ЖАКАРТА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАКА́РТА</b> – Индонезиянын борбор шаары. Ява | <b type='title'>ЖАКА́РТА</b> – Индонезиянын борбор шаары. Ява аралынын түндүк-батышында, бухтадагы майда арал­дарда чачыранды жайгашкан. Провинция ста­тусуна теңдеш өзгөчө борбордук район. Калкы 11,2 млн (2023). Агломерациясы м-н 34,3 млн. Аг­ломерациядагы ири шаарлары: Бекаси, Танге­ранг, Депок, Богор. Жакарта Батыш Ява провинция­сынын округдары м-н Жаботабек мегалополи­син (калкы 23 млн; 2007) түзөт. Жолдор тоо­му. Ява деңизиндеги башкы порту – Танжунг- Приок (жылына 20 млн т жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. Жакартада 100дөн ашык ЖОЖ (анын ичинде университеттер ж. б.), илим изилдөө институттары, китепка­налар, музейлер, театрлар, улуттук галерея бар. | ||
[[File:ЖАКАРТА15.png | thumb | Шаардын ишкер бөлүгү.]] | [[File:ЖАКАРТА15.png | thumb | Шаардын ишкер бөлүгү.]] | ||
Машина ж-а кеме куруу (ремонттоо), электро­ника, химия, целлюлоза-кагаз, нефть ажыратуу, тигүү, тамак-аш, текстиль, металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Банктар көп. Жакартанын аг­ломерациясы Түштүк-Чыгыш Азиядагы автомо­биль өнөр жайынын башкы борбору [негизинен авто­мобиль жыйноо; жылына 300 миңге жакын; ири заводдору: «Astra Interntional» («Toyota», | |||
Машина ж-а кеме куруу (ремонттоо), электро­ника, | «Honda», «Daihatsu», «BMW», «Nissan»), «Indomobil» («Nissan», «Volvo», «Masda» ж. б.)]. Жакартанын ордунда 5-кылымда эле тургун жай болгон деп божомолдонот. 1527-жылы султан Бантама ал жерде португалиялыктарды жеңгенде ошол жердеги Сунда-Келапа кыштагын Бантамага ко­шуп, Жаякерта («Улуу жеңиштин шаары» де­генди түшүндүрөт) атайт. Шаар 17-кылымдын ба­шында голланддар тарабынан талкаланган. 1619-жылы ушул эле жерге алар тарабынан Бата­вия чеби курулган. Анын айланасына түшкөн шаар да 1621-жылы Батавия аталган. 1945-жылы 17- августта Индонезия көз каранды эместикке ээ болгон. 1949-жылдан Батавия Жакарта аталган. Шаардын тарыхый борборунда голландиялык архитектуранын көптөгөн белгилери байкалат. Каналдар, 17– 18-кылымдардагы үйлөр, Пенанг дарбазасы, эски чир­көөлөр (17-кылымга таандык), ратуша сакталган. Ис­тикляль (1984) ж-а Нурул-Худа (2000) мечитте­ри курулган. Жакартада Азия ж-а Африка өлкөлө­рүнүн кинофестивалы, Азия (1962), Түштүк-Чыгыш Азия (1979, 1987, 1997) оюндары өткөрүлүп турат. | ||
«Honda», «Daihatsu», «BMW», | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
«Indomobil» («Nissan», «Volvo», «Masda» ж. б.)]. | |||
05:16, 26 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАКА́РТА – Индонезиянын борбор шаары. Ява аралынын түндүк-батышында, бухтадагы майда аралдарда чачыранды жайгашкан. Провинция статусуна теңдеш өзгөчө борбордук район. Калкы 11,2 млн (2023). Агломерациясы м-н 34,3 млн. Агломерациядагы ири шаарлары: Бекаси, Тангеранг, Депок, Богор. Жакарта Батыш Ява провинциясынын округдары м-н Жаботабек мегалополисин (калкы 23 млн; 2007) түзөт. Жолдор тоому. Ява деңизиндеги башкы порту – Танжунг- Приок (жылына 20 млн т жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. Жакартада 100дөн ашык ЖОЖ (анын ичинде университеттер ж. б.), илим изилдөө институттары, китепканалар, музейлер, театрлар, улуттук галерея бар.

Машина ж-а кеме куруу (ремонттоо), электроника, химия, целлюлоза-кагаз, нефть ажыратуу, тигүү, тамак-аш, текстиль, металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Банктар көп. Жакартанын агломерациясы Түштүк-Чыгыш Азиядагы автомобиль өнөр жайынын башкы борбору [негизинен автомобиль жыйноо; жылына 300 миңге жакын; ири заводдору: «Astra Interntional» («Toyota», «Honda», «Daihatsu», «BMW», «Nissan»), «Indomobil» («Nissan», «Volvo», «Masda» ж. б.)]. Жакартанын ордунда 5-кылымда эле тургун жай болгон деп божомолдонот. 1527-жылы султан Бантама ал жерде португалиялыктарды жеңгенде ошол жердеги Сунда-Келапа кыштагын Бантамага кошуп, Жаякерта («Улуу жеңиштин шаары» дегенди түшүндүрөт) атайт. Шаар 17-кылымдын башында голланддар тарабынан талкаланган. 1619-жылы ушул эле жерге алар тарабынан Батавия чеби курулган. Анын айланасына түшкөн шаар да 1621-жылы Батавия аталган. 1945-жылы 17- августта Индонезия көз каранды эместикке ээ болгон. 1949-жылдан Батавия Жакарта аталган. Шаардын тарыхый борборунда голландиялык архитектуранын көптөгөн белгилери байкалат. Каналдар, 17– 18-кылымдардагы үйлөр, Пенанг дарбазасы, эски чиркөөлөр (17-кылымга таандык), ратуша сакталган. Истикляль (1984) ж-а Нурул-Худа (2000) мечиттери курулган. Жакартада Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн кинофестивалы, Азия (1962), Түштүк-Чыгыш Азия (1979, 1987, 1997) оюндары өткөрүлүп турат.