ЖОГОРКУ НЕРВ ИШИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖОГОРКУ НЕРВ ИШИ</b> – адам м-н жаныбар­дын | <b type='title'>ЖОГОРКУ НЕРВ ИШИ</b> – адам м-н жаныбар­дын борбордук нерв системасынын жогорку бөлүк­төрүнүн иши. И. П. <i>Павлов:</i> «Жогорку нерв иши бүтүндөй организмдин тышкы чөйрөгө нормал­дуу татаал катышын камсыз кылат», – деген. Ал организм бөлүктөрүнүн өз ара катышын башкаруу жагынан борбордук нерв системасынан айыр­маланат. Жогорку нерв иши жөнүндө окууну түзүүдө Павлов­го жол көрсөткөн И. М. <i>Сеченов</i> болгон. Ал «Мээнин рефлекстери» (1863) деген эмгегинде психикалык иш рефлекстеринин табиятына бай­ланыштуу экенин бекемдеген. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда жогорку нерв ишинин негизи борб. нерв системасынын жогорку бөлүктөрүнөн иштелип чыккан шарттуу ж-а шартсыз рефлекс болуп эсептелет. Мында чоң мээнин кыртыш ж-а кыр­тыш алдындагы бөлүктөрү тыгыз байланышта ж-а өз ара аракетте болуп, баары чогуу иште­шет. Организмдин тышкы чөйрөгө ыңгайланы­шы ар кыл шарттуу рефлекстердин пайда болу­шу ж-а жоголушу м-н жүзөгө ашат. Айбанат дүйнөсүнүн тарыхый өсүү процессинде жогорку нерв ишиндеги шарттуу ж-а шартсыз рефлекстин маа­ниси бир аз өзгөрөт. Омурткасыз ж-а жөнөкөй омурткалуу жаныбарлардын жүрүм-турумунда нерв ишинин кийин пайда болгон түрүнө кара­ганда тубаса түр үстөмдүк кылат, ал эми жаны­барлардын эволюция процессинде акырындык м-н жогорку нерв ишинде кийин пайда болгон форма ба­сымдуулук кыла баштайт. Булар барган сайын өзгөрүп, шарттуу рефлекстик иш жалпысынан тышкы чөйрөгө ыңгайлануунун активдүү кара­жатына айланат. Павловдун пикири боюнча та­таал түзүлүштүү жаныбарлардын (ит, маймыл) жогорку нерв иши адам ж-а жаныбарларга тең орток би­ринчи сигналдык системанын шарттуу реф­лекстеринин жыйындысына алып келет. Эмгек­тин социалдык түрлөрүнүн өсүшүнө байланыш­туу адамга гана тиешелүү экинчи кабар түйүнү пайда болот. жогорку нерв ишинде экинчи сигналдык сис­тема биринчиси м-н тыгыз байланыштуу болуп, адамдын жалпылоо, ойлоо жөндөмүнө негиз түзөт. Жогорку нерв иши жөнүндэгүү окуунун теориялык ж-а прак­тикалык мааниси чоң. | ||
«Мээнин рефлекстери» (1863) деген эмгегинде психикалык иш рефлекстеринин табиятына бай­ланыштуу экенин бекемдеген. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда | |||
чыккан шарттуу ж-а шартсыз рефлекс болуп эсептелет. Мында чоң мээнин кыртыш ж-а кыр­тыш алдындагы бөлүктөрү тыгыз байланышта ж-а өз ара аракетте болуп, баары чогуу иште­шет. Организмдин тышкы чөйрөгө ыңгайланы­шы ар кыл шарттуу рефлекстердин пайда болу­шу ж-а жоголушу м-н жүзөгө ашат. Айбанат дүйнөсүнүн тарыхый өсүү процессинде | |||
өзгөрүп, шарттуу рефлекстик иш жалпысынан тышкы чөйрөгө ыңгайлануунун активдүү кара­жатына айланат. Павловдун пикири | |||
Ад.: <i>Павлов И. П</i>. Полн. собр. тр. Т. З. М.; Л., 1949; <i>Анохин П. К.</i> Биология и нейрофизиология условного рефлекса. М., 1968. | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
10:04, 18 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ЖОГОРКУ НЕРВ ИШИ – адам м-н жаныбардын борбордук нерв системасынын жогорку бөлүктөрүнүн иши. И. П. Павлов: «Жогорку нерв иши бүтүндөй организмдин тышкы чөйрөгө нормалдуу татаал катышын камсыз кылат», – деген. Ал организм бөлүктөрүнүн өз ара катышын башкаруу жагынан борбордук нерв системасынан айырмаланат. Жогорку нерв иши жөнүндө окууну түзүүдө Павловго жол көрсөткөн И. М. Сеченов болгон. Ал «Мээнин рефлекстери» (1863) деген эмгегинде психикалык иш рефлекстеринин табиятына байланыштуу экенин бекемдеген. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда жогорку нерв ишинин негизи борб. нерв системасынын жогорку бөлүктөрүнөн иштелип чыккан шарттуу ж-а шартсыз рефлекс болуп эсептелет. Мында чоң мээнин кыртыш ж-а кыртыш алдындагы бөлүктөрү тыгыз байланышта ж-а өз ара аракетте болуп, баары чогуу иштешет. Организмдин тышкы чөйрөгө ыңгайланышы ар кыл шарттуу рефлекстердин пайда болушу ж-а жоголушу м-н жүзөгө ашат. Айбанат дүйнөсүнүн тарыхый өсүү процессинде жогорку нерв ишиндеги шарттуу ж-а шартсыз рефлекстин мааниси бир аз өзгөрөт. Омурткасыз ж-а жөнөкөй омурткалуу жаныбарлардын жүрүм-турумунда нерв ишинин кийин пайда болгон түрүнө караганда тубаса түр үстөмдүк кылат, ал эми жаныбарлардын эволюция процессинде акырындык м-н жогорку нерв ишинде кийин пайда болгон форма басымдуулук кыла баштайт. Булар барган сайын өзгөрүп, шарттуу рефлекстик иш жалпысынан тышкы чөйрөгө ыңгайлануунун активдүү каражатына айланат. Павловдун пикири боюнча татаал түзүлүштүү жаныбарлардын (ит, маймыл) жогорку нерв иши адам ж-а жаныбарларга тең орток биринчи сигналдык системанын шарттуу рефлекстеринин жыйындысына алып келет. Эмгектин социалдык түрлөрүнүн өсүшүнө байланыштуу адамга гана тиешелүү экинчи кабар түйүнү пайда болот. жогорку нерв ишинде экинчи сигналдык система биринчиси м-н тыгыз байланыштуу болуп, адамдын жалпылоо, ойлоо жөндөмүнө негиз түзөт. Жогорку нерв иши жөнүндэгүү окуунун теориялык ж-а практикалык мааниси чоң.
Ад.: Павлов И. П. Полн. собр. тр. Т. З. М.; Л., 1949; Анохин П. К. Биология и нейрофизиология условного рефлекса. М., 1968.