ИРИ МОЛЕКУЛАЛУУ БИРИКМЕЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ИРИ МОЛЕКУЛАЛУУ БИРИКМЕЛЕР – мол. массасы бир нече миңден бир нече миллионго жеткен бирикмелер (макромолекулалар). Алар­дын курамында бири-бири м-н негизги валент­түүлүктөрү аркылуу байланышкан жүздөгөн ж-а миңдеген атомдор болот. Алар табиятта ке­ңири таралган ж-а өтө көп санда синтездик жол м-н алынган. Жаратылышта кездешүүчүлөргө целлюлоза, крахмал, белок заттары, табигый каучуктар ж. б. тиешелүү, ал эми синтез жолу


м-н алынган макромолекулаларга полиолефин­дер, полибутадиен, полистирол, полиамиддер, полиэфирлер, элемент орг. полимерлер ж. б. кирет. Синтезделген макромолекулалар кош байланышы бар ж-а циклдүү бирикмелердин полимерленишинен же ди­ж-а полифункция­луу бирикмелердин поликонденсацияланышы­нан алынат. Чынжырчаларынын курамы б-ча карбочынжырлуу, гетерочынжырлуу ж-а эле­мент орг. болуп үчкө бөлүнөт. К а р б о ч ы н­ж ы р л у у макромолекулалардын негизги чын­жырчасы жалаң гана көмүртек атомдорунан туруп, алардын капталдарында кычкылтек, галогендер, азот атомдору болушу мүмкүн. Алар­га полиолефиндер, табигый каучуктар, полисти­рол, поливинилспирти, поливинилхлорид, по­литетрафторэтилен, полиакрилонитрил ж. б. тиешелүү. Г е т е р о ч ы н ж ы р л у у полимер­лердин негизги чынжырчасында көмүртек атом­дорунан башка да кычкылтек, азот, күкүрт, фосфор атомдору болот, мындай полимерлерге жөнөкөй ж-а татаал полиэфирлер, полиамид­дер (белоктор да), целлюлоза, крахмал, ДНК, РНК ж. б. кирет. Э л е м е н т о р г. полимер­лер жаратылышта кездешпейт, синтез жолу м-н гана алынат. Алардын негизги чынжырча­сында көмүртек атомдорунан башка Si, В, Аl, Тi, Sn сыяктуу табиятта кездешүүчү орг. заттар­дын курамында жок поливаленттүү элементтер болот, мис., кремнийорг., борорг., калайорг. ж. б. полимерлер. И. м. б. түзүлүштөрү б-ча түз сызыктуу, тармакташкан ж-а тор сымал болуп да бөлүнөт. Түз сызыктуу макромолекулалар узун чынжырчалардан туруп, капталдарында­гы тармакташуу бир мономер звеносунан ашык болбойт. Мис., аларга табигый каучук, жөнөкөй ж-а татаал полиэфирлер, синтезделген полиамид­дер ж. б. тиешелүү. Тармакташкан макромоле­кулалардын негизги узун чынжырчаларынын капталдарында бир нече кыскараак чынжыр­чалар болот. Мис., жалганган сополимерлер, кээ бир белоктор, үч ж-а андан көп функциялуу топтору бар бирикмелерди поликонденсациялоо­до алынган полиэфирлер, полиамиддер ж. б. Бир нече түз сызыктуу макромолекулалар бири-бири м-н негизги валенттүүлүктөрү аркылуу көпүрө сымал кыска звенолор м-н байланышкан поли­мерлер тор сымал И. м. б. деп аталат. Буларга вулканизацияланган каучуктар, фенол-фор­мальдегид чайырлары (резит) ж. б. таандык. Тор сымал макромолекулалар эч бир эриткичтерде эрибейт. Алар эл чарбасынын бардык тармак­тарында колдонулат.


Ад.: Лосев И. П., Простянска Е. Б. Химия синте­тических полимеров., М. 1964; С. Адылов, Ү. Асанов. Органикалык химия курсу. Б., 2000.

С. Адылов.