ЖАМГЫРЧИЕВ Жума: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖАМГЫРЧИЕВ 2 to ЖАМГЫРЧИЕВ Жума) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАМГЫРЧИЕВ</b> Жума [1906, Ысык-Көл өрөөнү, Тоң болушу (азыркы Тоң | <b type='title'>ЖАМГЫРЧИЕВ</b> '''Жума''' [1906, Ысык-Көл өрөөнү, Тоң болушу (азыркы Тоң району, Көк-Сай айы­лы) – 1944] – акын. 1916-жылкы Үркүндө эл м-н бирге Кытайга барып, Ниязмаш деген уйгур байында эки жыл малай болуп жан баккан. 1918-жылы Ысык-Көлгө кайтып келген. 1919-жылы айыл ликбезинде, 1922–25-жылдарда Ташкенде САКУ-да окуган. 1929-жылы Кыргыз педтехникумун бү­түргөн. 1929–35-жылдарда Кыргыз АССРинин эл агар­туу комиссариатында иштеген. Жалал-Абад педтехникумунун директору, 1935-жылдан Ош облусундагы советтик-партиялык мектепте, Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кыргыз-уйгур мектебинде, 1939–41-жылдарда Оштогу эки жылдык мугалимдер ин­ститутунда, 1941–42-жылдарда Тоң районундагы орто мектепте мугалим болгон. Жамгырчиев техникумда окуп жүргөндө эле ыр жазган. 1931-жылы «Ырлар жыйнагы» ат­туу алгачкы китеби жарыкка чыккан. Анда акындын 1939-ж. чейин жазган ырлары топтол­гон. «Таңкы жарык» (1959), «Ырлар» (1975) ат­туу ыр жыйнактары акындын көзү өткөндөн кийин жарык көргөн. Ырларынын тематика­сы – чындык, аялдар азаттыгы, карапайым эл­дердин эркиндиги, жаштардын билимге умту­луусу. 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгон. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
кийин жарык көргөн. Ырларынын тематика­сы – чындык, аялдар азаттыгы, карапайым эл­дердин эркиндиги, жаштардын билимге умту­луусу. 1944- | |||
04:14, 30 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМГЫРЧИЕВ Жума [1906, Ысык-Көл өрөөнү, Тоң болушу (азыркы Тоң району, Көк-Сай айылы) – 1944] – акын. 1916-жылкы Үркүндө эл м-н бирге Кытайга барып, Ниязмаш деген уйгур байында эки жыл малай болуп жан баккан. 1918-жылы Ысык-Көлгө кайтып келген. 1919-жылы айыл ликбезинде, 1922–25-жылдарда Ташкенде САКУ-да окуган. 1929-жылы Кыргыз педтехникумун бүтүргөн. 1929–35-жылдарда Кыргыз АССРинин эл агартуу комиссариатында иштеген. Жалал-Абад педтехникумунун директору, 1935-жылдан Ош облусундагы советтик-партиялык мектепте, Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кыргыз-уйгур мектебинде, 1939–41-жылдарда Оштогу эки жылдык мугалимдер институтунда, 1941–42-жылдарда Тоң районундагы орто мектепте мугалим болгон. Жамгырчиев техникумда окуп жүргөндө эле ыр жазган. 1931-жылы «Ырлар жыйнагы» аттуу алгачкы китеби жарыкка чыккан. Анда акындын 1939-ж. чейин жазган ырлары топтолгон. «Таңкы жарык» (1959), «Ырлар» (1975) аттуу ыр жыйнактары акындын көзү өткөндөн кийин жарык көргөн. Ырларынын тематикасы – чындык, аялдар азаттыгы, карапайым элдердин эркиндиги, жаштардын билимге умтулуусу. 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон.