ЖАМБЫЛ Жабаев: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖАМБЫЛ 1 to ЖАМБЫЛ Жабаев) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАМБЫЛ</b> Жабаев (28. 2. 1846, азыркы Казак­стан, Жамбыл | <b type='title'>ЖАМБЫЛ</b> '''Жабаев''' (28. 2. 1846, азыркы Казак­стан, Жамбыл облусу, Жамбыл тоосунун этегин­де – 22. 6. 1945, Алматы) – казак акыны. <i>Асан Кайгы, Букар ырчы, Жөжө, </i>Балта, Шернияз, Шортон­бай, Дулат, Доскожо, Май­көт ж. б. акындарды үлгү туткан. Ошону м-н эле бир­ге, канатташ кыргыз эли­нин сөз өнөрүн мыкты бил­ген. Кыргыз жерин аралап ырдап, өлөң айтып, күү чер­тип, өнөрүн элге тааныткан. Акындын революцияга чейинки чыгармалары өз оозунан ж-а шакирттеринен жазылып алынган. Кылым жашап, эки доордун күбөсү болгон акын мезгил м-н өмүр тууралуу ой толгоп, заман чындыгын, эл турмушун ырга кошкон. Дастан да айткан. Жамбылдын чыгармачылыгы тематикага бай, чыгармалары­нын мазмуну терең, көркөмдүгү жогору болгон. «Замана агымы», «Жаштар алдындагы сөз», «Өмүр жөнүндө ыр», «Ала-Тоо», «Советтер Сою­зу» ж. б. ырлары белгилүү. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Жамбыл элди жеңишке үндөгөн оптимисттик, патриоттук ырларды жараткан («Москвага», «Ленинграддык балдарым», «Ал­гадай тууралуу ыр» ж. б.). Жамбылдын ырлары чет тилдерге, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941). Ленин орде­ни, башка ордендер м-н сыйланган. Жамбыл облусу анын ысмында. | ||
</i> | |||
Балта, Шернияз, Шортон­бай, Дулат, Доскожо, Май­көт ж. б. акындарды үлгү туткан. Ошону м-н эле бир­ге, канатташ кыргыз эли­нин сөз өнөрүн мыкты бил­ген. Кыргыз жерин аралап ырдап, өлөң айтып, күү чер­тип, өнөрүн элге тааныткан. Акындын | |||
чыгармалары өз оозунан ж-а | |||
шакирттеринен жазылып алынган. Кылым жашап, эки доордун күбөсү болгон акын мезгил м-н өмүр тууралуу ой толгоп, заман чындыгын, эл турмушун ырга кошкон. Дастан да айткан. | |||
«Замана агымы», «Жаштар алдындагы сөз», | |||
«Өмүр жөнүндө ыр», «Ала-Тоо», «Советтер Сою­зу» ж. б. ырлары белгилүү. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында | |||
Чыг.: Тандалган ырлар. Ф., 1955; Избранные произведения. А.-А., 1958. | |||
Ад.: <i>Исмаилов Е.</i> Акыны. А.-А., 1957; Очерк исто­рии казахской советской литературы. М., 1960. | Ад.: <i>Исмаилов Е.</i> Акыны. А.-А., 1957; Очерк исто­рии казахской советской литературы. М., 1960. | ||
<i>А. Садыков.</i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
03:37, 30 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМБЫЛ Жабаев (28. 2. 1846, азыркы Казакстан, Жамбыл облусу, Жамбыл тоосунун этегинде – 22. 6. 1945, Алматы) – казак акыны. Асан Кайгы, Букар ырчы, Жөжө, Балта, Шернияз, Шортонбай, Дулат, Доскожо, Майкөт ж. б. акындарды үлгү туткан. Ошону м-н эле бирге, канатташ кыргыз элинин сөз өнөрүн мыкты билген. Кыргыз жерин аралап ырдап, өлөң айтып, күү чертип, өнөрүн элге тааныткан. Акындын революцияга чейинки чыгармалары өз оозунан ж-а шакирттеринен жазылып алынган. Кылым жашап, эки доордун күбөсү болгон акын мезгил м-н өмүр тууралуу ой толгоп, заман чындыгын, эл турмушун ырга кошкон. Дастан да айткан. Жамбылдын чыгармачылыгы тематикага бай, чыгармаларынын мазмуну терең, көркөмдүгү жогору болгон. «Замана агымы», «Жаштар алдындагы сөз», «Өмүр жөнүндө ыр», «Ала-Тоо», «Советтер Союзу» ж. б. ырлары белгилүү. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Жамбыл элди жеңишке үндөгөн оптимисттик, патриоттук ырларды жараткан («Москвага», «Ленинграддык балдарым», «Алгадай тууралуу ыр» ж. б.). Жамбылдын ырлары чет тилдерге, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941). Ленин ордени, башка ордендер м-н сыйланган. Жамбыл облусу анын ысмында.
Чыг.: Тандалган ырлар. Ф., 1955; Избранные произведения. А.-А., 1958.
Ад.: Исмаилов Е. Акыны. А.-А., 1957; Очерк истории казахской советской литературы. М., 1960.
А. Садыков.