ЖАЛАЛ-АБАД КУРОРТУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЛАЛ-АБАД КУРОРТУ</b> – климаттык-баль­ | <b type='title'>ЖАЛАЛ-АБАД КУРОРТУ</b> – климаттык-баль­неологиялуу, минералдуу суу жана баткак менен дарылоо­чу курорт. Ал Жалал-Абад шаарынан 5 <i>км</i> чы­гыш тарапта, Көгарт өрөөнүндө, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 975 <i>м</i> бийикте жайгашкан. | ||
[[File:ЖАЛАЛ-АБАД КУРОРТУ26.png | thumb | none]] | [[File:ЖАЛАЛ-АБАД КУРОРТУ26.png | thumb | none]] | ||
Климаты континенттик, кышы жумшак, кары аз, январдын орточо температурасы – 2°С; жаз эрте келет; жайы ысык, кургак, июль айынын орточо температурасы 27°С. Жылдык жаан­-чачыны 460 <i>мм</i>, анын көбү жаз жана күз мезги­лине туура келет. Курорттун негизги дарылоо факторлору: минералдуу суулар, баткак жана климат. Минералдуу суулары 1877-жылы 1-жолу химиялык изилдөөдөн өткөрүлүп, дарылык касиети аныкталган. Курорт 1939-жылдан жыл бою үзгүлтүксүз иштейт. Ысыктыгы 44°Сге жеткен минералдуу суунун курамында азот газы, хло­рид-сульфат-гидрокарбонат натрий-кальций бар (кара, <i>Жалал-Абад минералдуу суусу</i>). Минералдуу суу ванна, душ алуу жана ичүү жолдору менен да­рыланууга пайдаланылат. Баткак менен дарыло­одо аппликация, тампон жана баткакты электр тогу менен айкалыштырып жүргүзүлөт (кара, <i>Жа­лал-Абад баткак кени</i>). Курортто муун, борбордук жана четки нерв системасынын ооруларынан, ка­рын, боор, өт баштыкчасынын сезгенүүсүнөн, тери, бөйрөк, гинекологиялык оорулардан жапа чек­кендер дарыланат. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
үзгүлтүксүз иштейт. Ысыктыгы 44°Сге жеткен минералдуу суунун курамында азот газы, хло­рид-сульфат-гидрокарбонат натрий-кальций бар ( | |||
07:38, 27 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛАЛ-АБАД КУРОРТУ – климаттык-бальнеологиялуу, минералдуу суу жана баткак менен дарылоочу курорт. Ал Жалал-Абад шаарынан 5 км чыгыш тарапта, Көгарт өрөөнүндө, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 975 м бийикте жайгашкан.

Климаты континенттик, кышы жумшак, кары аз, январдын орточо температурасы – 2°С; жаз эрте келет; жайы ысык, кургак, июль айынын орточо температурасы 27°С. Жылдык жаан-чачыны 460 мм, анын көбү жаз жана күз мезгилине туура келет. Курорттун негизги дарылоо факторлору: минералдуу суулар, баткак жана климат. Минералдуу суулары 1877-жылы 1-жолу химиялык изилдөөдөн өткөрүлүп, дарылык касиети аныкталган. Курорт 1939-жылдан жыл бою үзгүлтүксүз иштейт. Ысыктыгы 44°Сге жеткен минералдуу суунун курамында азот газы, хлорид-сульфат-гидрокарбонат натрий-кальций бар (кара, Жалал-Абад минералдуу суусу). Минералдуу суу ванна, душ алуу жана ичүү жолдору менен дарыланууга пайдаланылат. Баткак менен дарылоодо аппликация, тампон жана баткакты электр тогу менен айкалыштырып жүргүзүлөт (кара, Жалал-Абад баткак кени). Курортто муун, борбордук жана четки нерв системасынын ооруларынан, карын, боор, өт баштыкчасынын сезгенүүсүнөн, тери, бөйрөк, гинекологиялык оорулардан жапа чеккендер дарыланат.