ЖАЛБЫРАК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЛБЫРАК</b> (лат. folium, гр. phellon) – та­таал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн негизги орган­дарынын бири. Ал <i>фотосинтез, транспирация</i> ж-а газ <i>алмашуу</i> процесстерин ишке ашырат. Ал өсүмдүктүн сабагында түрдүүчө (кезектеш, тушташ ж. б.) жайгашат. | <b type='title'>ЖАЛБЫРАК</b> (лат. folium, гр. phellon) – та­таал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн негизги орган­дарынын бири. Ал <i>фотосинтез, транспирация</i> ж-а газ <i>алмашуу</i> процесстерин ишке ашырат. Ал өсүмдүктүн сабагында түрдүүчө (кезектеш, тушташ ж. б.) жайгашат. Жалбырак пластинкадан ж-а саптан турат. Айрым өсүмдүктөрдүн жалбырак са­бы болбойт, алар сапсыз жалбырактар деп аталат (дан өсүмдүктөрү, эрин гүлдүүлөр). Кээ бир өсүмдүк­төрдүн, мисалы, чатырдуулардын, дан өсүмдүктөрү­нүн жалбырактарынын негиз (түп) жак бөлүгү жазы келип, сабакты аздыр-көптүр курчап тургандык­тан, жалбырак к у ч а г ы делет. Жалбырактын өлчөмү ар түрдүү; көпчүлүк өсүмдүктөрдүкү узундугу 3–10 <i>см</i>; кай бир тропик өсүмдүктөрдүкү өтө чоң болот. Мисалы, рафия пальмасынын жалбырагынын сабы 4–5 <i>м</i>, плас­тинкасынын узундугу 20 <i>м</i>, туурасы 12 <i>м</i>ге жетет. | ||
өсүмдүктөрү, эрин гүлдүүлөр). Кээ бир өсүмдүк­төрдүн, | |||
[[File:ЖАЛБЫРАК36.png | thumb | Жөнөкөй жалбырактар.]] | [[File:ЖАЛБЫРАК36.png | thumb | Жөнөкөй жалбырактар.]] | ||
Кыргызстандын флорасында чоң жалбырак даракта эмес чөп өсүмдүктө (балтыркан) кездешет. Морфологиялык түзүлүшүнө байланыштуу жалбырактын көп түрү бар. Алар жөнөкөй ж-а татаал болуп бөлүнөт. Бир эле пластинкадан ж-а саптан турганы – ж ө­н ө к ө й, ал эми башкы жалбырак сабы ж-а ага жай­гашкан экинчи, үчүнчү иреттеги каптал жалбыракчалуулар т а т а а л деп аталат. Анда жал­пы жалбырак сабында экиден же андан көп жалбырак жай­гашат. Жалбырак санына жараша үчүлүк (беде), ман­жадай, канаттай татаал болуп да бөлүнөт. Плас­тинкасынын формасына, кырынын түзүлүшүнө, тарамыштануусуна жараша жалбырак түрдүүчө болот. Жөнөкөй жалбырак жээгинин түзүлүшүнө жараша бү- | |||
чөп өсүмдүктө (балтыркан) кездешет. | |||
[[File:ЖАЛБЫРАК37.png | thumb | Татаал жалбырактар.]] | [[File:ЖАЛБЫРАК37.png | thumb | Татаал жалбырактар.]] | ||
түн, айчыктуу, тилкелүү, терең тилкелүү, сүйрү, жүрөктөй, тегерек, жебе, канаттай ж. б. болуп айырмаланат. Бүтүн жээктүүнүн пластинкасы бөлүнбөйт, айчыктуу | түн, айчыктуу, тилкелүү, терең тилкелүү, сүйрү, жүрөктөй, тегерек, жебе, канаттай ж. б. болуп айырмаланат. Бүтүн жээктүүнүн пластинкасы бөлүнбөйт, айчыктуу жалбырактын пластинкасы жазы бөлүктөргө бөлүнөт. Андан тышкары жалбырактын түктүү, түксүз, бырыштуу, жылмакай, калың ж-а жука түрлөрү да учурайт. Жалбырак түрдүү түзүлүштө болсо да, анатомиялык түзүлүшү окшош. Астыңкы ж-а үстүңкү эпидермадан туруп, ортосунда хлорен­химадан түзүлгөн негизги ткань – мезофилл жайгашкан. Көпчүлүк өсүмдүктө эпидерманын сырт жаккы бети <i>кутикула</i>, анын сыртын­да мом катмары, түтүктөр жайгашкан. Алар жалбырактын кургакчылыкка чыдамдуулугун артты­рып, тышкы таасирден коргойт. Эпидермадагы | ||
