ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |

(5 intermediate revisions by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ | ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Кыргызстандын түштүк-ба­тыш бөлүгүн ээлейт. 1924–26-жылдарда округ, 1926– 28-жылдарда кантон болгон; 1928-жылы Ош округуна би­риктирилген. 1939-жылы 21-ноябрда облус катары уюшулган; 1959-ж. 27-январда жоюлуп, Ош облусуна кошулган, 1990-жылы 14-декабрда кайра өз алдынча облус болгон. Түндүгүнөн Талас, Чүй, чыгышынан Нарын, түштүгүнөн Ош облуста­ры, түштүк-батышынан ж-а батышынан Өзбекстан м-н чектешет. Административдик-аймактык жактан 8 районго (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал), 68 айыл өкмөткө бөлүнөт. Анда 7 шаар, 7 шаарча, 414 айыл бар. Аянты 33,7 миң км2 (өлкөнүн аянтынын 16,9%и). Калкы 1,3 млн. (2022). | ||
өз алдынча облус болгон. Түндүгүнөн Талас, Чүй, | |||
чыгышынан Нарын, түштүгүнөн Ош облуста­ры, | |||
'''Табияты.''' Облустун аймагынын басымдуу бө­лүгү Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун, бир аз бөлүгү (Тогуз-Торо ойдуңу) Ички Теңир-Тоонун аймак­тарынан орун алган. Алар негизинен Фергана өрөөнүн түндүгүнөн курчаган бийик, орто би­йик ж-а жапыз тоолор, жалдар, дөңсөөлөр, адырлар тилкеси, тоо этегиндеги жантайыңкы түздүктөр ж-а тоо аралык өрөөндөр болуп са­налат. Деңиз деңгээлинен эң бийик жери 4503 м (Чат­кал кырка тоосундагы Авлетим чокусу), эң жапыз жери 600 м (Базар-Коргон районунун айма­гында). Облустун түндүк-батыш, түндүк ж-а чыгыш чет жакалары боюнча Батыш ж-а Ички Теңир-Тоо системаларына кирген бийик кырка тоолор – Чаткал (бийиктиги 4503 м), Суусамыр-Тоо, Мол­до-Тоо (түштүк капталдары) созулуп жатат. Облус­тун борбордук бөлүгүн Фергана (түндүк-батышын), Коч­кор-Төбө, Ат-Ойнок, Исфан-Жайлоо, Чаак-Тоо, Бабаш-Ата кырка тоолору ээлеп, түштүк-батыш­ты карай жайпаң рельефтүү этек тоолорго өтөт. Фергана өрөөнүн түндүктөн торогон тоолордо дарыя өрөөндөрү ж-а салыштырмалуу бийиктиги 100–400 мге жеткен адыр-дөңсөөлөр кезектешип жайгашат. Дарыя алаптарын Көгарт (мында облустун борбору – Жалал-Абад шаары жайгашкан), Кара-Үңкүр, Нанай (Пачатанын алабы), Ала-Бу­ка өрөөндөрү ээлейт. Облустун курамына ошондой эле | |||
Облустун аймагынын басымдуу бө­лүгү | |||
өрөөнүн түндүгүнөн курчаган бийик, орто би­йик ж-а жапыз тоолор, жалдар, дөңсөөлөр, адырлар тилкеси, тоо этегиндеги жантайыңкы түздүктөр ж-а тоо аралык өрөөндөр болуп са­налат. Деңиз | |||
чет жакалары | |||
системаларына кирген бийик кырка тоолор – | |||
Чаткал ( | |||
[[File:ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ30.png | thumb | Очок-Жар аскалары.]] | [[File:ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ30.png | thumb | Очок-Жар аскалары.]] | ||
обочороок жайгашкан тоо аралык ири өрөөн­дөр – Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо ж-а Чаткал ой­дуңдары да кирет. Кетмен-Төбө ж-а Тогуз-Торо ойдуңдары облустун Фергана өрөөнүнө караган негизги бөлүгүнөн Фергана ж-а Ат-Ойнок, Чат­кал өрөөнү Чаткал кырка тоолору аркылуу бө­лүнүп турат. | обочороок жайгашкан тоо аралык ири өрөөн­дөр – Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо ж-а Чаткал ой­дуңдары да кирет. Кетмен-Төбө ж-а Тогуз-Торо ойдуңдары облустун Фергана өрөөнүнө караган негизги бөлүгүнөн Фергана ж-а Ат-Ойнок, Чат­кал өрөөнү Чаткал кырка тоолору аркылуу бө­лүнүп турат.
Кырка тоолору байыркы кристаллдык тоо тектерден (гранит, порфир), ал эми тоо каптал­дары ж-а тоо аралык ойдуңдары карбон, девон ж-а палеоген-неоген мезгилдеринде пайда бол­гон чөкмө тектерден түзүлгөн. Кен байлыкта­рынын ичинен облус отун-энергетика ресурс­тарына бай. Нарын дарыясында ГЭС каскады (Токто­гул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч- Коргон) бар; Камбар-Ата I, II ГЭСтери курулуу­да. Таш көмүр Көк-Жаңгак, Таш-Көмүрдөн ка­зылып алынат. Нефть м-н табигый газ кендери Чаңгыр-Таш, Майлы-Суу, Избаскен, Кочкор-Атадан чыгат. Андан сырткары сурьма (Терек кени), полиметалл (Сумсар кени), марганец кен­ташы (Кара-Алма суусунун төмөнкү агымында) ж. б. кендер да бар. Металл эмес кен байлык­тардан озокерит (Майлы-Сай), гипс (Сузак районун­да) ж. б. кендер чыгат. Ысык ж-а минералдуу булактар чыккан жерлер да арбын (Жалал-Абад, Майлы-Суу ж. б.). Облустун аймагы рекреа­циялык ресурстарга бай; мында туристтерди кы­зыктыруучу Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара- Алма, Сары-Челек, Пачата сыяктуу кооз жер­лер бар.
Тоолордун орографиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү арк­тикалык суук ж-а континенттик аба массала­рынын аймактын климатына тийгизген тааси­рин кыйла басаңдатат. Жай мезгилинде бийик кырка тоолор Орто ж-а Борбордук Азия чөлдөрүнүн аптабын кыйла серүүндөтөт. Бирок, батыштан соккон аба агымы ж-а анын түндүк-батыш, түштүк - батыш салаалары Түндүк ж-а Чыгыш Ферганага тоскоолсуз кирип, облустун аймагына ж-а анын түрдүү ландшафттык зоналарына жагымдуу аба ырайын түзөт. Ички Теңир-Тоодо жайгашкан Кетмен-Төбө ж-а Тогуз-Торо өрөөндөрүнүн кли­маты облустун Фергана өндүрү жак бөлүгүнө ка­раганда кыйла башкачараак. Бул өрөөндөрдө муздак тоо абасы туруп калат; декабрдан март­ка чейинки температурасынын орточо максимуму Түштүк Кыргызстандын башка метеорологиялык станцияларыныкы­на караганда 10°Сге төмөн болот. Жаан-чачын режими окшош болгондугуна карабастан, жаа­ган жаан-чачындын өлчөмү м-н абанын темп­ературасынын ортосунда айырмачылык сөзсүз болот. Аймактын деңиз деңгээлинен бийиктигине, тоо кап­талдарынын экспозицияларына ж-а рельефинин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жайы ысык, жылуу, серүүн же суук болушу мүмкүн. Июл­дун орточо температурасы этек тоо-адырлуу зонада 25– 22°С, жапыз тоолуу зонада 22–15°С, орто бийик тоолуу зонада 15–10°С, бийик тоолуу зонада 10– 5°С, нивалдык-гляциалдык зонада 5–0°С. Жай­дын биринчи жарымы жаанчыл, экинчи жары­мы ж-а күз маалы өтө кургакчыл. Кышы жал- | ||

Кырка тоолору байыркы кристаллдык тоо тектерден (гранит, порфир), ал эми тоо каптал­дары ж-а тоо аралык ойдуңдары карбон, девон ж-а палеоген-неоген мезгилдеринде пайда бол­гон чөкмө тектерден түзүлгөн. Кен байлыкта­рынын ичинен облус отун-энергетика ресурс­тарына бай. Нарын | |||
Чаңгыр-Таш, Майлы-Суу, Избаскен, Кочкор- | |||
Атадан чыгат. Андан сырткары сурьма (Терек кени), полиметалл (Сумсар кени), марганец кен­ташы (Кара-Алма суусунун төмөнкү агымында) ж. б. кендер да бар. Металл эмес кен байлык­тардан озокерит (Майлы-Сай), гипс (Сузак | |||

