ЖАЛ-АРЫК II: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page ЖАЛ-АРЫК to ЖАЛ-АРЫК II) |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЛ-АРЫК II </b>– | <b type='title'>ЖАЛ-АРЫК II </b>– биздин заманга чейинки VI–III кылымдарда жашаган көчмөн сак урууларына таандык көрүстөн. Кет­мен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул шаарчасына жа­кын жерде жайгашкан. Ал 120 майда жана чоң мүрзөдөн турат. 1963–1964-, 1968–1969-жылдары Ы.Кожомбердиевдин жетекчилиги менен Кыргыз ССР илимдер академиясынын тарых институтунун археологиялык экспедициясы изил­деген. Мүрзөлөр төрт чарчы, аң түрүндө казы­лып, үстү арча менен жабылып, топурак жана таш менен корумдалган. Айрым мүрзөлөрдүн дөбөлөрүнүн диаметри 2500–3000 <i>м</i>ге чейин жетет. Көрүстөндөн табылган буюмдардын көбү алтын жана колодон жасалган. Алардын ичинен ба­йыркы сактардын өнөрүн изилдөөдө жолборс­тун, жылкынын сөлөкөттөрүнүн жана алтын сөй­көлөрдүн мааниси зор. Көрүстөндөн чыккан адамдын баш сөөгү калыбына келтирилип, бай­ыркы сактардын антропологиялык келбети түзүлгөн. Археологиялык табылгалар Казакстан, Түштүк Сибирь, Борбордук Азия аймактарында жашаган байыркы көчмөн элдердин буюмдарына өтө окшош келет. | ||
Ад.: <i>Кожомбердиев И.</i> Работы в зоне водохрани­лища Токтогуль­ской ГЭС // Архео­логические откры­тия 1969 года. М., 1970. | |||
Ад.: <i>Кожомбердиев И.</i> Работы в зоне водохрани­лища | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
02:56, 27 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛ-АРЫК II – биздин заманга чейинки VI–III кылымдарда жашаган көчмөн сак урууларына таандык көрүстөн. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул шаарчасына жакын жерде жайгашкан. Ал 120 майда жана чоң мүрзөдөн турат. 1963–1964-, 1968–1969-жылдары Ы.Кожомбердиевдин жетекчилиги менен Кыргыз ССР илимдер академиясынын тарых институтунун археологиялык экспедициясы изилдеген. Мүрзөлөр төрт чарчы, аң түрүндө казылып, үстү арча менен жабылып, топурак жана таш менен корумдалган. Айрым мүрзөлөрдүн дөбөлөрүнүн диаметри 2500–3000 мге чейин жетет. Көрүстөндөн табылган буюмдардын көбү алтын жана колодон жасалган. Алардын ичинен байыркы сактардын өнөрүн изилдөөдө жолборстун, жылкынын сөлөкөттөрүнүн жана алтын сөйкөлөрдүн мааниси зор. Көрүстөндөн чыккан адамдын баш сөөгү калыбына келтирилип, байыркы сактардын антропологиялык келбети түзүлгөн. Археологиялык табылгалар Казакстан, Түштүк Сибирь, Борбордук Азия аймактарында жашаган байыркы көчмөн элдердин буюмдарына өтө окшош келет.
Ад.: Кожомбердиев И. Работы в зоне водохранилища Токтогульской ГЭС // Археологические открытия 1969 года. М., 1970.