ИРЛАНДИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ИРЛА́НДИЯ (ирландча Еire, англ. Irе1аnd) – Ба­тыш Европадагы мамлекет. Ирландия а-нын 5/ 6 бөлүгүн, о. эле анын батыш жээгине жакын жай-

гашкан чакан аралдарды (Акилл, Аран, Клэр ж. б.) ээлеп, Улуу Британия ж-а Түн. Ирлан­дия Бириккен Королдугуна кирген Түн. Ирлан­дия м-н чектешет. Чыгышынан Улуу Британия­дан Ыйык Георг кысыгы ж-а Ирланд деңизи ар­кылуу бөлүнөт. Түн.-батышын, батышын ж-а түштүгүн Атлантика океаны чулгайт. Европа­дан Түн. Америкага кеткен деңиз жолунда жай-

гашкан. Аянты 70,2 миң км2. Калкы 4364,5 миң (2008). Борбору – Дублин ш. Мамл. биринчи тили – ирланд (гэль) тили, экинчиси – англис тили. Акча бирдиги – евро. И-нын аймагы 4 тарыхый провинцияга – Коннахт, Ленстер, Манс­тер ж-а Ольстерге (Ольстердин негизги бөлүгү Түн. Ирландиянын курамына кирет) бөлүнөт. Адм.-айм. жактан 29 графтыктан ж-а 5 шаар­графтыгынан турат.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)

И. – БУУнун (1955), Европа советинин (1949), Европа союзунун (1993; 1973–92-ж. ЕККУнун (1973), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1957), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1957) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. И. – унитардык мам­лекет. Конституциясы 1937-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик респ. Мам­лекет башчысы – президент (добуш берүү жолу м-н 7 жылга, бирок эки мөөнөткө гана шайла­на алат). Ал мыйзамдарды жарыялайт, судья­ларды жогорку кызмат адамдарын дайындайт, куралдуу күчтөрдү башкарат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент, ага президент, өкүлдөр палатасы ж-а сенат кирет. Аткаруу бийлигинин башчы­сы – премьер-министр. Президент өкүлдөр па­латасынын сунушу м-н премьер-министрди, ал эми өкмөттүн башка мүчөлөрүн премьер-мини­стрдин сунушу б-ча дайындайт.
Саясий партиялары: Фине гэл (Бириккен Ир­ландия партиясы, 1933-ж. негизделген), Фиан­на фойл («Тагдыр аскерлери», 1926), Лейборист­тик партия (1912) ж. б.

Табияты

. И. аралынын чыгыш жээги көбүнчө жапыз, тегиз, түштүгү булуң-буйткалуу, баты­шында терең булуңдар бар, айрым жээктери риас тибинде. Борб. аймактарында түздүктөр ба­сымдуу; жээкке жакын айрым тоо массивдери 1041 м бийиктикке чейин (Керри тоосу өлкөнүн

Борбордук ойдуңдагы агроландшафт.

эң бийик жери) көтөрүлөт. Чым көң, коргошун, цинк, таш көмүр, алтын ж. б. кендери бар. Ме­лүүн океандык, дайыма нымдуу климат өкүм сүрөт. Ал негизинен атлантикалык циклондор­дон улам пайда болот. Кышы жумшак (январ­дын орт. темп-расы 5–8°С), жайы серүүн (июл­дуку 14–16°С). Жылдык жаан-чачыны 700– 1500 мм, тоолордун батыш капталдарында 2000 ммден ашык. Суусу мол дарыялар (эң ири­си – Шаннон), көл ж-а саз көп. Өлөң чөп, да­йыма жашыл бадалдар, шалбаа, тоолоруна эмен, кайың, мырза карагай мүнөздүү (өлкөнүн айма-


Ирландиянын деңиз жээги.

гынын 4%ин токой ээлейт). Өлкөнүн табиятын коргоого алган 104 табигый аймак (а. и. 6 улут­тук парк, биосфералык резерваттар, табият коруктары) бар; Уэксфорд резерватында (эл аралык маанидеги суулуу-саздак жер) Гренлан­дия кашка казынын дүйнөлүк популяциясынын 1/ и кыштайт.

Калкы

. Негизги калкы (88,8%и) ирланддар (а. и. гэлдер ж-а цыган-шелттер да бар). Иммиг­ранттар ж-а алардын тукумдары (жалпы калк­тын 11,2%) негизинен Дублиндин тегерегинде


Дублин – Ирландиянын борбору.

жашайт, алардын 2,7%и англистер ж-а шот­ланддар; о. эле Европадан келгендер да арбын. 100 жылдан ашуун мезгил ичинде (1841–1961) И-нын калкы кескин кыскара баштаган. 1961-ж. чейин 2,82 млнго кыскарган. Эмигра­циянын мындай кескин күчөшүнө 1845–47-ж. картөшкөнүн түшүмү болбогондугу ж-а эпиде­миол. оорунун башталышы себеп болгон. 1960- жылдардан калктын саны акырындап өсө баш­таган. 21-к-дын башталышында төрөлүүнүн дең­гээли (1000 адамга 14,45 бала) ж-а калктын та­бигый өсүүсүнүн темпи б-ча (0,66%) Европада алдыңкы орундардын бирин ээледи. И. – Евро­падагы калкы эң жаш өлкөлөрдүн бири; 15 жаш­ка чейинки өспүрүмдөр 20,9%, эмгекке жарам­дуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 67,6%, 65 жаштан өткөндөр 11,6% (2006). И. калкы­нын орт. жыштыгы (1 км2 жерге 60 адам) ж-а шаар калкынын саны (59,3%) б-ча Европада арткы орундардын бирин ээлейт. Ири шаарла­ры: Дублин (калкы 1,7 млн; өлкөнүн калкы­нын 40%и), Корк (380 миң), Голуэй (90 миң), Лимерик (100 миң), