ЖАЛАЛ-АБАД МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЛАЛ-АБАД МИНЕРАЛДУУ СУУСУ</b> – Жа­лал-Абад | <b type='title'>ЖАЛАЛ-АБАД МИНЕРАЛДУУ СУУСУ</b> – Жа­лал-Абад облусундагы дарыланууга жарамдуу минералдуу ысык суу булактары. Жалал-Абад шаарынан 5 <i>км</i> түндүк-чыгыш тарапта, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 980 <i>м</i> бийик­те жайгашкан. Суу жергиликтүү элге илгертен белги­лүү. Алгачкы геологиялык ж-а гидрогеологиялык изилдөөлөр 1915-жылы башталган. Булактар чыккан жерде ан­тропогендин лёсс сымал кум-топурагы (калың­дыгы 30 <i>м</i>), юра ж-а бор мезгилдеринде пайда болгон гравелит, кумдук, алевролит, чопо, кон­гломерат ж. б. чөкмө тектер кездешет. Аларды альп тектогенези бүктөлүүгө дуушар кылып, ан­тиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Суу ан­тиклиналга жарыш орун алган тектоникалык жарака зоналары аркылуу жер бетине булак түрүндө жана бургулоо көзөнөгүнөн (75–130 <i>м</i> тереңдик­тен) агып чыгат. Мында Айып-Булак, Кыз-Бу­лак, Ак-Булак, Жаңы-Булак, Шор-Булак, Узун- Жылга, Чаңгыр-Таш деп аталган 7 булак бар (суткалык дебити 1800 <i>м</i><sup>3</sup>). Суу ээлеген катмар­дын астында ж-а үстүндө чопо катмары жатат. Суунун температурасы 21–43,5°С, жалпысынан суунун курамы сульфат-гидрокарбонат-хлорид­натрий-кальцийлүү, чала жегичтүү (рН = 7,0– 7,5). Суу тунук, тузсуз, даамсыз, аз минералдаш­кан (1,2–7,4 <i>г/л</i>). Бир аз бром, бор, марганец, темир, фосфор, фтор ж-а орг. заттар бар. Крем­ний кислотасы 35,0 <i>мг/л</i>, көмүр кислотасы 35,0 <i>мг/л</i>, күкүрттүү суутек 2,0 <i>мг/л</i>ге чейин. Азот 97,1%. Дебити 21 <i>л/сек</i> (1965). Суу ашказан, боор, өт ооруларына ж. б. дарттарга шыбаа. Имараттар­ды жылытууга, ичүүгө да пайдаланылат. Анын базасында <i>Жалал-Абад курорту</i> иштейт. Беки­тилген кору 1,814 миң <i>м</i><sup>3</sup>/суткасына. | ||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
07:57, 27 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛАЛ-АБАД МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Жалал-Абад облусундагы дарыланууга жарамдуу минералдуу ысык суу булактары. Жалал-Абад шаарынан 5 км түндүк-чыгыш тарапта, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 980 м бийикте жайгашкан. Суу жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Алгачкы геологиялык ж-а гидрогеологиялык изилдөөлөр 1915-жылы башталган. Булактар чыккан жерде антропогендин лёсс сымал кум-топурагы (калыңдыгы 30 м), юра ж-а бор мезгилдеринде пайда болгон гравелит, кумдук, алевролит, чопо, конгломерат ж. б. чөкмө тектер кездешет. Аларды альп тектогенези бүктөлүүгө дуушар кылып, антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Суу антиклиналга жарыш орун алган тектоникалык жарака зоналары аркылуу жер бетине булак түрүндө жана бургулоо көзөнөгүнөн (75–130 м тереңдиктен) агып чыгат. Мында Айып-Булак, Кыз-Булак, Ак-Булак, Жаңы-Булак, Шор-Булак, Узун- Жылга, Чаңгыр-Таш деп аталган 7 булак бар (суткалык дебити 1800 м3). Суу ээлеген катмардын астында ж-а үстүндө чопо катмары жатат. Суунун температурасы 21–43,5°С, жалпысынан суунун курамы сульфат-гидрокарбонат-хлориднатрий-кальцийлүү, чала жегичтүү (рН = 7,0– 7,5). Суу тунук, тузсуз, даамсыз, аз минералдашкан (1,2–7,4 г/л). Бир аз бром, бор, марганец, темир, фосфор, фтор ж-а орг. заттар бар. Кремний кислотасы 35,0 мг/л, көмүр кислотасы 35,0 мг/л, күкүрттүү суутек 2,0 мг/лге чейин. Азот 97,1%. Дебити 21 л/сек (1965). Суу ашказан, боор, өт ооруларына ж. б. дарттарга шыбаа. Имараттарды жылытууга, ичүүгө да пайдаланылат. Анын базасында Жалал-Абад курорту иштейт. Бекитилген кору 1,814 миң м3/суткасына.