ЖОЛИО-КЮРИ Фредерик: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

10:51, 18 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ЖОЛИО́-КЮРИ Фредерик (19. 3. 1900, Париж – 14. 8. 1958, ошол жер) – француз физиги, коом­дук ишмер. СССР ИАнын чет элдик мүчөсү (1949;


корреспендент мүчө, 1947). 1923-ж. физика ж-а колдонмо химия мектебин бүтүрүп, М. Скло­довская-Кюринин лабор­сында иштеген. 1937-ж. Улуттук илим-изилдөө борборунда атомдук синтез боюнча лабор­аторияны башкарган. 1946–50-ж. Францияда атом энергиясы боюнча комиссариатты түзүү ж-а башкаруу ишине жетек­чилик кылган. 1956-жылдан Орс шаарындагы Ра­дий институнун лабориясын ж-а Ядролук физика институтун башкарган. 1928-жылдан Жолио-Кюри. атом ядросунун физикасы боюнча иштеген. 1934-ж. жу­байы Ирен Жолио-Кюри м-н бирге радиоак­тивдүүлүктүн жаңы түрүн – позитрондук радио­активдүүлүктү ачкан. Тынчтыктын бүткүл дүй­нөлүк советинин төрагасы (1950–58). Жолио-Кюри «Эл­дердин ортосунда тынчтыкты чыңдагандыгы

үчүн» Эл аралык Лениндик сыйллыктын лауреаты (1951).


Ад.: Фредерик Жолио-Кюри – выдающийся учё- ный, пламенный борец за мир // «Успехи физических наук». 1950. Т. 41, Вып. 3; Шаскольская М. П. Жо­лио-Кюри. М., 1966.