ЖАМАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАМАК</b> – даяр ыр өлчөмдөрүнүн (көбүнчө жети&shy;сегиз, он-он бир муундуу) үлгүсүндө чыгарылчу байыртан келаткан шыдыр айтуу, сөздү же ырды уйкаштырып, биринин артынан бирин куюлуш&shy;туруп, төгүп айтуучу акындык чыг-лыктын бир түрү. Ж-тын терминол. так мааниси жок, ант&shy;кени ал ырдын синоними катары («жамгырдай төгүп ырымды, жамактап айтып берейин» – Ток&shy;тогул), ыр жолдорун ыргак, уйкаш ж. б. жак&shy;тарынан белгилүү бир поэтикалык формага кел&shy;тирүүчү көркөм каражат катары да («кызып ырдап олтурсаң, кыш койгондой жамайсың» – Калык) колдонула берет. Элдик оозеки чыг&shy;лыктагы к а р а ы р, ч у б у р т м а ы р, т ө к м ө ы р деген формалардай эле Ж-тын пайда болушунан аздыр-көптүр кабар берчү өзүнө таандык өзгөчөлүгү бар. Ал көркөм термин ка&shy;тары «жамак» деген сөздүн адепки тике маани&shy;син (бир нерсени жамоо, куроо, кыйыштыруу ж. б.) метафора жолу м-н поэтика речинин бир формасын туюнтуучу (прозадан айырмалап ту&shy;руучу) түшүнүк катары колдонуудан келип чык&shy;кан деп болжолдонот. Ж. көп кырдуу шыдыр айтуу түрү болгондуктан, аны өздөштүрүү дара&shy;жасына карата ырчылар ч о ң ы р ч ы, т ө к&shy;м ө ы р ч ы же ч о ң ж а м а к ч ы, м а й&shy;д а ж а м а к ч ы деп бөлүнөт. Ж. негизинен оозеки эл чыг-лыгында учурайт. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
<b type='title'>ЖАМАК</b> – даяр ыр өлчөмдөрүнүн (көбүнчө жети&shy;-сегиз, он-он бир муундуу) үлгүсүндө чыгарылчу байыртан келаткан шыдыр айтуу, сөздү же ырды уйкаштырып, биринин артынан бирин куюлуш&shy;туруп, төгүп айтуучу акындык чыгармачылыктын бир түрү. Жамактын терминологиялык так мааниси жок, ант&shy;кени ал ырдын синоними катары («жамгырдай төгүп ырымды, жамактап айтып берейин» – Ток&shy;тогул), ыр жолдорун ыргак, уйкаш ж. б. жак&shy;тарынан белгилүү бир поэтикалык формага кел&shy;тирүүчү көркөм каражат катары да («кызып ырдап олтурсаң, кыш койгондой жамайсың» – Калык) колдонула берет. Элдик оозеки чыг&shy;армачылыктагы к а р а ы р, ч у б у р т м а ы р, т ө к м ө ы р деген формалардай эле жамактын пайда болушунан аздыр-көптүр кабар берчү өзүнө таандык өзгөчөлүгү бар. Ал көркөм термин ка&shy;тары «жамак» деген сөздүн адепки тике маани&shy;син (бир нерсени жамоо, куроо, кыйыштыруу ж. б.) метафора жолу м-н поэтика речинин бир формасын туюнтуучу (прозадан айырмалап ту&shy;руучу) түшүнүк катары колдонуудан келип чык&shy;кан деп болжолдонот. Жамак көп кырдуу шыдыр айтуу түрү болгондуктан, аны өздөштүрүү дара&shy;жасына карата ырчылар ч о ң ы р ч ы, т ө к&shy; м ө ы р ч ы же ч о ң ж а м а к ч ы, м а й&shy; д а ж а м а к ч ы деп бөлүнөт. Жамак негизинен оозеки эл чыгармачылыгында учурайт.  
 
[[Категория:3-том, 215-326 бб]]

08:07, 29 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖАМАК – даяр ыр өлчөмдөрүнүн (көбүнчө жети­-сегиз, он-он бир муундуу) үлгүсүндө чыгарылчу байыртан келаткан шыдыр айтуу, сөздү же ырды уйкаштырып, биринин артынан бирин куюлуш­туруп, төгүп айтуучу акындык чыгармачылыктын бир түрү. Жамактын терминологиялык так мааниси жок, ант­кени ал ырдын синоними катары («жамгырдай төгүп ырымды, жамактап айтып берейин» – Ток­тогул), ыр жолдорун ыргак, уйкаш ж. б. жак­тарынан белгилүү бир поэтикалык формага кел­тирүүчү көркөм каражат катары да («кызып ырдап олтурсаң, кыш койгондой жамайсың» – Калык) колдонула берет. Элдик оозеки чыг­армачылыктагы к а р а ы р, ч у б у р т м а ы р, т ө к м ө ы р деген формалардай эле жамактын пайда болушунан аздыр-көптүр кабар берчү өзүнө таандык өзгөчөлүгү бар. Ал көркөм термин ка­тары «жамак» деген сөздүн адепки тике маани­син (бир нерсени жамоо, куроо, кыйыштыруу ж. б.) метафора жолу м-н поэтика речинин бир формасын туюнтуучу (прозадан айырмалап ту­руучу) түшүнүк катары колдонуудан келип чык­кан деп болжолдонот. Жамак көп кырдуу шыдыр айтуу түрү болгондуктан, аны өздөштүрүү дара­жасына карата ырчылар ч о ң ы р ч ы, т ө к­ м ө ы р ч ы же ч о ң ж а м а к ч ы, м а й­ д а ж а м а к ч ы деп бөлүнөт. Жамак негизинен оозеки эл чыгармачылыгында учурайт.