ЖАЗУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАЗУУ</b> – 1) сөздүн (кептин) катталышы; гра&shy;фикалык белгилердин ж-а сүрөттөрдүн жарда&shy;мы аркылуу ой-сезимди, сөздөрдү чагылдыруу&shy;чу белги. Ал бардык доорду бири-бири м-н бай&shy;ланыштырып, өз сапатын улам жакшыртып отуруп, азыркы абалга келген. Ж. – адамдын оюн, сөзүн кагаз бетине түшүрүүдө колдону&shy;лат. Ж. – коомдогу зор табылгалардын бири, мад-ттын жогорку жетишкендиги. Кайсы гана элди албайлы, бардыгынын Ж-су бири-бири&shy;нен туруктуу белгилери, формасы м-н айырма&shy;ланган системаны түзөт. Ж-да белгилердин фор&shy;масына карата эмес, маанисине, б. а. кептин кайсы элементтеринин (сөз, муун же тыбыш) белги аркылуу туюнтулушуна карай типтерге бөлүнөт. Ушул негизде дүйнө тилдеринин Ж-су 4 типке бөлүнөт: <i>пиктографиялык жазуу, идео&shy;графиялык жазуу, муун жазуусу</i> ж-а <i>тыбыш жазуусу.</i> П и к т о г р а ф и я л ы к Ж. Ж-нун эң байыркы түрү. Анда туюнтма катары бү&shy;түндөй бир кабар билдирүүчү сүрөттөр (пик&shy;тограммалар) колдонулган. И д е о г р а ф и я&shy;л ы к Ж-нун жазуу белгиси бүтүн бир сөздү же
<b type='title'>ЖАЗУУ</b> – 1) сөздүн (кептин) катталышы; гра&shy;фикалык белгилердин жана сүрөттөрдүн жарда&shy;мы аркылуу ой-сезимди, сөздөрдү чагылдыруу&shy;чу белги. Ал бардык доорду бири-бири менен бай&shy;ланыштырып, өз сапатын улам жакшыртып отуруп, азыркы абалга келген. Жазуу – адамдын оюн, сөзүн кагаз бетине түшүрүүдө колдону&shy;лат. Жазуу – коомдогу зор табылгалардын бири, маданияттын жогорку жетишкендиги. Кайсы гана элди албайлы, бардыгынын жазуусу бири-бири&shy;нен туруктуу белгилери, формасы менен айырма&shy;ланган системаны түзөт. Жазууда белгилердин фор&shy;масына карата эмес, маанисине, башкача айтканда, кептин кайсы элементтеринин (сөз, муун же тыбыш) белги аркылуу туюнтулушуна карай типтерге бөлүнөт. Ушул негизде дүйнө тилдеринин жазуусу 4 типке бөлүнөт: <i>пиктографиялык жазуу, идео&shy;графиялык жазуу, муун жазуусу</i> жана <i>тыбыш жазуусу.</i> П и к т о г р а ф и я л ы к жазуу жазуунун эң байыркы түрү. Анда туюнтма катары бү&shy;түндөй бир кабар билдирүүчү сүрөттөр (пик&shy;тограммалар) колдонулган. И д е о г р а ф и я &shy;л ы к жазуунун жазуу белгиси бүтүн бир сөздү же анын таанымал бөлүгүн туюнтат (мисалы, кытай иероглифи). Жеке турганда маани берген муун&shy;дар – м у у н жазуунун белгилери болуп эсепте&shy;лет. Бул жазууну көбүнчө сөздөрүндө муун саны аз тилдер колдонот. Т ы б ы ш жазуунун түрү – үнсүз тыбыш жазуусу жана вокалдык-тыбыштык жазуу (мындагы белгилер үндүү-үнсүз – экөөнү тең билгизет); 2) май живописи техникасында – ири полотнону тартууда лессировкадан мурда боёк&shy;ту сүртүүнүн артынан эле жасалчу негизги про&shy;цесс. жазуунун саны сүрөтчүнүн ишине жараша болот, алардын ар бири боёктун толук курга&shy;шы менен бүтөт. Кеңири жана так эмес маанисин&shy;де – кээде боёктук сүртүмдү жана бүткөн карти&shy;наны же анын деталдарын оңдоо (автордун өзү оңдобогон жерлерин кошуп да) жазуу деп аталат.
анын таанымал бөлүгүн туюнтат (мис., кытай иероглифи). Жеке турганда маани берген муун&shy;дар – м у у н Ж-нун белгилери болуп эсепте&shy;лет. Бул жазууну көбүнчө сөздөрүндө муун саны аз тилдер колдонот. Т ы б ы ш Ж-нун түрү –
үнсүз тыбыш Ж-су ж-а вокалдык-тыбыштык Ж. (мындагы белгилер үндүү-үнсүз – экөөнү тең билгизет); 2) май живописи техникасында – ири полотнону тартууда лессировкадан мурда боёк&shy;ту сүртүүнүн артынан эле жасалчу негизги про&shy;цесс. Ж-нун саны сүрөтчүнүн ишине жараша болот, алардын ар бири боёктун толук курга&shy;шы м-н бүтөт. Кеңири ж-а так эмес маанисин&shy;де – кээде боёктук сүртүмдү ж-а бүткөн карти&shy;наны же анын деталдарын оңдоо (автордун өзү оңдобогон жерлерин кошуп да) Ж. деп аталат. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]


