ЖАЛ-АРЫК I: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖАЛ-АРЫК 1 to ЖАЛ-АРЫК I) |
(Айырма жок)
|
02:55, 27 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛ-АРЫК I – Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү 1– 5-кылымдарда жашаган байыркы көчмөн хунн урууларына таандык көрүстөн. Анда 700гө жакын мүрзө бар (көпчүлүгүнүн диаметри 10–20, бийиктиги 1–2 м). Маркумдардын сөөктөрүн арча табыттарга салып, казанактуу жайларга коюшкан. Карапа идиштер, жыгач чөйчөктөр, алтын беткептин (маска) калдыктары, түрдүү түспөлдөгү шурулар, коло күзгүлөр, акак таш чөгөрүлүп жасалган алтын шакек, сөйкөлөр, темир кылычтар, жаанын жебелери, айнек бокал, сооттун калдыктары табылган. 1959-, 1963-, 1968-, 1969-жылдары археолог Ы. Кожомбердиев изилдеген.