ЖАЙЧЫБЕКОВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЙЧЫБЕКОВ</b> Бекбосун Карабекович (27. 11. 1948-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Корум­ду айылы – 6. 9. 2024-жыл, Бишкек шаары) – сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири (1992). Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (2007). Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын (1972), Москва полиграфия институтун бүтүргөн (1982). «Мектеп» (1983–1989), | <b type='title'>ЖАЙЧЫБЕКОВ</b> '''Бекбосун Карабекович''' (27. 11. 1948-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Корум­ду айылы – 6. 9. 2024-жыл, Бишкек шаары) – сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири (1992). Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (2007). Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын (1972), Москва полиграфия институтун бүтүргөн (1982). «Мектеп» (1983–1989), «Кыргызстан» (1996–1997), «Ада­бият» (1989–1992), «Шам» (2005–2007), «Кут аалам» (2007–2010) басмаларында улук көркөм редактор, баш­кы сүрөтчү болуп иштеген. Жайчыбеков Кыргызстандагы балдар ки­тептеринин көрүнүктүү сү­рөтчүсү. Түркмөнстан, Бела­руссия, Казакстан, Америка Кошмо Штаттары, Швейцария мамлекеттери­нин китеп басмаларынын, ошондой эле «Сорос-Кыр­гызстан» фондунун китептерин көркөмдөөгө ка­тышып, республикалык, эл аралык китеп конкурстары­нын жана көргөзмөлөрүнүн жеңүүчүсү болгон. Бал­дарга арналган жана окуу китептерин көркөм­дөөдө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (2007), Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери (2007) наамдарын алган.­ | ||
[[File:ЖАЙЧЫБЕКОВ13.png | thumb | none]] | [[File:ЖАЙЧЫБЕКОВ13.png | thumb | none]] | ||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
09:29, 23 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙЧЫБЕКОВ Бекбосун Карабекович (27. 11. 1948-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Корумду айылы – 6. 9. 2024-жыл, Бишкек шаары) – сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири (1992). Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (2007). Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын (1972), Москва полиграфия институтун бүтүргөн (1982). «Мектеп» (1983–1989), «Кыргызстан» (1996–1997), «Адабият» (1989–1992), «Шам» (2005–2007), «Кут аалам» (2007–2010) басмаларында улук көркөм редактор, башкы сүрөтчү болуп иштеген. Жайчыбеков Кыргызстандагы балдар китептеринин көрүнүктүү сүрөтчүсү. Түркмөнстан, Беларуссия, Казакстан, Америка Кошмо Штаттары, Швейцария мамлекеттеринин китеп басмаларынын, ошондой эле «Сорос-Кыргызстан» фондунун китептерин көркөмдөөгө катышып, республикалык, эл аралык китеп конкурстарынын жана көргөзмөлөрүнүн жеңүүчүсү болгон. Балдарга арналган жана окуу китептерин көркөмдөөдө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (2007), Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери (2007) наамдарын алган.