Байыркы пиктографиялык жазуу. Пасха аралынан табылган байыркы Египет иероглифи.
[[Категория:3-том, 215-326 бб]]

10:04, 29 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЗУУ – 1) сөздүн (кептин) катталышы; гра­фикалык белгилердин жана сүрөттөрдүн жарда­мы аркылуу ой-сезимди, сөздөрдү чагылдыруу­чу белги. Ал бардык доорду бири-бири менен бай­ланыштырып, өз сапатын улам жакшыртып отуруп, азыркы абалга келген. Жазуу – адамдын оюн, сөзүн кагаз бетине түшүрүүдө колдону­лат. Жазуу – коомдогу зор табылгалардын бири, маданияттын жогорку жетишкендиги. Кайсы гана элди албайлы, бардыгынын жазуусу бири-бири­нен туруктуу белгилери, формасы менен айырма­ланган системаны түзөт. Жазууда белгилердин фор­масына карата эмес, маанисине, башкача айтканда, кептин кайсы элементтеринин (сөз, муун же тыбыш) белги аркылуу туюнтулушуна карай типтерге бөлүнөт. Ушул негизде дүйнө тилдеринин жазуусу 4 типке бөлүнөт: пиктографиялык жазуу, идео­графиялык жазуу, муун жазуусу жана тыбыш жазуусу. П и к т о г р а ф и я л ы к жазуу – жазуунун эң байыркы түрү. Анда туюнтма катары бү­түндөй бир кабар билдирүүчү сүрөттөр (пик­тограммалар) колдонулган. И д е о г р а ф и я ­л ы к жазуунун жазуу белгиси бүтүн бир сөздү же анын таанымал бөлүгүн туюнтат (мисалы, кытай иероглифи). Жеке турганда маани берген муун­дар – м у у н жазуунун белгилери болуп эсепте­лет. Бул жазууну көбүнчө сөздөрүндө муун саны аз тилдер колдонот. Т ы б ы ш жазуунун түрү – үнсүз тыбыш жазуусу жана вокалдык-тыбыштык жазуу (мындагы белгилер үндүү-үнсүз – экөөнү тең билгизет); 2) май живописи техникасында – ири полотнону тартууда лессировкадан мурда боёк­ту сүртүүнүн артынан эле жасалчу негизги про­цесс. жазуунун саны сүрөтчүнүн ишине жараша болот, алардын ар бири боёктун толук курга­шы менен бүтөт. Кеңири жана так эмес маанисин­де – кээде боёктук сүртүмдү жана бүткөн карти­наны же анын деталдарын оңдоо (автордун өзү оңдобогон жерлерин кошуп да) жазуу деп аталат.

Байыркы пиктографиялык жазуу. Пасха аралынан табылган байыркы Египет иероглифи.