ЖАМАНКУЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАМАНКУЛ</b> Бөрүбай уулу (1884, азыркы Чүй обл., Кант р-ну, Чоң-Далы айылы – ө. ж. б.) – төкмө акын. 1912-ж. Шабдан баатырдын ашын&shy;да жар чакырып, кыргыз-казакка ырчы ката&shy;ры белгилүү болгон. Кырг-ндын түн.-түштү&shy;гүнөн, коңшу элдерден көптөгөн ак таңдай акын&shy;дар чогулган чоң жыйындарда акындык өз&shy;гөчөлүгүнөн, үнүнүн күчтүүлүгүнөн ж-а тембри&shy;нин кооздугунан улам жарчылыкты көбүнчө ага ыйгарышкан. Анын адабий мурасы бизге өтө аз санда жеткен, эл оозунда калган ырлары эл мүдөөсүн көрө билген чоң ырчы экенин айгине&shy;лейт. Буга анын 1916-жылкы көтөрүлүш учу&shy;рундагы элдин башына түшкөн мүшкүлдү реал&shy;дуу сүрөттөгөн ыры айкын мисал. Ал өз мезги&shy;линде көп акындар м-н айтышкан. Алардын ичинен Найманбай ырчы м-н айтышканы гана
<b type='title'>ЖАМАНКУЛ</b> '''Бөрүбай уулу''' (1884, азыркы Чүй облусу, Кант району, Чоң-Далы айылы – өлгөн жылы белгисиз) – төкмө акын. 1912-жылы Шабдан баатырдын ашын&shy;да жар чакырып, кыргыз-казакка ырчы ката&shy;ры белгилүү болгон. Кыргызстандын түндүк-түштү&shy;гүнөн, коңшу элдерден көптөгөн ак таңдай акын&shy;дар чогулган чоң жыйындарда акындык өз&shy;гөчөлүгүнөн, үнүнүн күчтүүлүгүнөн ж-а тембри&shy;нин кооздугунан улам жарчылыкты көбүнчө ага ыйгарышкан. Анын адабий мурасы бизге өтө аз санда жеткен, эл оозунда калган ырлары эл мүдөөсүн көрө билген чоң ырчы экенин айгине&shy;лейт. Буга анын 1916-жылкы көтөрүлүш учу&shy;рундагы элдин башына түшкөн мүшкүлдү реал&shy;дуу сүрөттөгөн ыры айкын мисал. Ал өз мезги&shy;линде көп акындар м-н айтышкан. Алардын ичинен Найманбай ырчы м-н айтышканы гана чакан көлөмдө сакталган. Жаманкул «Манас», «Семе&shy;тей» эпосторун да мыкты аткарган. Анын чы&shy;гармалары 1946-жылы Бишкекте басылып чыккан «Кыргыздын эл акындары» аттуу китепке кир&shy;гизилген. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
чакан көлөмдө сакталган. Ж. «Манас», «Семе&shy;тей» эпосторун да мыкты аткарган. Анын чы&shy;гармалары 1946-ж. Бишкекте басылып чыккан
«Кыргыздын эл акындары» аттуу китепке кир&shy;гизилген. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
 

09:50, 29 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖАМАНКУЛ Бөрүбай уулу (1884, азыркы Чүй облусу, Кант району, Чоң-Далы айылы – өлгөн жылы белгисиз) – төкмө акын. 1912-жылы Шабдан баатырдын ашын­да жар чакырып, кыргыз-казакка ырчы ката­ры белгилүү болгон. Кыргызстандын түндүк-түштү­гүнөн, коңшу элдерден көптөгөн ак таңдай акын­дар чогулган чоң жыйындарда акындык өз­гөчөлүгүнөн, үнүнүн күчтүүлүгүнөн ж-а тембри­нин кооздугунан улам жарчылыкты көбүнчө ага ыйгарышкан. Анын адабий мурасы бизге өтө аз санда жеткен, эл оозунда калган ырлары эл мүдөөсүн көрө билген чоң ырчы экенин айгине­лейт. Буга анын 1916-жылкы көтөрүлүш учу­рундагы элдин башына түшкөн мүшкүлдү реал­дуу сүрөттөгөн ыры айкын мисал. Ал өз мезги­линде көп акындар м-н айтышкан. Алардын ичинен Найманбай ырчы м-н айтышканы гана чакан көлөмдө сакталган. Жаманкул «Манас», «Семе­тей» эпосторун да мыкты аткарган. Анын чы­гармалары 1946-жылы Бишкекте басылып чыккан «Кыргыздын эл акындары» аттуу китепке кир­гизилген.