ЖАЙЫЛМА 1: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЙЫЛМА</b> – дарыя өрөөнүнүн таманынын суу кирген мезгилде гана суунун алдында калуучу бөлүгү. Суу нугу м-н тектирдин аралыгында пайда болот. Төмөнкү (жыл сайын суу капта­ган) ж-а жогорку (бир нече жылда бир, суу өтө жогорку деңгээлге жеткенде) | <b type='title'>ЖАЙЫЛМА</b> – дарыя өрөөнүнүн таманынын суу кирген мезгилде гана суунун алдында калуучу бөлүгү. Суу нугу м-н тектирдин аралыгында пайда болот. Төмөнкү (жыл сайын суу капта­ган) ж-а жогорку (бир нече жылда бир, суу өтө жогорку деңгээлге жеткенде) жайылма болуп бөлүнөт. Жайылма суу нугунун каптал жылышууларынын не­гизинде аллювий чөгүндүлөрүнүн топтолушунан пайда болот. Жайылманын дарыя нугунан бийиктиги ондогон <i>см</i>ден бир нече <i>м</i>ге чейин жетет. Неги­зинен агын суу шилендилеринен турат. Көп учур­да топурак кыртышы калыптанып, чөп, бадал, токойлор өсөт. Кээде чымдашпаган шагыл-таш­тардан турат. Анда нукту жээктей жаткан жал­ча-дөбөлөр, байыркы меандрдын издери, кал­дык көлдөр, саздак жерлер кездешет. Түздүк аркылуу аккан дарыянын жайылмасынын туурасы ондогон <i>км</i>ге жетет. Тоо дарыяларында жайылма адат­та айрым бөлүктөрүндө гана кездешет. Жайылмада көбүнчө күрдүү аллювий топурактары өрчүйт. Табигый өсүмдүктөрдөн шалбаа, дарак-бадал­дар (тал, терек, жийде, чычырканак ж. б.) өсөт. Жайылмага чөп жакшы чыгат, ошондуктан ал жайыт, чабынды, огород катары кеңири пайдаланылат. <br>Түштүк Кыргызстанда жайылмага көбүнчө шалы эгилет. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
чабынды, огород катары кеңири пайдаланылат. | |||
<br> | |||
03:48, 26 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙЫЛМА – дарыя өрөөнүнүн таманынын суу кирген мезгилде гана суунун алдында калуучу бөлүгү. Суу нугу м-н тектирдин аралыгында пайда болот. Төмөнкү (жыл сайын суу каптаган) ж-а жогорку (бир нече жылда бир, суу өтө жогорку деңгээлге жеткенде) жайылма болуп бөлүнөт. Жайылма суу нугунун каптал жылышууларынын негизинде аллювий чөгүндүлөрүнүн топтолушунан пайда болот. Жайылманын дарыя нугунан бийиктиги ондогон смден бир нече мге чейин жетет. Негизинен агын суу шилендилеринен турат. Көп учурда топурак кыртышы калыптанып, чөп, бадал, токойлор өсөт. Кээде чымдашпаган шагыл-таштардан турат. Анда нукту жээктей жаткан жалча-дөбөлөр, байыркы меандрдын издери, калдык көлдөр, саздак жерлер кездешет. Түздүк аркылуу аккан дарыянын жайылмасынын туурасы ондогон кмге жетет. Тоо дарыяларында жайылма адатта айрым бөлүктөрүндө гана кездешет. Жайылмада көбүнчө күрдүү аллювий топурактары өрчүйт. Табигый өсүмдүктөрдөн шалбаа, дарак-бадалдар (тал, терек, жийде, чычырканак ж. б.) өсөт. Жайылмага чөп жакшы чыгат, ошондуктан ал жайыт, чабынды, огород катары кеңири пайдаланылат.
Түштүк Кыргызстанда жайылмага көбүнчө шалы эгилет.