карым-катышы сы­яктуу ар кыл маселеге арналган жүздөгөн макаланын автору. | |||
08:11, 23 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙНАКОВА Айнек (10. 11. 1940-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тосор айылы) – адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты (1985), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). 1964-жылы КМУнун филология факультетин, 1968-жылы аспирантурасын бүтүргөн. 1969- жылдан Кыргыз ССР ИАнын тил ж-а адабият институтунун (азыр Ч. Айтматов атындагы тил ж-а адабият институту) Манас бөлүмүндө кызматкер. «Семетей» эпосунун тарыхый генеалогиялык негизи (1962) аттуу эмгеги манас таануу илиминдеги тарыхый салыштырма ыкмада жаралганы м-н баалуу. Ал «Семетей» эпосунда чагылдырылган доордун мүнөзүн ж-а андагы генеалогиялык циклдештирүү принцибинин өзгөчөлүгүн изилдөөгө арналган, эпостогу байыркы элементтердин, жомоктук, мифологиялык катмарлардын орун алышы фактылык материалдар м-н бекемделген. «“Сейтек” – «“Манас”» үчилтигинин корутунду бөлүмү» (1984) монографиясында «Сейтек» эпосунун «Манас» үчилтигиндеги орду, мааниси, тема, идея, образдар системасы талданат. Салттуулук м-н жеке айтуучулук чеберчиликтин карым-катышы сыяктуу ар кыл маселеге арналган жүздөгөн макаланын автору. Ошондой эле С. Каралаевдин варианты боюнча «Манастын» 1-томун, «Сейтекти» (Р. Кыдырбаева м-н бирге) түзүп, баш сөз жазган. Эки томдон турган «Манас» энциклопедиясынын авторлорунун бири. С. Каралаевдин варианты боюнча «Манастын» (4 китеп) ж-а «Семетейдин» (4 китеп) академиялык басылышын түзүүчү ж-а адис редактору.