ЖАКЫПБЕКОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАКЫПБЕКОВ</b> Ашым (12. 8. 1935, Талас | <b type='title'>ЖАКЫПБЕКОВ</b> '''Ашым''' (12. 8. 1935, Талас облусу, Кара-Буура району, Шекер айылы – 4. 6. 1994, Бишкек шаары) – жазуучу, кино сценарийчи, адабий ишмер жана котормочу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1993), Кыргыз Республикасынын Токто­гул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауре­аты (1996; көзү өткөндөн ки­йин). 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыр­гыз филологиясы факультетин бүтүргөн. | ||
Кара-Буура | |||
Бишкек) | |||
[[File:ЖАКЫПБЕКОВ20.png | thumb | none]] | [[File:ЖАКЫПБЕКОВ20.png | thumb | none]] | ||
1958–1961-жылдары «Ала- Тоо» журналынын редакция­сында бөлүм башчы, 1961– 1963-жылдары Талас облусунун Шекер айылындагы орто мектепте мугалим, 1964-жылы «Кыргыз­мамбаста» редактор-кон­сультант, 1965–1969-жылдары «Мектеп» басмасында ре­дакция башчысы, 1969–1972-жылдары «Кыргыз фильм» кино студиясынын башкы редакторунун орун ба­сары, 1972–1985-жылдары башкы редактор, 1985–1987-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунда «Манас» сектору­нун кызматкери, 1987–1993-жылдары «Кыргыз мадания­ты» гезитинин башкы редакторунун орун баса­ры, башкы редактору, 1993-жылдан «Манас - 1000» мамлекеттик дирекциясынын «Манас» эпосу боюнча башкы адиси болуп иштеген. 1961-жылы «Жа­ралуу көгүчкөн» аттуу биринчи аңгемелер жый­нагы жарык көргөн. «Катаал багыт» (1966) по­вести, «Биз атасыз өскөнбүз» (1969), «Кыргыз жеринин жомоктору» (1981), «Шаа-Ата» (1990) деген аңгемелери анын кылдат стилист, талант­туу сөз чебери экендигин айгинелейт. Жакыпбеков кыр­гыз профессионал кино өнөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө бараандуу салым кошту. Анын «Ысык-Көлдүн апийими», «Ата журт», «Айдагы жез кемпир» сыяктуу сценарийлери бар. Котормочу катары С. Цвейгдин, М. Лермонтовдун, М. Горькийдин, А. Чеховдун, ошондой эле Ч. Айтматовдун орус ти­линде жазылган чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Жакыпбеков 40 басма табактан ашык көлөмдөгү «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде кара сөз түрүндө «Теңири Манас» (1994) романын жаз­ган. «Манас» эпосун жайылтууда чоң эмгек сиңирген. Жазуучу кыргыз көркөм сөз өнөрү­нүн өнүгүүсүнө, адабий процесстин алга жылуусуна зор салым кошуп, окурманга эстетика­лык рахат, руханий азык болуп бере алган чы­ныгы көркөм чыгармаларды жаратты. Чыгар­малары орус жана башка тилдерге которулган. Туу­луп-өскөн айлындагы бир көчөгө ысмы берил­ген. | |||
«Манас» эпосунун сюжетинин негизинде кара сөз түрүндө «Теңири Манас» (1994) романын жаз­ган. «Манас» эпосун жайылтууда чоң эмгек сиңирген. Жазуучу кыргыз көркөм сөз өнөрү­нүн өнүгүүсүнө, адабий процесстин алга | |||
<i>П. Казыбаев.</i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
09:45, 26 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАКЫПБЕКОВ Ашым (12. 8. 1935, Талас облусу, Кара-Буура району, Шекер айылы – 4. 6. 1994, Бишкек шаары) – жазуучу, кино сценарийчи, адабий ишмер жана котормочу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1993), Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996; көзү өткөндөн кийин). 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн.

1958–1961-жылдары «Ала- Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1961– 1963-жылдары Талас облусунун Шекер айылындагы орто мектепте мугалим, 1964-жылы «Кыргызмамбаста» редактор-консультант, 1965–1969-жылдары «Мектеп» басмасында редакция башчысы, 1969–1972-жылдары «Кыргыз фильм» кино студиясынын башкы редакторунун орун басары, 1972–1985-жылдары башкы редактор, 1985–1987-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунда «Манас» секторунун кызматкери, 1987–1993-жылдары «Кыргыз маданияты» гезитинин башкы редакторунун орун басары, башкы редактору, 1993-жылдан «Манас - 1000» мамлекеттик дирекциясынын «Манас» эпосу боюнча башкы адиси болуп иштеген. 1961-жылы «Жаралуу көгүчкөн» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. «Катаал багыт» (1966) повести, «Биз атасыз өскөнбүз» (1969), «Кыргыз жеринин жомоктору» (1981), «Шаа-Ата» (1990) деген аңгемелери анын кылдат стилист, таланттуу сөз чебери экендигин айгинелейт. Жакыпбеков кыргыз профессионал кино өнөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө бараандуу салым кошту. Анын «Ысык-Көлдүн апийими», «Ата журт», «Айдагы жез кемпир» сыяктуу сценарийлери бар. Котормочу катары С. Цвейгдин, М. Лермонтовдун, М. Горькийдин, А. Чеховдун, ошондой эле Ч. Айтматовдун орус тилинде жазылган чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Жакыпбеков 40 басма табактан ашык көлөмдөгү «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде кара сөз түрүндө «Теңири Манас» (1994) романын жазган. «Манас» эпосун жайылтууда чоң эмгек сиңирген. Жазуучу кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүүсүнө, адабий процесстин алга жылуусуна зор салым кошуп, окурманга эстетикалык рахат, руханий азык болуп бере алган чыныгы көркөм чыгармаларды жаратты. Чыгармалары орус жана башка тилдерге которулган. Туулуп-өскөн айлындагы бир көчөгө ысмы берилген.
П. Казыбаев.