ЖАЛ ( Сокулук районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

10:43, 26 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЛ (1934-жылга чейин Ак-Буура) – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Орок айыл округу­нун борбору. Деңиз деңгээлинен 816 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 35 км түштүк-чыгыш тарапта. Пишпек темир жол беке­тинен 9 км. Кыштак 1868-жылы негизделген. Кал­кы 2791 (2022); негизинен дыйканчылыкта, баг­банчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбула­тория, дарыкана, бала бакча, клуб, китепкана, мечит бар. Эки үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.