ЖАКЫПБЕК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАКЫПБЕК</b> Ниязбек уулу (18- | <b type='title'>ЖАКЫПБЕК</b> '''Ниязбек уулу''' (18-кылымдын 2-жары­мы – 19-кылымдын 1-жарымы) – бугу уруусунун аты­нан орус падышалыгына жиберилген алгачкы элчиликтин өкүлү. 1813-жылы 7-сентябрда Миркур­бан Ниязов жетектеген кербен Семейден Турпанга (Чыгыш Түркстан) баратып, Ысык-Көл кылаа­сына токтоп өткөн. Ичинде А. Л. <i>Бубенов</i> бол­гон бул кербенди жергиликтүү бугу уруусунун төбөл­дөрү жылуу тосуп алып, тийиштүү сүйлөшүү­лөрдөн кийин Россия империясы м-н байланыш түзүү жөнүндө сибирдик бийликке расмий кайры­лууга макулдук беришкен. Кербенди кытай чек арасына чейин узаткан А. Бубенов кайра кайт­канда, бугу уруусунун манаптары Шапак, Шера­лы өз элчиси катары <i>Качыбек</i> Шералы уулун, ага Жакыпбекти кошуп, 1813-жылы 21-ноябрда Семейге жө­нөткөн. Алар 1814-жылы 5-январда Семипалатинск чебине, анан Тобольск шаарына келип, Сибирдин генерал-губернатору Г. И. Глазенаптын расмий кабыл алуусунда болуп, орустар м-н соода бай­ланышын түзүүнү ж-а кыргыздардын жери ар­кылуу Кытай, Тибет, Кашкар, Жаркент тарапка өтүүчү орус соодагерлерине жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришип, падыша м-н жо­лугуу үчүн Санкт-Петербургга жөнөтүүнү өтүнүш­көн. Бирок Санкт-Петербургдун алыстыгына байланыштуу кыргыз элчилеринин өтүнүчү ка­нааттандырылган эмес. Алар шаардагы бир ка­тар чептерди, Барнаулдагы заводдорду кыдыртып көрүшкөн. Жакыпбек элчилик ишмердиги үчүн асыл­таш чөгөрүлгөн шакек м-н сыйланган. Элчилер 1815-жылы кайтып келишкен. | ||
чебине, анан Тобольск | |||
<i>Т. Өмүрбеков. </i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
09:42, 26 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАКЫПБЕК Ниязбек уулу (18-кылымдын 2-жарымы – 19-кылымдын 1-жарымы) – бугу уруусунун атынан орус падышалыгына жиберилген алгачкы элчиликтин өкүлү. 1813-жылы 7-сентябрда Миркурбан Ниязов жетектеген кербен Семейден Турпанга (Чыгыш Түркстан) баратып, Ысык-Көл кылаасына токтоп өткөн. Ичинде А. Л. Бубенов болгон бул кербенди жергиликтүү бугу уруусунун төбөлдөрү жылуу тосуп алып, тийиштүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Россия империясы м-н байланыш түзүү жөнүндө сибирдик бийликке расмий кайрылууга макулдук беришкен. Кербенди кытай чек арасына чейин узаткан А. Бубенов кайра кайтканда, бугу уруусунун манаптары Шапак, Шералы өз элчиси катары Качыбек Шералы уулун, ага Жакыпбекти кошуп, 1813-жылы 21-ноябрда Семейге жөнөткөн. Алар 1814-жылы 5-январда Семипалатинск чебине, анан Тобольск шаарына келип, Сибирдин генерал-губернатору Г. И. Глазенаптын расмий кабыл алуусунда болуп, орустар м-н соода байланышын түзүүнү ж-а кыргыздардын жери аркылуу Кытай, Тибет, Кашкар, Жаркент тарапка өтүүчү орус соодагерлерине жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришип, падыша м-н жолугуу үчүн Санкт-Петербургга жөнөтүүнү өтүнүшкөн. Бирок Санкт-Петербургдун алыстыгына байланыштуу кыргыз элчилеринин өтүнүчү канааттандырылган эмес. Алар шаардагы бир катар чептерди, Барнаулдагы заводдорду кыдыртып көрүшкөн. Жакыпбек элчилик ишмердиги үчүн асылташ чөгөрүлгөн шакек м-н сыйланган. Элчилер 1815-жылы кайтып келишкен.
Т. Өмүрбеков.