Тоолордун | |||
өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жайы ысык, жылуу, серүүн же суук болушу мүмкүн. Июл­дун | |||
[[File:ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ31.png | thumb | Арстанбап өрөөнү. Арткы планда Арстанбап кыштагы.]] | [[File:ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ31.png | thumb | Арстанбап өрөөнү. Арткы планда Арстанбап кыштагы.]] | ||
пысынан мелүүн-суук, январдын | пысынан мелүүн-суук, январдын орточо температурасы – 3°Сден –15°Сге чейин. Эң төмөнкү температура бийик тоолуу ойдуңдарда адатта – Кызыл-Жарда (Тар ойдуңу) абсолюттук минимум –40,9°С, Чаткалда – 39,8°С, ал эми ушул эле мезгилде муздак аба туруп калган ойдуңдарда – Ошто –25,9°С, Кер­бенде (1280 м бийиктикте) –26,1°С гана болот. Ушундай эле кубулуш кышында Фергана өрөө­нүндө да температуралык инверсияга байланыштуу пайда болот; тоолордо ойдуңдарга караганда жылуураак келет. Атмосфералык жаан-чачын бийиктик зоналуулук боюнча өзгөрөт ж-а ал ным алып ке­лүүчү аба агымдарына карата жайгашуу экспо­зициясына байланыштуу. Фергана, Ат-Ойнок, Талас Ала-Тоолорунун түштүк-батыш капталда­рында жаан-чачын 500–900 мм ж-а андан да мол жаайт. Токой-шалбаалуу талаа алкагында мелүүн-жылуу ж-а нымдуу жер ортолук деңиз­дик климат мүнөздүү, жаан-чачындын жылдык өлчөмү 500 ммден 900 ммге чейин, анын 50%и вегетация мезгилине туура келет. Чаткал сис­темасына кирген тоолор орографиялык жактан ыктоо­до жайгашкандыктан, жаан-чачынга салыш- | ||
өлчөмү 500 ммден 900 ммге чейин, анын 50%и вегетация мезгилине туура келет. Чаткал сис­темасына кирген тоолор | |||
[[File:ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ32.png | thumb | none]] | [[File:ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ32.png | thumb | none]] | ||
тырмалуу жарды (400–500 мм), ал эми Чаткал кырка тоосунун | тырмалуу жарды (400–500 мм), ал эми Чаткал кырка тоосунун түштүк-батыш капталына тоо аралык ички ойдуңдарындагыдай эле 300– | ||
400 мм гана жаан-чачын жаайт. Жаан-чачын эң мол жааган мезгили жаз маалы, анын жыл­дык өлчөмүнүн 60%тен ашыгы кыш-жаз мезги­лине туура келет, август-сентябрь эң аз жааган мезгил. Жаан-чачын көбүнчө жамгыр түрүндө жаайт. Тоолордо 2500–3000 мден жогору кар­дын өлчөмү кыйла зор (жылдык жаан-чачын­дын 30–50%). Кар катмарынын калыңдыгы тоо этеги-адырлуу зонада 20–25 смден, бийик тоо­лордо 90–100 смге чейин жетет. Фергана тоо тиз­мегинин кыр бөлүгүнө жакын кардын калың­дыгы 150 смдей болот. | 400 мм гана жаан-чачын жаайт. Жаан-чачын эң мол жааган мезгили жаз маалы, анын жыл­дык өлчөмүнүн 60%тен ашыгы кыш-жаз мезги­лине туура келет, август-сентябрь эң аз жааган мезгил. Жаан-чачын көбүнчө жамгыр түрүндө жаайт. Тоолордо 2500–3000 мден жогору кар­дын өлчөмү кыйла зор (жылдык жаан-чачын­дын 30–50%). Кар катмарынын калыңдыгы тоо этеги-адырлуу зонада 20–25 смден, бийик тоо­лордо 90–100 смге чейин жетет. Фергана тоо тиз­мегинин кыр бөлүгүнө жакын кардын калың­дыгы 150 смдей болот.
Облустун аймагы, айрыкча Фергана тоо тиз­мегинин капталдары агын суу тармагынын жыштыгы ж-а алардын суусунун молдуулугу м-н айырмаланат. Ири дарыялары: Нарын, Чат­кал, Кара-Дарыя. Нарын дарыясы Фергана тоо тизме­гинин тармактарын ж-а Чаак-Тоону кесип агат. Облустун чегинде Нарынга сол тараптан Көк- Ирим, Кемпир-Ата, Ничке-Сай ж. б., оң тарап­тан Толук, Торкен, Чычкан, Узун-Акмат, Кара- Суу ж. б. суулар куят. Бул суулар терең өрөөндөр м-н шар агып, нуктарында босоголор көп. Фер­гана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан агып түшкөн суулардын бардыгы Кара-Дарыя­нын оң куймалары – Чаңгет, Көгарт, Кара-Үңкүр, Майлы-Суу ж. б. Ал эми облустун баты­шындагы Пачата, Чанач, Касан-Сай, Сумсар суулары Сыр-Дарыяга оң тараптан куят. Чат­кал дарыясы Талас Ала-Тоосунун түштүк-батыш капта­лынан башталып, төмөнкү агымында кууш ж-а терең шаңшаардан чыга беришинде Пскем суусу м-н кошулуп, Чырчык дарыясын түзөт. Анын ири куймалары: Чандалаш, Терс, Кара-Корум, Теректи-Сай ж. б. Облустун дарыялары суу энер­гиясына өтө бай; Нарын дарыясына ГЭС каскады суу сактагычтары м-н курулган. Дарыя суулары дээрлик сугатка пайдаланылат. Чаткал кырка тоосунун түндүк-чыгышындагы этек тоолорунда – Сары-Челек, Көгала, Кара-Суу ж. б., Чаак-Тоо­нун түштүк капталдарында Кара-Көл ж. б. көл­дөрүнүн, дарыя өрөөндөрүн көчкү бөгөп калы­шынан пайда болгон тоо көлдөрү бар.
Аймактын топурак-өсүмдүктөрү өтө ар түрдүү келип, таралышына бийиктик алкактуулук мүнөздүү . Облустун аймагынын эң жапыз бөлүгүн (деңиз деңгээлинен 500–900 м бийиктикте) шы­бак-эфемердүү чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү (ак шыбак, ыраң, баялыш ж. б.) ээлеп, анда ачык боз ж-а кадимки боз топурактар өөрчүйт. Бул топурактарга аз кесекчелүү борпоң струк­тура мүнөздүү, чириндиси салыштырмалуу аз, ал эми минералдык сиңимдүү заттары арбын. Сугарганда түрдүү маданий өсүмдүктөр жакшы өсөт. Талаа өсүмдүктөрү бийик адырларды, ай­рым жерлерде жапыз тоолорду ээлеп, деңиз деңгээлинен | ||

Облустун аймагы, айрыкча Фергана тоо тиз­мегинин капталдары агын суу тармагынын жыштыгы ж-а алардын суусунун молдуулугу м-н айырмаланат. Ири дарыялары: Нарын, Чат­кал, Кара-Дарыя. Нарын | |||
Үңкүр, Майлы-Суу ж. б. Ал эми облустун баты­шындагы Пачата, Чанач, Касан-Сай, Сумсар суулары Сыр-Дарыяга оң тараптан куят. Чат­кал | |||

Аймактын топурак-өсүмдүктөрү өтө ар түрдүү | |||
келип, таралышына бийиктик алкактуулук мүнөздүү . | |||
өсөт. Талаа өсүмдүктөрү бийик адырларды, ай­рым жерлерде жапыз тоолорду ээлеп, деңиз | |||
[[File:ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ33.png | thumb | Фергана тоо тизмегиндеги арча токою.]] | [[File:ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ33.png | thumb | Фергана тоо тизмегиндеги арча токою.]] | ||
900–1300 м бийиктиктеги кеңири тилкени кам­тыйт. Чириндиси салыштырмалуу мол күңүрт боз топурак басымдуу. Өсүмдүктөрдөн пияз, түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, | 900–1300 м бийиктиктеги кеңири тилкени кам­тыйт. Чириндиси салыштырмалуу мол күңүрт боз топурак басымдуу. Өсүмдүктөрдөн пияз, түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, ошондой эле шыбак, сарындыз өсөт. Ушул эле зонада талаа ж-а шалбаа өсүмдүктөрүнүн арасында ксерофит­тик сейрек токой, жыгач мистенин массивдери, сейрек долоно кездешет.
Деңиз деңгээлинен 1000–2200 м бийиктикте токой­луу талаа зонасы жайгашкан. Мында жаңгак­-мөмө-жемиш токою талаалашкан шалбаалуу, бадалдуу, сейрек алмалуу жерлер м-н кезекте­шип жатат. Токой астында кара коңур токой, бадалдар, шалбаа ж-а талаа өсүмдүктөрүнүн ас­тында күңүрт боз тоо-талаа топурактары өөр­чүйт. Жаңгак токоюнун астында өөрчүгөн то­пурак өзгөчө касиетке ээ: чириндиге бай, ал то­пуракка каралжын өң берип турат, жаңгак сы­мал структуралуу, ным сыйымдуулугу өтө зор ж. б. Ошого байланыштуу, капталдардын кый­ла эңкейиштигине карабай агын суулар жокко эсе, кар ж-а жамгыр суулары бүт кыртышка сиңип кетет. Облустун аймагынын зор аянтын (700 миң га) ээлеген жаңгак-мөмө-жемиш то­коюнун чарбалык мааниси өтө зор. Ал токой­лор Фергана ж-а Чаткал кырка тоолорунун Фер­гана өрөөнүн караган этек тоолорун ээлейт. Ай­рым жаңгак дарактары бириндеп 800 м би­йиктиктен эле кездеше баштайт. Жаңгак то­кою деңиз деңгээлинен 1000–1200 мден 1800–1900 м би­йиктикке чейин эң кеңири таралган. Жаңгак токоюнун арасында алма, алча, айвансары, ка­рагат, итмурун, изирик ж. б. дарак-бадал өсүм­дүктөрү өсөт. Андан жогору 2200 м бийиктикке чейин да бирин-серин жаңгак дарактары кез­дешет. Жаңгак токоюнун чет жакаларында жа­пайы мөмө-жемиш дарактары – алмурут, алча, бадам, жүзүм ж. б. өсөт. Токой өсүмдүктөрү тоо капталдарынын түштүк, ошондой эле чыгыш экспозиция­ларынан башка бүт беттеринде өсүп, алар неги­зинен жаңгак ж-а жапайы мөмө-жемиш да­рактарынан турат. Токойлуу талаа зонасынын ачык түш. ж-а бир аз чыгыш капталдары эфе­мероиддүү шалбаа ж-а талаа м-н капталган; аюу чач, пияз түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, ак сокто, кылкансыз түбү бош ж. б. үстөмдүк кылат. Түрдүү чөп өсүмдүктөрүнөн би­йик чатыр гүлдүүлөр – аюу чач, шашыр өсөт. Кеңири аймакты ээлеген шалбаалуу талаанын бул бөлүктөрү негизинен кеч жаздагы жайкы жайыт катары пайдаланылат. Бул зонанын жантайыңкы капталдарында ж-а жайык кыр­ларында кайрак эгин эгилет.
Субальп зонасы 2000–3000 м бийиктикти ээлейт. Мында субальп шалбаасы ж-а карагай, көк карагай, арча, кайың ж. б-дан турган то­кой өсүмдүктөрү кеңири таралган. Субальп зо­насында күңүрт түстөгү тоо-токой ж-а тоо-шал­баа-талаанын күрөң, чанда кара топурак сымал топурак типтери өөрчүйт. Чөп өсүмдүктөрдөн флёмис, крестовник, шимүүр, түлкү куйрук, ак сокто ж. б. өсөт. Субальп шалбаасы жайкы жа­йыт катары кеңири пайдаланылат. Альп зона­сы кырка тоолордун бийик (3000 мден жогору) бөлүгүн ээлейт. Анда чымдак-чала чымдашкан тоо-шалбаа альп топурактары өөрчүйт. Зонанын басымдуу бөлүгүн аска, корум таш-шагылдар, чакан бөлүгүн альп шалбаасы ээлейт. Альп өсүмдүктөрүнүн ичинен эң кеңири таралганы көбүргөн басымдуулук кылган фитоценоздор болуп саналат. Көбүргөн м-н кошо каз таман, козу кулак, таран ж. б. да өсөт. Альп шалбаа зонасы кыска мезгилге жайыт катары пайда­ланылат. | ||

Деңиз | |||
чейин да бирин-серин жаңгак дарактары кез­дешет. Жаңгак токоюнун чет жакаларында жа­пайы мөмө-жемиш дарактары – алмурут, алча, бадам, жүзүм ж. б. өсөт. Токой өсүмдүктөрү тоо капталдарынын | |||
ачык түш. ж-а бир аз чыгыш капталдары эфе­мероиддүү шалбаа ж-а талаа м-н капталган; аюу чач, пияз түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, ак сокто, кылкансыз түбү бош ж. б. | |||
үстөмдүк кылат. Түрдүү чөп өсүмдүктөрүнөн би­йик чатыр гүлдүүлөр – аюу чач, шашыр өсөт. Кеңири аймакты ээлеген шалбаалуу талаанын бул бөлүктөрү негизинен кеч жаздагы жайкы жайыт катары пайдаланылат. Бул зонанын жантайыңкы капталдарында ж-а жайык кыр­ларында кайрак эгин эгилет. | |||

