ЖАЙЫЛ БААТЫР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(7 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЙЫЛ БААТЫР</b> , Ж а й ы л К о ң у р б а й у у л у (болжолу 1692–1779–80, Чүй өрөөнү) – солто уруусунун баатыры. Талкан бийдин небе­реси. Атасы Коңурбай дүйнөдөн кайткандан кийин атасынын бир туу­ганы <i>Кошой бийдин</i> тар­биясында калган. Кошой бий өлүп, кыргыздар Кет­мен-Төбөдөн Чүйгө көчүп келгенде (к. <i>Кыргыздар­дын Чүйгө келиши)</i> жал­пы солто уруусун Кебек бий, солто ичиндеги тал­кан уругун | <b type='title'>ЖАЙЫЛ БААТЫР</b> , '''Ж а й ы л К о ң у р б а й у у л у''' (болжолу 1692–1779–80, Чүй өрөөнү) – солто уруусунун баатыры. Талкан бийдин небе­реси. Атасы Коңурбай дүйнөдөн кайткандан кийин атасынын бир туу­ганы <i>Кошой бийдин</i> тар­биясында калган. Кошой бий өлүп, кыргыздар Кет­мен-Төбөдөн Чүйгө көчүп келгенде (к. <i>Кыргыздар­дын Чүйгө келиши)</i> жал­пы солто уруусун Кебек бий, солто ичиндеги тал­кан уругун Жайыл баатыр м-н <i>Мо­мокон</i> бийлеген (1755– 56). Кыргыз-казак ча­быштарына (1764–65-,1769-, 1773-, 1779-жыл­дар) катышып (к. <i>Абылай </i>''хандын кыргыздарга жортуулдары''), баатыр атанган. | ||
1769-, 1773-, 1779-жыл­дар) катышып (к. <i> | |||
</i> | |||
Жайыл баатыр уулдары Үсөн, Теке, Итике ж-а Момокон баатыр м-н бирге ''Абылай хан'' башын­да турган казактардын акыркы чабуулунда (1779–80) Корготу суусунун жээгинде казактар­га колго түшкөн. Момокон м-н Итикени казак­тын Жоогач баатыры ортого түшүп, сурап кал­ган. | |||
Калган уулдарына кошулуп, Жайыл баатыр өлүм жа­засына буйрулган. Кыргыздар көп жабыр тарт­кан бул кыргын Жайыл баатырдын өлүмүнө байланыштуу болгондуктан, кийин тарыхта ''Жайыл кыр­гыны'' деп аталып калган. Чүй облусунун Калинин районуна Жайыл баатырдын ысымы ыйгарылып, эстелиги орнотулган.Ад.: Жайыл баатыр: история современность и буду­щее. Материалы научно-практический конференции. Б., 2006; ''Төлөбаев М., Оморов А., Бөкөев Б.'' Жайыл баатыр. Т. 1, 2. Б., 2004–05. | |||
''Э. Турганбаев.'' | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
09:58, 23 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙЫЛ БААТЫР , Ж а й ы л К о ң у р б а й у у л у (болжолу 1692–1779–80, Чүй өрөөнү) – солто уруусунун баатыры. Талкан бийдин небереси. Атасы Коңурбай дүйнөдөн кайткандан кийин атасынын бир тууганы Кошой бийдин тарбиясында калган. Кошой бий өлүп, кыргыздар Кетмен-Төбөдөн Чүйгө көчүп келгенде (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши) жалпы солто уруусун Кебек бий, солто ичиндеги талкан уругун Жайыл баатыр м-н Момокон бийлеген (1755– 56). Кыргыз-казак чабыштарына (1764–65-,1769-, 1773-, 1779-жылдар) катышып (к. Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары), баатыр атанган.
Жайыл баатыр уулдары Үсөн, Теке, Итике ж-а Момокон баатыр м-н бирге Абылай хан башында турган казактардын акыркы чабуулунда (1779–80) Корготу суусунун жээгинде казактарга колго түшкөн. Момокон м-н Итикени казактын Жоогач баатыры ортого түшүп, сурап калган.
Калган уулдарына кошулуп, Жайыл баатыр өлүм жазасына буйрулган. Кыргыздар көп жабыр тарткан бул кыргын Жайыл баатырдын өлүмүнө байланыштуу болгондуктан, кийин тарыхта Жайыл кыргыны деп аталып калган. Чүй облусунун Калинин районуна Жайыл баатырдын ысымы ыйгарылып, эстелиги орнотулган.Ад.: Жайыл баатыр: история современность и будущее. Материалы научно-практический конференции. Б., 2006; Төлөбаев М., Оморов А., Бөкөев Б. Жайыл баатыр. Т. 1, 2. Б., 2004–05.
Э. Турганбаев.