ЖОЛИО-КЮРИ Ирен: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Dilde moved page ЖОЛИО-КЮРИ 1 to ЖОЛИО-КЮРИ Ирен) |
(Айырма жок)
|
10:49, 18 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ЖОЛИО́-КЮРИ Ирен (12. 9. 1897, Париж – 17. 3. 1956, ошол жер) – француз физиги, коомдук ишмер, СССР ИАнын корр. мүчөсү (1947). П. Кюринин кызы. Париж университетин бүтүргөн (1920),

1934-жылдан Париж университетинин физика кафедрасын башкарган. Жолио-Кюринин негизги илимий иштери жасалма радиоактивдүүлүктү, ошондой эле аннигиляция процесстерин изилдеген. Ал серб физиги П. Савич м-н бирге (1939) урандын нейтрон м-н нурдантканда катар номуру 57 болгон элемент – лантанды алган. Жолио-Кюринин бул илимий табылгалары ядронун бөлүнүү реакциясын изилдөөдө чоң мааниге ээ болгон. Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк кеңешинин мүчөсү. Эл аралык конгресстин (1945), ошондой эле Тынчтыкты жактоочулардын бүткүл дүйнөлүк 1- (1949) ж-а 2- (1950) конгресстеринин катышуучусу. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1935).
Ад.: Шаскольская М. П. Ирен Жолио-Кюри // «Успехи физических наук». 1956, Т. 59. В. 4.