үстүңкү эпидермадан туруп, ортосунда хлорен­химадан түзүлгөн негизги ткань – мезофилл жайгашкан. Көпчүлүк өсүмдүктө эпидерманын сырт жаккы бети <i>кутикула</i>, анын сыртын­да мом катмары, түтүктөр жайгашкан. Алар | |||
[[File:ЖАЛБЫРАК38.png | thumb | Жөнөкөй тилке жалбырактар.]] | [[File:ЖАЛБЫРАК38.png | thumb | Жөнөкөй тилке жалбырактар.]] | ||
<i>үттөр</i> аркылуу | <i>үттөр</i> аркылуу жалбыракта тышкы чөйрө м-н газ ал­машуу, <i>транспирация</i> жүрөт. <i>Мезофилл</i> хло­ропласттарга бай, анда майда өткөргүч боочо­лор (тарамыштар) жайгашат. Эволюциялык өрчүү маа­лында аткарган функцияларынын өзгөрүшүнөн улам кээ бир өсүмдүктөр жалбырактарынын түрүн өзгөрткөн. Мисалы, пияз м-н капустанын жалбырактары азык-зат топтоочу органга айланган. Көп өсүм­дүктөрдүн жалбырактары 6 айга жакын турат, <i>вегета­ция мезгили</i> бүтөрү м-н кургайт, ал эми <i>дайыма жашыл өсүмдүктөрдүкү</i> бир нече жыл өсүп, бир кылка эмес, түрдүү мезгилде түшүп, жаңыланып турат. Жалбырак сабакка жарык көбүрөөк түшкүдөй болуп жайгашат (к. <i>Жалбырак жайгашуу</i>).<br>Өсүмдүктүн өсүшү ж-а продукттуулугу жалбыракта өтүүчү фотосинтез процессинде пайда болгон зат­тардын санына ж-а сапатына жараша болот.<br>Өсүмдүктөрдүн <i>вегетациялык көбөйүүсүндө</i> да жалбырактын мааниси чоң. Көп өсүмдүктөрдүн жалбырактары тамак (козу кулак, ашкөк, капуста, пияз ж. б.) ж-а тоют катары колдонулат. Алардан дары­-дармек, парфюмерия, кондитер ж-а тамак-аш өнөр жайына керектелүүчү эфир майлары да алынат. | ||
өзгөрткөн. | |||
азык-зат топтоочу органга айланган. Көп өсүм­дүктөрдүн | |||
<br>Өсүмдүктүн өсүшү ж-а продукттуулугу | |||
өтүүчү фотосинтез процессинде пайда болгон зат­тардын санына ж-а сапатына жараша болот. | |||
<br>Өсүмдүктөрдүн <i>вегетациялык көбөйүүсүндө</i> да | |||
ж-а тоют катары колдонулат. Алардан дары­дармек, парфюмерия, кондитер ж-а тамак-аш | |||
Ад.: <i>Кудряшова Л. В.</i> Ботаника. 7-е изд., т. 1. М., 1966. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | Ад.: <i>Кудряшова Л. В.</i> Ботаника. 7-е изд., т. 1. М., 1966. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
10:11, 28 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛБЫРАК (лат. folium, гр. phellon) – татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн негизги органдарынын бири. Ал фотосинтез, транспирация ж-а газ алмашуу процесстерин ишке ашырат. Ал өсүмдүктүн сабагында түрдүүчө (кезектеш, тушташ ж. б.) жайгашат. Жалбырак пластинкадан ж-а саптан турат. Айрым өсүмдүктөрдүн жалбырак сабы болбойт, алар сапсыз жалбырактар деп аталат (дан өсүмдүктөрү, эрин гүлдүүлөр). Кээ бир өсүмдүктөрдүн, мисалы, чатырдуулардын, дан өсүмдүктөрүнүн жалбырактарынын негиз (түп) жак бөлүгү жазы келип, сабакты аздыр-көптүр курчап тургандыктан, жалбырак к у ч а г ы делет. Жалбырактын өлчөмү ар түрдүү; көпчүлүк өсүмдүктөрдүкү узундугу 3–10 см; кай бир тропик өсүмдүктөрдүкү өтө чоң болот. Мисалы, рафия пальмасынын жалбырагынын сабы 4–5 м, пластинкасынын узундугу 20 м, туурасы 12 мге жетет.

Кыргызстандын флорасында чоң жалбырак даракта эмес чөп өсүмдүктө (балтыркан) кездешет. Морфологиялык түзүлүшүнө байланыштуу жалбырактын көп түрү бар. Алар жөнөкөй ж-а татаал болуп бөлүнөт. Бир эле пластинкадан ж-а саптан турганы – ж өн ө к ө й, ал эми башкы жалбырак сабы ж-а ага жайгашкан экинчи, үчүнчү иреттеги каптал жалбыракчалуулар т а т а а л деп аталат. Анда жалпы жалбырак сабында экиден же андан көп жалбырак жайгашат. Жалбырак санына жараша үчүлүк (беде), манжадай, канаттай татаал болуп да бөлүнөт. Пластинкасынын формасына, кырынын түзүлүшүнө, тарамыштануусуна жараша жалбырак түрдүүчө болот. Жөнөкөй жалбырак жээгинин түзүлүшүнө жараша бү-

түн, айчыктуу, тилкелүү, терең тилкелүү, сүйрү, жүрөктөй, тегерек, жебе, канаттай ж. б. болуп айырмаланат. Бүтүн жээктүүнүн пластинкасы бөлүнбөйт, айчыктуу жалбырактын пластинкасы жазы бөлүктөргө бөлүнөт. Андан тышкары жалбырактын түктүү, түксүз, бырыштуу, жылмакай, калың ж-а жука түрлөрү да учурайт. Жалбырак түрдүү түзүлүштө болсо да, анатомиялык түзүлүшү окшош. Астыңкы ж-а үстүңкү эпидермадан туруп, ортосунда хлоренхимадан түзүлгөн негизги ткань – мезофилл жайгашкан. Көпчүлүк өсүмдүктө эпидерманын сырт жаккы бети кутикула, анын сыртында мом катмары, түтүктөр жайгашкан. Алар жалбырактын кургакчылыкка чыдамдуулугун арттырып, тышкы таасирден коргойт. Эпидермадагы

үттөр аркылуу жалбыракта тышкы чөйрө м-н газ алмашуу, транспирация жүрөт. Мезофилл хлоропласттарга бай, анда майда өткөргүч боочолор (тарамыштар) жайгашат. Эволюциялык өрчүү маалында аткарган функцияларынын өзгөрүшүнөн улам кээ бир өсүмдүктөр жалбырактарынын түрүн өзгөрткөн. Мисалы, пияз м-н капустанын жалбырактары азык-зат топтоочу органга айланган. Көп өсүмдүктөрдүн жалбырактары 6 айга жакын турат, вегетация мезгили бүтөрү м-н кургайт, ал эми дайыма жашыл өсүмдүктөрдүкү бир нече жыл өсүп, бир кылка эмес, түрдүү мезгилде түшүп, жаңыланып турат. Жалбырак сабакка жарык көбүрөөк түшкүдөй болуп жайгашат (к. Жалбырак жайгашуу).
Өсүмдүктүн өсүшү ж-а продукттуулугу жалбыракта өтүүчү фотосинтез процессинде пайда болгон заттардын санына ж-а сапатына жараша болот.
Өсүмдүктөрдүн вегетациялык көбөйүүсүндө да жалбырактын мааниси чоң. Көп өсүмдүктөрдүн жалбырактары тамак (козу кулак, ашкөк, капуста, пияз ж. б.) ж-а тоют катары колдонулат. Алардан дары-дармек, парфюмерия, кондитер ж-а тамак-аш өнөр жайына керектелүүчү эфир майлары да алынат.
Ад.: Кудряшова Л. В. Ботаника. 7-е изд., т. 1. М., 1966.