ЖАЛПАК ТАМАНДУУЛУК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАЛПАК ТАМАНДУУЛУК</b> – тамандын кобу&shy;лу түзөлүп, жалпак болуп калышы. Жумшак, жеңил басууда бут сөөгүнүн скелетинин түзүлүшү
<b type='title'>ЖАЛПАК ТАМАНДУУЛУК</b> – тамандын кобу&shy;лу түзөлүп, жалпак болуп калышы. Жумшак, жеңил басууда бут сөөгүнүн скелетинин түзүлүшү өзгөчө орунду ээлейт. Бут кетменинин сөөктөрү бир нече майда ж-а орточо сөөктөрдөн турат. Бут кетмениндеги майда сөөктөргө келип бириккен шыйрактын булчуң эттеринин тарамыштары&shy;нын кандайдыр бир кырсыктардан же оорулар&shy;дан жабыркашы жалпак тамандуулукка алып келет. Анда аде&shy;генде тизе, шыйрак, анан буттун таманы ооруп, чарчагандай сезилет. Бир аз эс алганда оорусу жоголот. Мындай оорунун себеби тизеден башталып, бут кетменин  кармап турган булчуң эттер, тарамыштар, чел кабыкчаларга  күч келгендиктен алар  чоюла  берип, , акырында  жалпак тамандуулук пайда болот.Жалпак тамандуулук  көбүнчө кичинекей балдарда байкалып, бала чоңойгон сайын акырындык менен жоголот. Толук жана итий менен ооруган , кызыл ашык жана согончок сөөктөрү жабыркаган балдар, бала чагында шал оорусуна чалдыккан, оор кара жумуш жасаган, ыңгайсыз бут кийим көп кийген, ашыкча семирген адамдар, оор жүк көтөрүп жана тикесинен тик туруп иштеген усталар, куруучулар көп оорушат. Бут кетменинин  узунунан  жаткан кобулу орточо бузулганда, тизенин ооруганы күчөйт, таман ысып сайгылашат, адамдын ба&shy;сыгы бузулат. Сыртынан караганда таман ан&shy;чалык өзгөрбөгөнү менен бара-бара кызыл ашык&shy;тын тегереги, согончок, буттун манжалары ши&shy;шигенсип, акырындык менен жалпак тамандуулук келип чыгат. Дарылоодо анын белгилерин аныктап, оорулуу&shy;ну карап көрүп, рентгенге тартып, кагазга из калтырып чийип, таман канчалык жалпайган&shy;дыгын, анын жумушка жөндөмдүүлүгүн, айрык&shy;ча аскер кызматына жарарын же жарабасты&shy;гын аныктоо ж-а дарылоо зарыл. Алдын алуу&shy;да дене тарбия ж-а спорт оюндарына үзбөй ка&shy;тышуу, сууда сүзүү өтө пайдалуу. Жалпак тамандуулукта бут&shy;ка күч келтире турган оюндар – оор атлетика, чуркоо, коньки тебүү жарабайт. Жалпак тамандуулук байкал&shy;ган кезде ортопед-врачка кайрылуу керек. Да&shy;рылоо гимнастикасы, укалоо, жылуу ванна пай&shy;далуу. Атайын батеги (супинатору) бар бут ки&shy;йимдерди же атайын супинаторду пайдалануу сунуш кылынат.  
өзгөчө орунду ээлейт. Бут кетменинин сөөктөрү бир нече майда ж-а орт. сөөктөрдөн турат. Бут кетмениндеги майда сөөктөргө келип бириккен шыйрактын булчуң эттеринин тарамыштары&shy;нын кандайдыр бир кырсыктардан же оорулар&shy;дан жабыркашы Ж. т-ка алып келет. Анда аде&shy;генде тизе, шыйрак, анан буттун таманы ооруп,
[[Категория:3-том, 215-326 бб]]
чарчагандгында шал оорусуна чалдыккан, оор кара жумуш жасаган, ыңгайсыз бут кийим көп кийген, ашыкча семирген адамдар, оор жүк көтөрүп ж-а тикесинен тик туруп иштеген уста&shy;лар, куруучулар көп оорушат. Узунунан жат&shy;кан кобулу орт. бузулганда, тизенин ооруганы күчөйт, таман ысып сайгылашат, адамдын ба&shy;сыгы бузулат. Сыртынан караганда таман ан&shy;чалык өзгөрбөгөнү м-н бара-бара кызыл ашык&shy;тын тегереги, согончок, буттун манжалары ши&shy;шигенсип, акырындык м-н Ж. т. келип чыгат. Дарылоодо анын белгилерин аныктап, оорулуу&shy;ну карап көрүп, рентгенге тартып, кагазга из калтырып чийип, таман канчалык жалпайган&shy;дыгын, анын жумушка жөндөмдүүлүгүн, айрык&shy;ча аскер кызматына жарарын же жарабасты&shy;гын аныктоо ж-а дарылоо зарыл. Алдын алуу&shy;да дене тарбия ж-а спорт оюндарына үзбөй ка&shy;тышуу, сууда сүзүү өтө пайдалуу. Ж. т-та бут&shy;ка күч келтире турган оюндар – оор атлетика,
чуркоо, коньки тебүү жарабайт. Ж. т. байкал&shy;ган кезде ортопед врачка кайрылуу керек. Да&shy;рылоо гимнастикасы, укалоо, жылуу ванна пай&shy;далуу. Атайын батеги (супинатору) бар бут ки&shy;йимдерди же атайын супинаторду пайдалануу сунуш кылынат. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
 

10:19, 2 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЛПАК ТАМАНДУУЛУК – тамандын кобу­лу түзөлүп, жалпак болуп калышы. Жумшак, жеңил басууда бут сөөгүнүн скелетинин түзүлүшү өзгөчө орунду ээлейт. Бут кетменинин сөөктөрү бир нече майда ж-а орточо сөөктөрдөн турат. Бут кетмениндеги майда сөөктөргө келип бириккен шыйрактын булчуң эттеринин тарамыштары­нын кандайдыр бир кырсыктардан же оорулар­дан жабыркашы жалпак тамандуулукка алып келет. Анда аде­генде тизе, шыйрак, анан буттун таманы ооруп, чарчагандай сезилет. Бир аз эс алганда оорусу жоголот. Мындай оорунун себеби тизеден башталып, бут кетменин кармап турган булчуң эттер, тарамыштар, чел кабыкчаларга күч келгендиктен алар чоюла берип, , акырында жалпак тамандуулук пайда болот.Жалпак тамандуулук көбүнчө кичинекей балдарда байкалып, бала чоңойгон сайын акырындык менен жоголот. Толук жана итий менен ооруган , кызыл ашык жана согончок сөөктөрү жабыркаган балдар, бала чагында шал оорусуна чалдыккан, оор кара жумуш жасаган, ыңгайсыз бут кийим көп кийген, ашыкча семирген адамдар, оор жүк көтөрүп жана тикесинен тик туруп иштеген усталар, куруучулар көп оорушат. Бут кетменинин узунунан жаткан кобулу орточо бузулганда, тизенин ооруганы күчөйт, таман ысып сайгылашат, адамдын ба­сыгы бузулат. Сыртынан караганда таман ан­чалык өзгөрбөгөнү менен бара-бара кызыл ашык­тын тегереги, согончок, буттун манжалары ши­шигенсип, акырындык менен жалпак тамандуулук келип чыгат. Дарылоодо анын белгилерин аныктап, оорулуу­ну карап көрүп, рентгенге тартып, кагазга из калтырып чийип, таман канчалык жалпайган­дыгын, анын жумушка жөндөмдүүлүгүн, айрык­ча аскер кызматына жарарын же жарабасты­гын аныктоо ж-а дарылоо зарыл. Алдын алуу­да дене тарбия ж-а спорт оюндарына үзбөй ка­тышуу, сууда сүзүү өтө пайдалуу. Жалпак тамандуулукта бут­ка күч келтире турган оюндар – оор атлетика, чуркоо, коньки тебүү жарабайт. Жалпак тамандуулук байкал­ган кезде ортопед-врачка кайрылуу керек. Да­рылоо гимнастикасы, укалоо, жылуу ванна пай­далуу. Атайын батеги (супинатору) бар бут ки­йимдерди же атайын супинаторду пайдалануу сунуш кылынат.