Субальп зонасы 2000–3000 м бийиктикти ээлейт. Мында субальп шалбаасы ж-а карагай, көк карагай, арча, кайың ж. б-дан турган то­кой өсүмдүктөрү кеңири таралган. Субальп зо­насында күңүрт түстөгү тоо-токой ж-а тоо-шал­баа-талаанын күрөң, чанда кара топурак сымал топурак типтери өөрчүйт. Чөп өсүмдүктөрдөн флёмис, крестовник, шимүүр, түлкү куйрук, ак сокто ж. б. өсөт. Субальп шалбаасы жайкы жа­йыт катары кеңири пайдаланылат. Альп зона­сы кырка тоолордун бийик (3000 мден жогору) бөлүгүн ээлейт. Анда чымдак-чала чымдашкан тоо-шалбаа альп топурактары өөрчүйт. Зонанын басымдуу бөлүгүн аска, корум таш-шагылдар, | |||
чакан бөлүгүн альп шалбаасы ээлейт. Альп | |||
өсүмдүктөрүнүн ичинен эң кеңири таралганы көбүргөн басымдуулук кылган фитоценоздор болуп саналат. Көбүргөн м-н кошо каз таман, козу кулак, таран ж. б. да өсөт. Альп шалбаа зонасы кыска мезгилге жайыт катары пайда­ланылат. | |||
'''Калкы.''' Облустун калкы республиканын калкынын 18,7%ин (2009; 993,8 миң) түзөт. Анын 23,0%и (228,3 миң) шаарларда, калган 76,0%и (765,5 миң) айыл-кыштактарда турат. Калкынын са­ны боюнча республикада Ош облусунан кийин 2-орунда. Көп улуттуу; басымдуу бөлүгү кыргыздар (2006; 71,0%), ошондой эле өзбек (24,6%), орус (1,2%), та­жик (0,6%), түрк (0,6%), татар (0,5%), украин (0,1%) ж. б. улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Калктын орточо жыштыгы жалпы республиканыкына караганда бир аз жогору: 1 км2 жерге 29 адам (республикада 26) туура келет. Шаарлары: Жалал-Абад (облустун борбору, 97,2 миң), Таш-Көмүр (31,7 миң), Кара-Көл (20,8 миң), Майлы-Суу (22,8 миң), Кочкор-Ата (14,8 миң), Кербен (13,2 миң), Көк-Жаңгак (9,3 миң); шаарчалары: Кызыл-Жар (2,6), Кетмен-Төбө (1,9 миң), Көк-Таш (2,7 миң), Сумсар (6,0 миң), Терек-Сай (2,4 миң), Токтогул (16,4 миң), Шамалды-Сай (9,5 миң). Облустун калк көп жашаган айылдары (2009-жылкы эл кат­тоо): Базар-Коргон (33,4 миң киши), Сузак (24,0 миң), Масы (13,9 миң), Казарман (9,5 миң), Ала- Бука (10,8 миң), Каныш-Кыя (2,4 миң).
Облустун жалпы калкынын жаш курактары боюнча бөлүнүшү: 16 жашка чейинки жаштардын саны 2006-жылы 388,1 миң адам (жалпы калктын 40,1%), эмгекке жарактуулары – 510,4 миң (53,1%), эмгек жашынан өткөндөр – 62,3 миң (6,5%). | |||
Облустун калкы | |||
18,7%ин (2009; 993,8 миң) түзөт. Анын 23,0%и (228,3 миң) шаарларда, калган 76,0%и (765,5 миң) айыл-кыштактарда турат. Калкынын са­ны | |||
миң), Кара-Көл (20,8 миң), Майлы-Суу (22,8 миң), Кочкор-Ата (14,8 миң), Кербен (13,2 миң), Көк-Жаңгак (9,3 миң); шаарчалары: Кызыл-Жар (2,6), Кетмен-Төбө (1,9 миң), Көк-Таш (2,7 миң), Сумсар (6,0 миң), Терек-Сай (2,4 миң), Токтогул (16,4 миң), Шамалды-Сай (9,5 миң). Облустун калк көп жашаган айылдары (2009- | |||

Облустун жалпы калкынын жаш курактары | |||
(53,1%), эмгек жашынан өткөндөр – 62,3 миң (6,5%). | |||
'''Экономикасы.''' Жалал-Абад облусу – экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада Чүй облусунан кийинки 2-регион. Анын өнүгүшүн өнөр жай, айыл чарба, куру­луш, транспорт ж-а байланыш, соода ж-а коом­дук тамактануу тармактары, ал эми социалдык өсүшүн тейлөө кызмат, билим ж-а илим, сала­маттык сактоо, маданият ж. б. тармактарынын дең­гээли аныктайт. Бул тармактар базар экономи­касынын шартына ылайык ар түрлүү менчикке тиешелүү өндүрүштүк же тейлөөчү ишкана ж-а мекемелерден (өнөр жайы чакан ж-а өнөктөш ишка­налар, кооперациялар, акционердик коомдор, биржа ж-а фирмалар, дыйкан ж-а фермер чар­балары, ошондой эле жеке дыйкан чарбалары) ж. б. өзүнчө ээлик кылуучу субъектилерден турат.
Облуста 2009-жылдын башында чарба жүргү­зүүчү субъектилердин саны 110202 болгон. Алар­дын 2,2%и мамлекеттик менчиктеги, 2,1%и – комму­налык ж-а 95,7%и жеке менчиктеги ишкана­лар. Ишканалар түрлөрү боюнча ири (0,3%), орто (0,5%) ж-а чакан (1,8%), дыйкан (фермер) чар­балары (78,7%), жеке ишкерлер (18,1%) ж. б. обочолонгон бөлүмчөлөр (0,6%) болуп бөлүнөт.
Өнөр жай тармагында бардыгы 135 ишкана иш­тейт, алардын ичинен 102си өзүнчө баланста турган өнөр жай ишканалары болгон (2005). Алар­да 17,4 миңден ашык жумушчу иштеп, 2006-жылы 7007,8 млн сомдук (республиканын 19,5%) продукция өндүргөн. Өнөр жайдын негизги тармактары: электр­энергетика (өнөр жай продукциясынын 54,0%ин түзөт), машина куруу (19,2%), отун (10,1%), түстүү металлургия (6,3%), жеңил (6,2%), та­мак-аш (2,8%) ж. б. өнөр жай тармактары. Облус­тун өнөр жай тармактарынан электр-энергетика, ма­шина куруу, отун ж-а түстүү металлургиянын республикадагы орду кыйла жогору.
Э л е к т р - э н е р г е т и к а облустун өнөр жайынын 54,0% продукциясын өндүрүп (респ­нын электр-энергетикасынын 83,3%), 4 ишка­наны камтыйт: Токтогул ГЭС каскадынын «Электрстанция» ААК (2007-жылы 1,9 млрд сом­дук продукция өндүргөн), «Электрстанция» ААКтын ПСГЭСи (851,2 млн сом), «Улуттук электр» ААК (95,0 млн сом) ж-а «Жалал-Абад электро» АК (446,0 млн сом). Бул тармакта об­лустун жалпы өнөр жайында иштеген калктын 21,8%и эмгектенип, өнөр жайындагы негизги өндүрүш каражатынын (фондунун) 43,7%и топтолгон. Облуста 2008-жылы 10,5 млрд кВт·с электр энер­гиясы (республикадагы электр энергиясынын 89,4%и) өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн электр энергиясынын басымдуу бөлүгү республиканын башка региондорун­да пайдаланылат, чет өлкөлөргө экспорттолот. О т у н өнөр жайы – облустун үчүнчү маанилүү өнөр жай тармагы. Бул тармакта 2007-жылы өнөр жай про­дукциясынын 10,1%и өндүрүлгөн. Отун өнөр жай структурасына көмүр казып алуу, нефть ж-а жа­ратылыш газын өндүрүү, нефтини кайра иштетүү тармактары кирет. Көмүр казып алуу тарма­гында 4 ишкана иштеп, аларда 219 адам эмгек­тенген. 2008-жылы 44,7 миң т көмүр казылып алынган (республикада казылып алынган көмүрдүн 9,1%и), 2005-жылы «Тегене» ЖЧКнын кубаттуу­лугунун 44,0%и, «Көк-Жаңгак шахтасы» МАК-тын 25,8%и, «Таш-Көмүр» МАКтын 27,4%и гана пайдаланылган болсо, «Коргон-Таш» АК иште­бей турган. Көмүр казып алуудагы мындай акы­балга биринчиден өндүрүлгөн көмүрдүн өздүк наркынын кымбаттыгы, экинчиден алардын са­патынын начардыгы, үчүнчүдөн аларды сатуу­дагы рыноктун тардыгы же жоктугу себеп бо­лууда.
'''''Нефть''''' ж-а табигый газды өндүрүү тармагын­да облустагы «Кыргызмунайгаз» АКсы, «Ань-Банг» ЖАК иштешкен. Алар 2008-жылы 55,0 миң т нефть (республика боюнча өндүрүүнүн 77,0%и) ж-а 17,3 млн м3 табигый газ (100%) өндүргөн. Облуста өндүрүл­гөн жаратылыш газы Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарларына берилип, азыраак бөлүгү Тажикстанга экс­порттолот. Отун өнөр жайынын маанилүү тармакта­рынын бири – нефтини кайра иштетүү. «Кыр­гыз Петролеум Компани» (КПК) биргелешкен ишканасы облуста өндүрүлгөн ж-а бөлөк өлкө­лөрдөн ташылып келинген нефтини кайра иш­тетип, бензин (2007-жылы 35,0 миң т же республикада­гынын 46,7%и), дизелдик күйүүчү май (136,2 миң т же 95,8%и), мазут (220,0 миң т же 98,6%и) өндүргөн. Ишкана чыгарган нефть продуктула­ры республиканын түштүк райондорун толук камсыздай алат.
Жалпы өнөр жай продукциясынын 6,3%ин т ү с­ т ү ү м е т а л л у р г и я өндүрүп, өнөр жай тармактарынын ичинен 4-орунда турат. Бул тар­мактын 3 ишканасы бар, алар: Макмал алтын кен комбинаты (2005-жылы 389,6 млн сомдук про­дукция өндүргөн; 1143 адам иштеген); «Кыргыз­алтын» ААКтын филиалы «Терек-Сай кени» (24,2 млн сом өндүрүп, 464 адам иштеген); «Крис­талл» МАК (жарым өткөргүчтүү кристаллдык кремний ж. б. түрлөрүн чыгаруучу КМШ өлкө­лөрүндөгү жалгыз ишкана).
М а ш и н а к у р у у ж-а м е т а л л и ш­т е т ү ү өнөр жайы облустун тармактарынын ичинде 19,2% продукция өндүрүп, электр-энергетика өнөр жайынан кийинки 2-орунду ээлейт. Тармактын 19 ишканасы бар; ирилери: «Майлы-Суу электр лампа заводу» АК, «Нур» АК, ТТО заводу, «Дос­тук» АК, «Гидросталь-конструкция» АК, «Кыр­гызэлектроизолит» заводу, ОП-36/10 ишканасы, «Жетиген» АК, «Анар» заводу, «Ротор» чакан ишканасы ж. б. Облустун машина куруу өнөр жайы республиканын масштабында ушул тармактын 46,1% продукциясын өндүрүп, облустардын ичинен 1-орунда турат. Негизги продукциялары: электр лампалары (2007-жылы 171,2 млн даана), электр өткөрбөөчү (изоляциялоочу) материалдар (тас­малар) ж-а түтүкчөлөр, электр жылыткычтар, насос, автомобиль тетиктери. Бул тармакта өндүрүлгөн продукциянын көп түрү экспортко чыгарылат. «Майлы-Суу электр лампа заводу» АКтын продукциясынын 80,0%ке жакыны, «Нур» АКтын 60,0%тен ашык продукциясы экс­порттолот. Негизги ишканалары Жалал-Абад, Кара-Көл, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата шаарларында, Сумсар шаарчасында жайгашкан.
Токой, жыгаччылык ж-а целлюлоза-кагаз өнөр жайында 23 ишкана иштеп, анын 18и токой өстүрүп, эмерек ж. б. буюмдарды жасоого жа­рактуу жыгачтарды, отун даярдайт. Ал эми 5 ишкана жыгачтан эмерек ж. б. буюмдарды жа­соого ылайыкташкан. Негизги ишканалары: Жалал-Абад шаарындагы «Эмерек», «Көгарт» АК-тары, Базар-Коргон районундагы «Кыргыз-түрк вуд ИНДАСТРИ» биргелешкен ишканасы, токой чарбачылыгындагы чакан ишкана-цехтер ж. б.
Жаңгак жыгачынан, айрыкча анын уюлунан (кап) жогорку сапаттагы, баалуу, дүйнөлүк ры­нокко өтүмдүү эмерек ж. б. буюмдарды жасоого жетишүү үчүн аракеттер көрүлүүдө.
Курулуш материалдарын өндүрүү тармагында 12 ишкана иштейт (2007); негизги ишканала­ры: «Кыргызкурулушматериалдар» АК, «Темир­таш» АК, темир-бетон заводу (Жалал-Абад шаарында), «Ока-Керамика» ЖЧК (Кочкор-Атада), «Береке» АК (Майлы-Сууда), «Таш-Рабат» ЖЧК (Токтогул шаарчасында); чыгарган негизги про­дукциялары: темир-бетон конструкциялары, кыш, карапа, черепица, бетон, курулуш ара­лашмалары ж. б. Айрым курулуш материалда­ры (кыш ж. б.) Өзбекстанга (Анжиян, Наман­ган облустарына) сатылат.
Жеңил өнөр жай тармагы өндүргөн продукциясы­нын көлөмү боюнча облустун өнөр жай структурасын­да 6,2%ти түзүп, 5-орунду ээлейт. Иштеген адам­дардын саны боюнча тармактын республикадагы үлүшү 17,3%, өндүргөн продукциясынын көлөмү боюнча 49,0%ти түзгөн. 2005-жылы жеңил өнөр жай тарма­гында 28 ишкана иштеген. Ири ишканалары: «Кыргыз пахтасы» жабык АК, «Мата» ААК, «Ак алтын» биргелешкен ишканасы, «Юнисеп Каттон-Рефинери», «Глейзер-Дунай-Нарын», «Актилек-А» ЖЧКлары ж. б. Жеңил өнөр жай иш­каналары негизинен Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Майлы-Суу шаарларында, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул райондорунда жайгашкан. Алардын чы­гарган негизги продукциялары: чигитинен та­заланып таңылган пахта буласы, токулбаган кездеме, ошондой эле көйнөк, шым, төшөк, бут ки­йим ж. б. Пахта буласы экспортко (негизинен Россияга) чыгарылат.
Тамак-аш өнөр жайы – облустун айыл чарбасында өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетип, эл керектөөчү товарларды, айрыкча азык-түлүктү өндүрүп, калктын муктаждыгын камсыз кылып туруу­чу маанилүү тармак. Анда 2006-жылы 54 ишкана иштеген. Ири ишканалары: «Келечек» АК (кол­баса азыктары), «Сары алтын» (Таш-Көмүр шаарында, ферменттелген тамеки), «Арак заводу» (41,5 млн сом), «Таттуу суу» (кондитер азыкта­ры) АКтары, «Азиз тамеки» (ферменттелген та­меки). Ири ишканалары негизинен Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында ж-а Ала-Бука районунда жай­гашкан. Облустун тамак-аш өнөр жай ишканалары 2008-жылы республикада чыгарылган өсүмдүк майынын 69,6%, кондитер азыктарынын 13,5%, спирт ичимдигинин 4,8%, минералдуу суунун 20,8%, ферменттелген тамекинин 10,3%ин ж. б. өндүргөн. Ун-акшак ж-а аралаш тоют чыгаруу өнөр жайында 2008-жылы 6 ишкана иштеп, аларда жалпы өнөр жайында иштегендердин 0,6%и эмгектенген. Негизги иш­каналары Жалал-Абад шаарында жайгашкан; ири ишканалары: «Дан-ЮГ», «Марьям и Ко» ЖЧК-лары, «Азретайып», Таш-Көмүр шаарындагы «Тех­ник» АКтары ж. б. Облустун башка ишканала­ры да бул тармактын кошумча продукцияла­рын чыгарат; ошондой эле облустун шаарларында, райондорунда, айыл-кыштактарында жеке мен­чик тегирмендер ун-акшак тартышат. 2008-жылы облуста 70,5 миң т ун чыгарылып, ал республикада өндүрүлгөн ундун 22,4%ин түзгөн. Полиграфия өнөр жайынын 5 ишканасы иштейт; алар – Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларындагы бас­маканалар ж-а чакан ишкана. Негизги продук­циялары: китеп, гезит, бланк, этикетка ж. б. | |||
деңгээли | |||
өсүшүн тейлөө кызмат, билим ж-а илим, сала­маттык сактоо, | |||
өзүнчө ээлик кылуучу субъектилерден турат. | |||

Облуста 2009-жылдын башында чарба жүргү­зүүчү субъектилердин саны 110202 болгон. Алар­дын 2,2%и | |||

өндүргөн. | |||
түстүү металлургия (6,3%), жеңил (6,2%), та­мак-аш (2,8%) ж. б. | |||

Э л е к т р - э н е р г е т и к а облустун | |||
«Электрстанция» ААК (2007- | |||
өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн электр энергиясынын | |||
басымдуу бөлүгү | |||

Нефть ж-а табигый газды өндүрүү тармагын­да облустагы «Кыргызмунайгаз» АКсы, «Ань-Банг» ЖАК иштешкен. Алар 2008- | |||
өндүргөн. Ишкана чыгарган нефть продуктула­ры | |||

Жалпы | |||

М а ш и н а к у р у у ж-а м е т а л л и ш­т е т ү ү | |||
«Жетиген» АК, «Анар» | |||
ишканасы ж. б. Облустун машина куруу | |||
өткөрбөөчү (изоляциялоочу) материалдар (тас­малар) ж-а түтүкчөлөр, электр жылыткычтар, насос, автомобиль тетиктери. Бул тармакта | |||
өндүрүлгөн продукциянын көп түрү экспортко | |||
чыгарылат. «Майлы-Суу электр лампа заводу» АКтын продукциясынын 80,0%ке жакыны, | |||
«Нур» АКтын 60,0%тен ашык продукциясы экс­порттолот. Негизги ишканалары Жалал-Абад, Кара-Көл, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата | |||

Токой, жыгаччылык ж-а целлюлоза-кагаз | |||
өстүрүп, эмерек ж. б. буюмдарды жасоого жа­рактуу жыгачтарды, отун даярдайт. Ал эми 5 ишкана жыгачтан эмерек ж. б. буюмдарды жа­соого ылайыкташкан. Негизги ишканалары: Жалал-Абад | |||
чарбачылыгындагы чакан ишкана-цехтер ж. б. | |||

Жаңгак жыгачынан, айрыкча анын уюлунан (кап) жогорку сапаттагы, баалуу, дүйнөлүк ры­нокко өтүмдүү эмерек ж. б. буюмдарды жасоого жетишүү үчүн аракеттер көрүлүүдө. | |||

Курулуш материалдарын өндүрүү тармагында 12 ишкана иштейт (2007); негизги ишканала­ры: «Кыргызкурулушматериалдар» АК, «Темир­таш» АК, темир-бетон заводу (Жалал-Абад | |||
«Береке» АК (Майлы-Сууда), «Таш-Рабат» ЖЧК | |||
(Токтогул шаарчасында); чыгарган негизги про­дукциялары: темир-бетон конструкциялары, кыш, карапа, черепица, бетон, курулуш ара­лашмалары ж. б. Айрым курулуш материалда­ры (кыш ж. б.) Өзбекстанга (Анжиян, Наман­ган | |||

Жеңил | |||
«Кыргыз пахтасы» жабык АК, «Мата» ААК, | |||
«Ак алтын» биргелешкен ишканасы, «Юнисеп Каттон-Рефинери», «Глейзер-Дунай-Нарын», | |||
«Актилек-А» ЖЧКлары ж. б. Жеңил | |||

Тамак-аш | |||
продукцияларды кайра иштетип, эл керектөөчү товарларды, айрыкча азык-түлүктү өндүрүп, калктын муктаждыгын камсыз кылып туруу­чу маанилүү тармак. Анда 2006- | |||
иштеген. Ири ишканалары: «Келечек» АК (кол­баса азыктары), «Сары алтын» (Таш-Көмүр | |||
ичимдигинин 4,8%, минералдуу суунун 20,8%, | |||
ферменттелген тамекинин 10,3%ин ж. б. өндүргөн. Ун-акшак ж-а аралаш тоют чыгаруу | |||
облуста 70,5 миң т ун чыгарылып, ал | |||
өндүрүлгөн ундун 22,4%ин түзгөн. Полиграфия | |||
алар – Жалал-Абад, Таш-Көмүр | |||
ИДПнин 49,9%и айыл чарбага туура келет. 2008-жылы 46 айыл чарба кооперациясы, 2 орток дыйкан чарба­сы, 4 АК, 8,2 миң жеке дыйкан (фермер) субъек­тилери катталып, алар 18467,5 млн сомдук про­дукция өндүргөн (республиканын жалпы продукция­сынын 16,4%). Айыл чарбасында өндүрүлгөн продукция­нын 62,4%и дыйканчылыкка туура келет, ал пахта, тамеки ж-а жашылча өстүрүүгө адистеш­кен. Кийинки жылдарда облустун талааларында кант кызылча ж-а май алынуучу өсүмдүктөр өстүрүлө баштады.
Айыл чарбага жарактуу жери 1857,3 миң га, анын 9,0%и (167,1 миң га) айдоо, 0,5%и (9,2 миң га) көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, 2,1%и (39,0 миң га) чабынды ж-а 88,4%и (1642,1 миң га) жайыт (2008). Эгин аянты 875,5 миң га бо­луп (республикадагы эгин аянтынын 14,6%и), анда 72,9 миң га дан (12,4%), 22,9 миң га пахта (67,5%), 4,5 миң га тамеки (31,0%), 5,6 миң га картөшкө (8,1%), 7,2 миң га жашылча (15,3%), 13,5 миң га тоют (8,0%), 19,9 миң га май алын­чу өсүмдүктөр (34,8%), калган 1,1 миң га жерге бакча өсүмдүктөрү эгилген. Булардан башка об­лустун жеринде 6,8 миң га мөмө-жемиш бакта­ры (14,0%), 1,3 миң га жүзүм (16,7%) аянты бол­гон. 2008-жылы 234,9 миң т дан (республикадагынын жалпы 15,5%), 63,2 миң т пахта (66,6%), 1,1 миң т тамеки (8,1%), 96,6 миң т картөшкө (7,2%), 153,1 миң т жашылча (18,6%), 18,9 миң т бакча өсүмдүктөрү (28,8%), 39,5 миң т мөмө-­жемиш (21,3%) ж-а 6,2 миң т жүзүм (23,4%) алынган.
Мал чарба тармагы айыл чарба продукциясынын 37,1%ин өндүрөт. Облустун бардык чарбаларын­да 2009-жылдын 1-январында малдын саны миң баш м-н эсептегенде: уй 241,3 (респ-нын 19,7%), кой м-н эчки 855,3 (19,0%), жылкы 51,6 (16,0%), чочко 0,9 (1,4%), үй куштары 756,4 (14,2%) бол­гон. Облустун мал чарбасынан 2008-жылы тирүү салмакта эсептегенде 46,8 миң т эт (республикада өндүрүлгөн эттин 14,1%и), 234,5 миң т чийки сүт (17,4%), 1,7 миң т жүн (14,5%) ж-а 37,8 млн даана жумуртка (10,2%) өндүрүлгөн.
Жалал-Абад облусунда автомобиль, темир ж-а аба жолдор ж-а куур транспорту бар. Алардын ичинен негизги орунду автомобиль транспорту ээлейт. 2000-жылы автомобиль транспорту м-н 4971,9 миң т жүк (республикадагы жүктүн 13,6%и), 461,6 млн жүргүнчү (10,6%) ташылган. Авто­мобиль жолунун негизин Бишкек – Ош жолу түзөт. Андан башка Жалал-Абад – Казарман, Үч-Коргон – Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя ж. б. автомобиль жолдору ж-а Кара-Суу – Жа­лал-Абад – Көк-Жаңгак ж-а Наманган (Өзбек­стан) – Үч-Коргон – Таш-Көмүр темир жол тармакта­ры өтөт. Алардын узундугу чектелүү болгону м-н башка өлкөлөр м-н экономикалык байланыш түзүүдө мааниси чоң. Кочкор-Ата шаарчасынан Жалал- Абад ш-на чейин газ кууру жеткирилген. Жа­лал-Абад шаарында, Казарман, Кербен, Каныш-Кыя кыштагында аэропорттор иштеп, алардын Бишкек м-н аба жол каттамы бар. Жалал-Абад шаары Ка­ракол, Чолпон-Ата шаарлары ж-а Казарман кыштагы м-н жалпы аба жолдору аркылуу байланышат. Об­лустагы бардык шаарлар ж-а райондун борбор­лору облустун борбору – Жалал-Абад шаары м-н аба, кабель ж-а радиореле линиясы аркылуу бай­ланышат. Облуста калкка кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмү 2008-жылы 1199,6 млн сомду түзүп, республиканыкынын 7,1%ине барабар болгон. | |||
Облуста 13 ЖОЖ бар; анда | |||
22,3 миң студент билим алып, аларда 970 оку­туучу ( | '''Маданий турмушу.''' Облуста 13 ЖОЖ бар; анда 22,3 миң студент билим алып, аларда 970 оку­туучу (анын ичинде 9 илимдин доктору, 67 илимдин кандидаты) иштеген. Ошондой эле 8 атайын орто (3,5 миң студент; 292 окутуучу), 22 кесиптик-техникалык (5,0 миң окуучу) окуу жайлары ж-а жалпы би­лим берүүчү 416 мектеп (221,3 миң окуучу; 14,1 миң мугалим) бар. Облус боюнча 293 мектепте кыр­гыз, 6 мектепте орус ж-а 38инде өзбек тилде­ринде, ал эми 74 мектепте сабактар кыргыз, орус, өзбек тилдеринде окутулат.
Облус боюнча 92 клуб тибиндеги мекемелер, 3 автоклуб, 189 массалык китепканалар (2,0 млн нуска китеп ж-а журналдары м-н), 11 ар түрдүү музейлер, анын ичинде Аксыдагы ж-а Тогуз-Тородогу тарых-мекен таануу музейлери, Сузак районунда Барпынын үй-музейи ж. б. бар. Алардан баш­ка балдардын 14 музыкалык, 4 көркөм өнөр, 1 көркөм сүрөт мектептери, Жалал-Абад шаарындагы Барпы | ||
өзбек тилдеринде окутулат. | |||

Облус | |||
[[File:ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ34.png | thumb | Жоомарт Бөкөнбаевдин Мазар-Суу кыштагындагы музейи.]] | [[File:ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ34.png | thumb | Жоомарт Бөкөнбаевдин Мазар-Суу кыштагындагы музейи.]] | ||
атындагы кыргыз драма театры, Т. Тыныбеков атындагы филармония ж. б. бар. Облустук радио уктуруу ж-а телекөрсөтүү студиясы иштейт. | |||
2006-жылы облуста 309 медициналык дарылоо мекемеси болгон, анын 261и – айылдык амбулаториялар, ооруканалар, фельдшер­дик-акушердик пункттар. Бардык медицина мекемеле­ринде 1664 врач (10 миң адамга 19 врач), 7066 мед. орто билимдүү кызматкер (81), 7700 орундуу койка (10 миң адамга 89 койка) болгон. Кийинки жыл­дарда ири ооруканаларда акы төлөп дарылануучу­лар үчүн атайын палаталар иштей баштады.
Жалал-Абад шаарынын жанында дарылык касие­ти жогору болгон минералдуу суунун базасын­да Жалал-Абад курорту иштейт. Облустун ай­магы жаратылыш шартынын кооздугу, кен бай­лыктарынын ар түрдүүлүгү ж-а тарыхый эсте­ликтеринин сакталышы м-н белгилүү. Дүйнө жүзүндөгү жаңгак токойлордун ичинен эң зор аянтты ээлеген белгилүү Түштүк Кыргызстан жаңгак ж-а жемиш токоюнун 90%и облустун аймагын­да. Сары-Челек көлүнүн айланасы, Аркыт, Арс­танбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма ж. б. жерлер­дин кооздугун айрыкча белгилөөгө болот. Об­лустун аймагында таш доорунда адам жашаган Кара-Суу тургун жайы, Саймалы-Таш (б. з. ч. 2-кылым – б. з. 8-кылым) ж-а Чаар-Таштагы таш бетине чегилген сүрөт-эстеликтер, Торкен көрүстөнүнүн (1–5-кылымдар) калдыктары, 10–12-кылымдардагы Күлбөс-Хан, Чанчар-Хан ж-а Тогуз-Торо шаар-чептеринин чалдыбарлары, Шах-Фазил (12-кылым), Арстан баба­нын (16-кылым) кабырлары, Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү (19-кылымдын башы) ж-а акыркы жылдар­да калыбына келтирилип, кайра курулган Кур­манбек баатырдын күмбөзү бар. | |||
Ад.: Ракитников Н. Сельскохозяйтвенные зоны | Ад.: Ракитников Н. Сельскохозяйтвенные зоны Восточной Ферганы//Уч. зап. МГУ, 1939, вып. XXI; Биология орехоплодовых лесов и геодинамика в Южном Кыргызстане. Б., 1996; Бараталиев Ө., Мыр­заев А. Жалалабадская область // Кыргызстан. Б., 2001; Жалалабат облусу. Б., 2003. | ||
Восточной Ферганы//Уч. зап. МГУ, 1939, вып. XXI; Биология орехоплодовых лесов и геодинамика в Южном Кыргызстане. Б., 1996; Бараталиев Ө., Мыр­заев А. Жалалабадская область // Кыргызстан. Б., 2001; Жалалабат облусу. Б., 2003. | |||
Ө. Бараталиев, А. Мырзаев, Э. Садыкова. | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
09:40, 28 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Кыргызстандын түштүк-батыш бөлүгүн ээлейт. 1924–26-жылдарда округ, 1926– 28-жылдарда кантон болгон; 1928-жылы Ош округуна бириктирилген. 1939-жылы 21-ноябрда облус катары уюшулган; 1959-ж. 27-январда жоюлуп, Ош облусуна кошулган, 1990-жылы 14-декабрда кайра өз алдынча облус болгон. Түндүгүнөн Талас, Чүй, чыгышынан Нарын, түштүгүнөн Ош облустары, түштүк-батышынан ж-а батышынан Өзбекстан м-н чектешет. Административдик-аймактык жактан 8 районго (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал), 68 айыл өкмөткө бөлүнөт. Анда 7 шаар, 7 шаарча, 414 айыл бар. Аянты 33,7 миң км2 (өлкөнүн аянтынын 16,9%и). Калкы 1,3 млн. (2022).
Табияты. Облустун аймагынын басымдуу бөлүгү Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун, бир аз бөлүгү (Тогуз-Торо ойдуңу) Ички Теңир-Тоонун аймактарынан орун алган. Алар негизинен Фергана өрөөнүн түндүгүнөн курчаган бийик, орто бийик ж-а жапыз тоолор, жалдар, дөңсөөлөр, адырлар тилкеси, тоо этегиндеги жантайыңкы түздүктөр ж-а тоо аралык өрөөндөр болуп саналат. Деңиз деңгээлинен эң бийик жери 4503 м (Чаткал кырка тоосундагы Авлетим чокусу), эң жапыз жери 600 м (Базар-Коргон районунун аймагында). Облустун түндүк-батыш, түндүк ж-а чыгыш чет жакалары боюнча Батыш ж-а Ички Теңир-Тоо системаларына кирген бийик кырка тоолор – Чаткал (бийиктиги 4503 м), Суусамыр-Тоо, Молдо-Тоо (түштүк капталдары) созулуп жатат. Облустун борбордук бөлүгүн Фергана (түндүк-батышын), Кочкор-Төбө, Ат-Ойнок, Исфан-Жайлоо, Чаак-Тоо, Бабаш-Ата кырка тоолору ээлеп, түштүк-батышты карай жайпаң рельефтүү этек тоолорго өтөт. Фергана өрөөнүн түндүктөн торогон тоолордо дарыя өрөөндөрү ж-а салыштырмалуу бийиктиги 100–400 мге жеткен адыр-дөңсөөлөр кезектешип жайгашат. Дарыя алаптарын Көгарт (мында облустун борбору – Жалал-Абад шаары жайгашкан), Кара-Үңкүр, Нанай (Пачатанын алабы), Ала-Бука өрөөндөрү ээлейт. Облустун курамына ошондой эле

обочороок жайгашкан тоо аралык ири өрөөндөр – Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо ж-а Чаткал ойдуңдары да кирет. Кетмен-Төбө ж-а Тогуз-Торо ойдуңдары облустун Фергана өрөөнүнө караган негизги бөлүгүнөн Фергана ж-а Ат-Ойнок, Чаткал өрөөнү Чаткал кырка тоолору аркылуу бөлүнүп турат.
Кырка тоолору байыркы кристаллдык тоо тектерден (гранит, порфир), ал эми тоо капталдары ж-а тоо аралык ойдуңдары карбон, девон ж-а палеоген-неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектерден түзүлгөн. Кен байлыктарынын ичинен облус отун-энергетика ресурстарына бай. Нарын дарыясында ГЭС каскады (Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч- Коргон) бар; Камбар-Ата I, II ГЭСтери курулууда. Таш көмүр Көк-Жаңгак, Таш-Көмүрдөн казылып алынат. Нефть м-н табигый газ кендери Чаңгыр-Таш, Майлы-Суу, Избаскен, Кочкор-Атадан чыгат. Андан сырткары сурьма (Терек кени), полиметалл (Сумсар кени), марганец кенташы (Кара-Алма суусунун төмөнкү агымында) ж. б. кендер да бар. Металл эмес кен байлыктардан озокерит (Майлы-Сай), гипс (Сузак районунда) ж. б. кендер чыгат. Ысык ж-а минералдуу булактар чыккан жерлер да арбын (Жалал-Абад, Майлы-Суу ж. б.). Облустун аймагы рекреациялык ресурстарга бай; мында туристтерди кызыктыруучу Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара- Алма, Сары-Челек, Пачата сыяктуу кооз жерлер бар.
Тоолордун орографиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү арктикалык суук ж-а континенттик аба массаларынын аймактын климатына тийгизген таасирин кыйла басаңдатат. Жай мезгилинде бийик кырка тоолор Орто ж-а Борбордук Азия чөлдөрүнүн аптабын кыйла серүүндөтөт. Бирок, батыштан соккон аба агымы ж-а анын түндүк-батыш, түштүк - батыш салаалары Түндүк ж-а Чыгыш Ферганага тоскоолсуз кирип, облустун аймагына ж-а анын түрдүү ландшафттык зоналарына жагымдуу аба ырайын түзөт. Ички Теңир-Тоодо жайгашкан Кетмен-Төбө ж-а Тогуз-Торо өрөөндөрүнүн климаты облустун Фергана өндүрү жак бөлүгүнө караганда кыйла башкачараак. Бул өрөөндөрдө муздак тоо абасы туруп калат; декабрдан мартка чейинки температурасынын орточо максимуму Түштүк Кыргызстандын башка метеорологиялык станцияларыныкына караганда 10°Сге төмөн болот. Жаан-чачын режими окшош болгондугуна карабастан, жааган жаан-чачындын өлчөмү м-н абанын температурасынын ортосунда айырмачылык сөзсүз болот. Аймактын деңиз деңгээлинен бийиктигине, тоо капталдарынын экспозицияларына ж-а рельефинин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жайы ысык, жылуу, серүүн же суук болушу мүмкүн. Июлдун орточо температурасы этек тоо-адырлуу зонада 25– 22°С, жапыз тоолуу зонада 22–15°С, орто бийик тоолуу зонада 15–10°С, бийик тоолуу зонада 10– 5°С, нивалдык-гляциалдык зонада 5–0°С. Жайдын биринчи жарымы жаанчыл, экинчи жарымы ж-а күз маалы өтө кургакчыл. Кышы жал-

пысынан мелүүн-суук, январдын орточо температурасы – 3°Сден –15°Сге чейин. Эң төмөнкү температура бийик тоолуу ойдуңдарда адатта – Кызыл-Жарда (Тар ойдуңу) абсолюттук минимум –40,9°С, Чаткалда – 39,8°С, ал эми ушул эле мезгилде муздак аба туруп калган ойдуңдарда – Ошто –25,9°С, Кербенде (1280 м бийиктикте) –26,1°С гана болот. Ушундай эле кубулуш кышында Фергана өрөөнүндө да температуралык инверсияга байланыштуу пайда болот; тоолордо ойдуңдарга караганда жылуураак келет. Атмосфералык жаан-чачын бийиктик зоналуулук боюнча өзгөрөт ж-а ал ным алып келүүчү аба агымдарына карата жайгашуу экспозициясына байланыштуу. Фергана, Ат-Ойнок, Талас Ала-Тоолорунун түштүк-батыш капталдарында жаан-чачын 500–900 мм ж-а андан да мол жаайт. Токой-шалбаалуу талаа алкагында мелүүн-жылуу ж-а нымдуу жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү, жаан-чачындын жылдык өлчөмү 500 ммден 900 ммге чейин, анын 50%и вегетация мезгилине туура келет. Чаткал системасына кирген тоолор орографиялык жактан ыктоодо жайгашкандыктан, жаан-чачынга салыш-

тырмалуу жарды (400–500 мм), ал эми Чаткал кырка тоосунун түштүк-батыш капталына тоо аралык ички ойдуңдарындагыдай эле 300–
400 мм гана жаан-чачын жаайт. Жаан-чачын эң мол жааган мезгили жаз маалы, анын жылдык өлчөмүнүн 60%тен ашыгы кыш-жаз мезгилине туура келет, август-сентябрь эң аз жааган мезгил. Жаан-чачын көбүнчө жамгыр түрүндө жаайт. Тоолордо 2500–3000 мден жогору кардын өлчөмү кыйла зор (жылдык жаан-чачындын 30–50%). Кар катмарынын калыңдыгы тоо этеги-адырлуу зонада 20–25 смден, бийик тоолордо 90–100 смге чейин жетет. Фергана тоо тизмегинин кыр бөлүгүнө жакын кардын калыңдыгы 150 смдей болот.
Облустун аймагы, айрыкча Фергана тоо тизмегинин капталдары агын суу тармагынын жыштыгы ж-а алардын суусунун молдуулугу м-н айырмаланат. Ири дарыялары: Нарын, Чаткал, Кара-Дарыя. Нарын дарыясы Фергана тоо тизмегинин тармактарын ж-а Чаак-Тоону кесип агат. Облустун чегинде Нарынга сол тараптан Көк- Ирим, Кемпир-Ата, Ничке-Сай ж. б., оң тараптан Толук, Торкен, Чычкан, Узун-Акмат, Кара- Суу ж. б. суулар куят. Бул суулар терең өрөөндөр м-н шар агып, нуктарында босоголор көп. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан агып түшкөн суулардын бардыгы Кара-Дарыянын оң куймалары – Чаңгет, Көгарт, Кара-Үңкүр, Майлы-Суу ж. б. Ал эми облустун батышындагы Пачата, Чанач, Касан-Сай, Сумсар суулары Сыр-Дарыяга оң тараптан куят. Чаткал дарыясы Талас Ала-Тоосунун түштүк-батыш капталынан башталып, төмөнкү агымында кууш ж-а терең шаңшаардан чыга беришинде Пскем суусу м-н кошулуп, Чырчык дарыясын түзөт. Анын ири куймалары: Чандалаш, Терс, Кара-Корум, Теректи-Сай ж. б. Облустун дарыялары суу энергиясына өтө бай; Нарын дарыясына ГЭС каскады суу сактагычтары м-н курулган. Дарыя суулары дээрлик сугатка пайдаланылат. Чаткал кырка тоосунун түндүк-чыгышындагы этек тоолорунда – Сары-Челек, Көгала, Кара-Суу ж. б., Чаак-Тоонун түштүк капталдарында Кара-Көл ж. б. көлдөрүнүн, дарыя өрөөндөрүн көчкү бөгөп калышынан пайда болгон тоо көлдөрү бар.
Аймактын топурак-өсүмдүктөрү өтө ар түрдүү келип, таралышына бийиктик алкактуулук мүнөздүү . Облустун аймагынын эң жапыз бөлүгүн (деңиз деңгээлинен 500–900 м бийиктикте) шыбак-эфемердүү чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү (ак шыбак, ыраң, баялыш ж. б.) ээлеп, анда ачык боз ж-а кадимки боз топурактар өөрчүйт. Бул топурактарга аз кесекчелүү борпоң структура мүнөздүү, чириндиси салыштырмалуу аз, ал эми минералдык сиңимдүү заттары арбын. Сугарганда түрдүү маданий өсүмдүктөр жакшы өсөт. Талаа өсүмдүктөрү бийик адырларды, айрым жерлерде жапыз тоолорду ээлеп, деңиз деңгээлинен

900–1300 м бийиктиктеги кеңири тилкени камтыйт. Чириндиси салыштырмалуу мол күңүрт боз топурак басымдуу. Өсүмдүктөрдөн пияз, түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, ошондой эле шыбак, сарындыз өсөт. Ушул эле зонада талаа ж-а шалбаа өсүмдүктөрүнүн арасында ксерофиттик сейрек токой, жыгач мистенин массивдери, сейрек долоно кездешет.
Деңиз деңгээлинен 1000–2200 м бийиктикте токойлуу талаа зонасы жайгашкан. Мында жаңгак-мөмө-жемиш токою талаалашкан шалбаалуу, бадалдуу, сейрек алмалуу жерлер м-н кезектешип жатат. Токой астында кара коңур токой, бадалдар, шалбаа ж-а талаа өсүмдүктөрүнүн астында күңүрт боз тоо-талаа топурактары өөрчүйт. Жаңгак токоюнун астында өөрчүгөн топурак өзгөчө касиетке ээ: чириндиге бай, ал топуракка каралжын өң берип турат, жаңгак сымал структуралуу, ным сыйымдуулугу өтө зор ж. б. Ошого байланыштуу, капталдардын кыйла эңкейиштигине карабай агын суулар жокко эсе, кар ж-а жамгыр суулары бүт кыртышка сиңип кетет. Облустун аймагынын зор аянтын (700 миң га) ээлеген жаңгак-мөмө-жемиш токоюнун чарбалык мааниси өтө зор. Ал токойлор Фергана ж-а Чаткал кырка тоолорунун Фергана өрөөнүн караган этек тоолорун ээлейт. Айрым жаңгак дарактары бириндеп 800 м бийиктиктен эле кездеше баштайт. Жаңгак токою деңиз деңгээлинен 1000–1200 мден 1800–1900 м бийиктикке чейин эң кеңири таралган. Жаңгак токоюнун арасында алма, алча, айвансары, карагат, итмурун, изирик ж. б. дарак-бадал өсүмдүктөрү өсөт. Андан жогору 2200 м бийиктикке чейин да бирин-серин жаңгак дарактары кездешет. Жаңгак токоюнун чет жакаларында жапайы мөмө-жемиш дарактары – алмурут, алча, бадам, жүзүм ж. б. өсөт. Токой өсүмдүктөрү тоо капталдарынын түштүк, ошондой эле чыгыш экспозицияларынан башка бүт беттеринде өсүп, алар негизинен жаңгак ж-а жапайы мөмө-жемиш дарактарынан турат. Токойлуу талаа зонасынын ачык түш. ж-а бир аз чыгыш капталдары эфемероиддүү шалбаа ж-а талаа м-н капталган; аюу чач, пияз түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, ак сокто, кылкансыз түбү бош ж. б. үстөмдүк кылат. Түрдүү чөп өсүмдүктөрүнөн бийик чатыр гүлдүүлөр – аюу чач, шашыр өсөт. Кеңири аймакты ээлеген шалбаалуу талаанын бул бөлүктөрү негизинен кеч жаздагы жайкы жайыт катары пайдаланылат. Бул зонанын жантайыңкы капталдарында ж-а жайык кырларында кайрак эгин эгилет.
Субальп зонасы 2000–3000 м бийиктикти ээлейт. Мында субальп шалбаасы ж-а карагай, көк карагай, арча, кайың ж. б-дан турган токой өсүмдүктөрү кеңири таралган. Субальп зонасында күңүрт түстөгү тоо-токой ж-а тоо-шалбаа-талаанын күрөң, чанда кара топурак сымал топурак типтери өөрчүйт. Чөп өсүмдүктөрдөн флёмис, крестовник, шимүүр, түлкү куйрук, ак сокто ж. б. өсөт. Субальп шалбаасы жайкы жайыт катары кеңири пайдаланылат. Альп зонасы кырка тоолордун бийик (3000 мден жогору) бөлүгүн ээлейт. Анда чымдак-чала чымдашкан тоо-шалбаа альп топурактары өөрчүйт. Зонанын басымдуу бөлүгүн аска, корум таш-шагылдар, чакан бөлүгүн альп шалбаасы ээлейт. Альп өсүмдүктөрүнүн ичинен эң кеңири таралганы көбүргөн басымдуулук кылган фитоценоздор болуп саналат. Көбүргөн м-н кошо каз таман, козу кулак, таран ж. б. да өсөт. Альп шалбаа зонасы кыска мезгилге жайыт катары пайдаланылат.
Калкы. Облустун калкы республиканын калкынын 18,7%ин (2009; 993,8 миң) түзөт. Анын 23,0%и (228,3 миң) шаарларда, калган 76,0%и (765,5 миң) айыл-кыштактарда турат. Калкынын саны боюнча республикада Ош облусунан кийин 2-орунда. Көп улуттуу; басымдуу бөлүгү кыргыздар (2006; 71,0%), ошондой эле өзбек (24,6%), орус (1,2%), тажик (0,6%), түрк (0,6%), татар (0,5%), украин (0,1%) ж. б. улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Калктын орточо жыштыгы жалпы республиканыкына караганда бир аз жогору: 1 км2 жерге 29 адам (республикада 26) туура келет. Шаарлары: Жалал-Абад (облустун борбору, 97,2 миң), Таш-Көмүр (31,7 миң), Кара-Көл (20,8 миң), Майлы-Суу (22,8 миң), Кочкор-Ата (14,8 миң), Кербен (13,2 миң), Көк-Жаңгак (9,3 миң); шаарчалары: Кызыл-Жар (2,6), Кетмен-Төбө (1,9 миң), Көк-Таш (2,7 миң), Сумсар (6,0 миң), Терек-Сай (2,4 миң), Токтогул (16,4 миң), Шамалды-Сай (9,5 миң). Облустун калк көп жашаган айылдары (2009-жылкы эл каттоо): Базар-Коргон (33,4 миң киши), Сузак (24,0 миң), Масы (13,9 миң), Казарман (9,5 миң), Ала- Бука (10,8 миң), Каныш-Кыя (2,4 миң).
Облустун жалпы калкынын жаш курактары боюнча бөлүнүшү: 16 жашка чейинки жаштардын саны 2006-жылы 388,1 миң адам (жалпы калктын 40,1%), эмгекке жарактуулары – 510,4 миң (53,1%), эмгек жашынан өткөндөр – 62,3 миң (6,5%).
Экономикасы. Жалал-Абад облусу – экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада Чүй облусунан кийинки 2-регион. Анын өнүгүшүн өнөр жай, айыл чарба, курулуш, транспорт ж-а байланыш, соода ж-а коомдук тамактануу тармактары, ал эми социалдык өсүшүн тейлөө кызмат, билим ж-а илим, саламаттык сактоо, маданият ж. б. тармактарынын деңгээли аныктайт. Бул тармактар базар экономикасынын шартына ылайык ар түрлүү менчикке тиешелүү өндүрүштүк же тейлөөчү ишкана ж-а мекемелерден (өнөр жайы чакан ж-а өнөктөш ишканалар, кооперациялар, акционердик коомдор, биржа ж-а фирмалар, дыйкан ж-а фермер чарбалары, ошондой эле жеке дыйкан чарбалары) ж. б. өзүнчө ээлик кылуучу субъектилерден турат.
Облуста 2009-жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны 110202 болгон. Алардын 2,2%и мамлекеттик менчиктеги, 2,1%и – коммуналык ж-а 95,7%и жеке менчиктеги ишканалар. Ишканалар түрлөрү боюнча ири (0,3%), орто (0,5%) ж-а чакан (1,8%), дыйкан (фермер) чарбалары (78,7%), жеке ишкерлер (18,1%) ж. б. обочолонгон бөлүмчөлөр (0,6%) болуп бөлүнөт.
Өнөр жай тармагында бардыгы 135 ишкана иштейт, алардын ичинен 102си өзүнчө баланста турган өнөр жай ишканалары болгон (2005). Аларда 17,4 миңден ашык жумушчу иштеп, 2006-жылы 7007,8 млн сомдук (республиканын 19,5%) продукция өндүргөн. Өнөр жайдын негизги тармактары: электрэнергетика (өнөр жай продукциясынын 54,0%ин түзөт), машина куруу (19,2%), отун (10,1%), түстүү металлургия (6,3%), жеңил (6,2%), тамак-аш (2,8%) ж. б. өнөр жай тармактары. Облустун өнөр жай тармактарынан электр-энергетика, машина куруу, отун ж-а түстүү металлургиянын республикадагы орду кыйла жогору.
Э л е к т р - э н е р г е т и к а облустун өнөр жайынын 54,0% продукциясын өндүрүп (респнын электр-энергетикасынын 83,3%), 4 ишкананы камтыйт: Токтогул ГЭС каскадынын «Электрстанция» ААК (2007-жылы 1,9 млрд сомдук продукция өндүргөн), «Электрстанция» ААКтын ПСГЭСи (851,2 млн сом), «Улуттук электр» ААК (95,0 млн сом) ж-а «Жалал-Абад электро» АК (446,0 млн сом). Бул тармакта облустун жалпы өнөр жайында иштеген калктын 21,8%и эмгектенип, өнөр жайындагы негизги өндүрүш каражатынын (фондунун) 43,7%и топтолгон. Облуста 2008-жылы 10,5 млрд кВт·с электр энергиясы (республикадагы электр энергиясынын 89,4%и) өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн электр энергиясынын басымдуу бөлүгү республиканын башка региондорунда пайдаланылат, чет өлкөлөргө экспорттолот. О т у н өнөр жайы – облустун үчүнчү маанилүү өнөр жай тармагы. Бул тармакта 2007-жылы өнөр жай продукциясынын 10,1%и өндүрүлгөн. Отун өнөр жай структурасына көмүр казып алуу, нефть ж-а жаратылыш газын өндүрүү, нефтини кайра иштетүү тармактары кирет. Көмүр казып алуу тармагында 4 ишкана иштеп, аларда 219 адам эмгектенген. 2008-жылы 44,7 миң т көмүр казылып алынган (республикада казылып алынган көмүрдүн 9,1%и), 2005-жылы «Тегене» ЖЧКнын кубаттуулугунун 44,0%и, «Көк-Жаңгак шахтасы» МАК-тын 25,8%и, «Таш-Көмүр» МАКтын 27,4%и гана пайдаланылган болсо, «Коргон-Таш» АК иштебей турган. Көмүр казып алуудагы мындай акыбалга биринчиден өндүрүлгөн көмүрдүн өздүк наркынын кымбаттыгы, экинчиден алардын сапатынын начардыгы, үчүнчүдөн аларды сатуудагы рыноктун тардыгы же жоктугу себеп болууда.
Нефть ж-а табигый газды өндүрүү тармагында облустагы «Кыргызмунайгаз» АКсы, «Ань-Банг» ЖАК иштешкен. Алар 2008-жылы 55,0 миң т нефть (республика боюнча өндүрүүнүн 77,0%и) ж-а 17,3 млн м3 табигый газ (100%) өндүргөн. Облуста өндүрүлгөн жаратылыш газы Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарларына берилип, азыраак бөлүгү Тажикстанга экспорттолот. Отун өнөр жайынын маанилүү тармактарынын бири – нефтини кайра иштетүү. «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) биргелешкен ишканасы облуста өндүрүлгөн ж-а бөлөк өлкөлөрдөн ташылып келинген нефтини кайра иштетип, бензин (2007-жылы 35,0 миң т же республикадагынын 46,7%и), дизелдик күйүүчү май (136,2 миң т же 95,8%и), мазут (220,0 миң т же 98,6%и) өндүргөн. Ишкана чыгарган нефть продуктулары республиканын түштүк райондорун толук камсыздай алат.
Жалпы өнөр жай продукциясынын 6,3%ин т ү с т ү ү м е т а л л у р г и я өндүрүп, өнөр жай тармактарынын ичинен 4-орунда турат. Бул тармактын 3 ишканасы бар, алар: Макмал алтын кен комбинаты (2005-жылы 389,6 млн сомдук продукция өндүргөн; 1143 адам иштеген); «Кыргызалтын» ААКтын филиалы «Терек-Сай кени» (24,2 млн сом өндүрүп, 464 адам иштеген); «Кристалл» МАК (жарым өткөргүчтүү кристаллдык кремний ж. б. түрлөрүн чыгаруучу КМШ өлкөлөрүндөгү жалгыз ишкана).
М а ш и н а к у р у у ж-а м е т а л л и шт е т ү ү өнөр жайы облустун тармактарынын ичинде 19,2% продукция өндүрүп, электр-энергетика өнөр жайынан кийинки 2-орунду ээлейт. Тармактын 19 ишканасы бар; ирилери: «Майлы-Суу электр лампа заводу» АК, «Нур» АК, ТТО заводу, «Достук» АК, «Гидросталь-конструкция» АК, «Кыргызэлектроизолит» заводу, ОП-36/10 ишканасы, «Жетиген» АК, «Анар» заводу, «Ротор» чакан ишканасы ж. б. Облустун машина куруу өнөр жайы республиканын масштабында ушул тармактын 46,1% продукциясын өндүрүп, облустардын ичинен 1-орунда турат. Негизги продукциялары: электр лампалары (2007-жылы 171,2 млн даана), электр өткөрбөөчү (изоляциялоочу) материалдар (тасмалар) ж-а түтүкчөлөр, электр жылыткычтар, насос, автомобиль тетиктери. Бул тармакта өндүрүлгөн продукциянын көп түрү экспортко чыгарылат. «Майлы-Суу электр лампа заводу» АКтын продукциясынын 80,0%ке жакыны, «Нур» АКтын 60,0%тен ашык продукциясы экспорттолот. Негизги ишканалары Жалал-Абад, Кара-Көл, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата шаарларында, Сумсар шаарчасында жайгашкан.
Токой, жыгаччылык ж-а целлюлоза-кагаз өнөр жайында 23 ишкана иштеп, анын 18и токой өстүрүп, эмерек ж. б. буюмдарды жасоого жарактуу жыгачтарды, отун даярдайт. Ал эми 5 ишкана жыгачтан эмерек ж. б. буюмдарды жасоого ылайыкташкан. Негизги ишканалары: Жалал-Абад шаарындагы «Эмерек», «Көгарт» АК-тары, Базар-Коргон районундагы «Кыргыз-түрк вуд ИНДАСТРИ» биргелешкен ишканасы, токой чарбачылыгындагы чакан ишкана-цехтер ж. б.
Жаңгак жыгачынан, айрыкча анын уюлунан (кап) жогорку сапаттагы, баалуу, дүйнөлүк рынокко өтүмдүү эмерек ж. б. буюмдарды жасоого жетишүү үчүн аракеттер көрүлүүдө.
Курулуш материалдарын өндүрүү тармагында 12 ишкана иштейт (2007); негизги ишканалары: «Кыргызкурулушматериалдар» АК, «Темирташ» АК, темир-бетон заводу (Жалал-Абад шаарында), «Ока-Керамика» ЖЧК (Кочкор-Атада), «Береке» АК (Майлы-Сууда), «Таш-Рабат» ЖЧК (Токтогул шаарчасында); чыгарган негизги продукциялары: темир-бетон конструкциялары, кыш, карапа, черепица, бетон, курулуш аралашмалары ж. б. Айрым курулуш материалдары (кыш ж. б.) Өзбекстанга (Анжиян, Наманган облустарына) сатылат.
Жеңил өнөр жай тармагы өндүргөн продукциясынын көлөмү боюнча облустун өнөр жай структурасында 6,2%ти түзүп, 5-орунду ээлейт. Иштеген адамдардын саны боюнча тармактын республикадагы үлүшү 17,3%, өндүргөн продукциясынын көлөмү боюнча 49,0%ти түзгөн. 2005-жылы жеңил өнөр жай тармагында 28 ишкана иштеген. Ири ишканалары: «Кыргыз пахтасы» жабык АК, «Мата» ААК, «Ак алтын» биргелешкен ишканасы, «Юнисеп Каттон-Рефинери», «Глейзер-Дунай-Нарын», «Актилек-А» ЖЧКлары ж. б. Жеңил өнөр жай ишканалары негизинен Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Майлы-Суу шаарларында, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул райондорунда жайгашкан. Алардын чыгарган негизги продукциялары: чигитинен тазаланып таңылган пахта буласы, токулбаган кездеме, ошондой эле көйнөк, шым, төшөк, бут кийим ж. б. Пахта буласы экспортко (негизинен Россияга) чыгарылат.
Тамак-аш өнөр жайы – облустун айыл чарбасында өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетип, эл керектөөчү товарларды, айрыкча азык-түлүктү өндүрүп, калктын муктаждыгын камсыз кылып туруучу маанилүү тармак. Анда 2006-жылы 54 ишкана иштеген. Ири ишканалары: «Келечек» АК (колбаса азыктары), «Сары алтын» (Таш-Көмүр шаарында, ферменттелген тамеки), «Арак заводу» (41,5 млн сом), «Таттуу суу» (кондитер азыктары) АКтары, «Азиз тамеки» (ферменттелген тамеки). Ири ишканалары негизинен Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында ж-а Ала-Бука районунда жайгашкан. Облустун тамак-аш өнөр жай ишканалары 2008-жылы республикада чыгарылган өсүмдүк майынын 69,6%, кондитер азыктарынын 13,5%, спирт ичимдигинин 4,8%, минералдуу суунун 20,8%, ферменттелген тамекинин 10,3%ин ж. б. өндүргөн. Ун-акшак ж-а аралаш тоют чыгаруу өнөр жайында 2008-жылы 6 ишкана иштеп, аларда жалпы өнөр жайында иштегендердин 0,6%и эмгектенген. Негизги ишканалары Жалал-Абад шаарында жайгашкан; ири ишканалары: «Дан-ЮГ», «Марьям и Ко» ЖЧК-лары, «Азретайып», Таш-Көмүр шаарындагы «Техник» АКтары ж. б. Облустун башка ишканалары да бул тармактын кошумча продукцияларын чыгарат; ошондой эле облустун шаарларында, райондорунда, айыл-кыштактарында жеке менчик тегирмендер ун-акшак тартышат. 2008-жылы облуста 70,5 миң т ун чыгарылып, ал республикада өндүрүлгөн ундун 22,4%ин түзгөн. Полиграфия өнөр жайынын 5 ишканасы иштейт; алар – Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларындагы басмаканалар ж-а чакан ишкана. Негизги продукциялары: китеп, гезит, бланк, этикетка ж. б.
ИДПнин 49,9%и айыл чарбага туура келет. 2008-жылы 46 айыл чарба кооперациясы, 2 орток дыйкан чарбасы, 4 АК, 8,2 миң жеке дыйкан (фермер) субъектилери катталып, алар 18467,5 млн сомдук продукция өндүргөн (республиканын жалпы продукциясынын 16,4%). Айыл чарбасында өндүрүлгөн продукциянын 62,4%и дыйканчылыкка туура келет, ал пахта, тамеки ж-а жашылча өстүрүүгө адистешкен. Кийинки жылдарда облустун талааларында кант кызылча ж-а май алынуучу өсүмдүктөр өстүрүлө баштады.
Айыл чарбага жарактуу жери 1857,3 миң га, анын 9,0%и (167,1 миң га) айдоо, 0,5%и (9,2 миң га) көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, 2,1%и (39,0 миң га) чабынды ж-а 88,4%и (1642,1 миң га) жайыт (2008). Эгин аянты 875,5 миң га болуп (республикадагы эгин аянтынын 14,6%и), анда 72,9 миң га дан (12,4%), 22,9 миң га пахта (67,5%), 4,5 миң га тамеки (31,0%), 5,6 миң га картөшкө (8,1%), 7,2 миң га жашылча (15,3%), 13,5 миң га тоют (8,0%), 19,9 миң га май алынчу өсүмдүктөр (34,8%), калган 1,1 миң га жерге бакча өсүмдүктөрү эгилген. Булардан башка облустун жеринде 6,8 миң га мөмө-жемиш бактары (14,0%), 1,3 миң га жүзүм (16,7%) аянты болгон. 2008-жылы 234,9 миң т дан (республикадагынын жалпы 15,5%), 63,2 миң т пахта (66,6%), 1,1 миң т тамеки (8,1%), 96,6 миң т картөшкө (7,2%), 153,1 миң т жашылча (18,6%), 18,9 миң т бакча өсүмдүктөрү (28,8%), 39,5 миң т мөмө-жемиш (21,3%) ж-а 6,2 миң т жүзүм (23,4%) алынган.
Мал чарба тармагы айыл чарба продукциясынын 37,1%ин өндүрөт. Облустун бардык чарбаларында 2009-жылдын 1-январында малдын саны миң баш м-н эсептегенде: уй 241,3 (респ-нын 19,7%), кой м-н эчки 855,3 (19,0%), жылкы 51,6 (16,0%), чочко 0,9 (1,4%), үй куштары 756,4 (14,2%) болгон. Облустун мал чарбасынан 2008-жылы тирүү салмакта эсептегенде 46,8 миң т эт (республикада өндүрүлгөн эттин 14,1%и), 234,5 миң т чийки сүт (17,4%), 1,7 миң т жүн (14,5%) ж-а 37,8 млн даана жумуртка (10,2%) өндүрүлгөн.
Жалал-Абад облусунда автомобиль, темир ж-а аба жолдор ж-а куур транспорту бар. Алардын ичинен негизги орунду автомобиль транспорту ээлейт. 2000-жылы автомобиль транспорту м-н 4971,9 миң т жүк (республикадагы жүктүн 13,6%и), 461,6 млн жүргүнчү (10,6%) ташылган. Автомобиль жолунун негизин Бишкек – Ош жолу түзөт. Андан башка Жалал-Абад – Казарман, Үч-Коргон – Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя ж. б. автомобиль жолдору ж-а Кара-Суу – Жалал-Абад – Көк-Жаңгак ж-а Наманган (Өзбекстан) – Үч-Коргон – Таш-Көмүр темир жол тармактары өтөт. Алардын узундугу чектелүү болгону м-н башка өлкөлөр м-н экономикалык байланыш түзүүдө мааниси чоң. Кочкор-Ата шаарчасынан Жалал- Абад ш-на чейин газ кууру жеткирилген. Жалал-Абад шаарында, Казарман, Кербен, Каныш-Кыя кыштагында аэропорттор иштеп, алардын Бишкек м-н аба жол каттамы бар. Жалал-Абад шаары Каракол, Чолпон-Ата шаарлары ж-а Казарман кыштагы м-н жалпы аба жолдору аркылуу байланышат. Облустагы бардык шаарлар ж-а райондун борборлору облустун борбору – Жалал-Абад шаары м-н аба, кабель ж-а радиореле линиясы аркылуу байланышат. Облуста калкка кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмү 2008-жылы 1199,6 млн сомду түзүп, республиканыкынын 7,1%ине барабар болгон.
Маданий турмушу. Облуста 13 ЖОЖ бар; анда 22,3 миң студент билим алып, аларда 970 окутуучу (анын ичинде 9 илимдин доктору, 67 илимдин кандидаты) иштеген. Ошондой эле 8 атайын орто (3,5 миң студент; 292 окутуучу), 22 кесиптик-техникалык (5,0 миң окуучу) окуу жайлары ж-а жалпы билим берүүчү 416 мектеп (221,3 миң окуучу; 14,1 миң мугалим) бар. Облус боюнча 293 мектепте кыргыз, 6 мектепте орус ж-а 38инде өзбек тилдеринде, ал эми 74 мектепте сабактар кыргыз, орус, өзбек тилдеринде окутулат.
Облус боюнча 92 клуб тибиндеги мекемелер, 3 автоклуб, 189 массалык китепканалар (2,0 млн нуска китеп ж-а журналдары м-н), 11 ар түрдүү музейлер, анын ичинде Аксыдагы ж-а Тогуз-Тородогу тарых-мекен таануу музейлери, Сузак районунда Барпынын үй-музейи ж. б. бар. Алардан башка балдардын 14 музыкалык, 4 көркөм өнөр, 1 көркөм сүрөт мектептери, Жалал-Абад шаарындагы Барпы

атындагы кыргыз драма театры, Т. Тыныбеков атындагы филармония ж. б. бар. Облустук радио уктуруу ж-а телекөрсөтүү студиясы иштейт.
2006-жылы облуста 309 медициналык дарылоо мекемеси болгон, анын 261и – айылдык амбулаториялар, ооруканалар, фельдшердик-акушердик пункттар. Бардык медицина мекемелеринде 1664 врач (10 миң адамга 19 врач), 7066 мед. орто билимдүү кызматкер (81), 7700 орундуу койка (10 миң адамга 89 койка) болгон. Кийинки жылдарда ири ооруканаларда акы төлөп дарылануучулар үчүн атайын палаталар иштей баштады.
Жалал-Абад шаарынын жанында дарылык касиети жогору болгон минералдуу суунун базасында Жалал-Абад курорту иштейт. Облустун аймагы жаратылыш шартынын кооздугу, кен байлыктарынын ар түрдүүлүгү ж-а тарыхый эстеликтеринин сакталышы м-н белгилүү. Дүйнө жүзүндөгү жаңгак токойлордун ичинен эң зор аянтты ээлеген белгилүү Түштүк Кыргызстан жаңгак ж-а жемиш токоюнун 90%и облустун аймагында. Сары-Челек көлүнүн айланасы, Аркыт, Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма ж. б. жерлердин кооздугун айрыкча белгилөөгө болот. Облустун аймагында таш доорунда адам жашаган Кара-Суу тургун жайы, Саймалы-Таш (б. з. ч. 2-кылым – б. з. 8-кылым) ж-а Чаар-Таштагы таш бетине чегилген сүрөт-эстеликтер, Торкен көрүстөнүнүн (1–5-кылымдар) калдыктары, 10–12-кылымдардагы Күлбөс-Хан, Чанчар-Хан ж-а Тогуз-Торо шаар-чептеринин чалдыбарлары, Шах-Фазил (12-кылым), Арстан бабанын (16-кылым) кабырлары, Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү (19-кылымдын башы) ж-а акыркы жылдарда калыбына келтирилип, кайра курулган Курманбек баатырдын күмбөзү бар.
Ад.: Ракитников Н. Сельскохозяйтвенные зоны Восточной Ферганы//Уч. зап. МГУ, 1939, вып. XXI; Биология орехоплодовых лесов и геодинамика в Южном Кыргызстане. Б., 1996; Бараталиев Ө., Мырзаев А. Жалалабадская область // Кыргызстан. Б., 2001; Жалалабат облусу. Б., 2003.
Ө. Бараталиев, А. Мырзаев, Э. Садыкова.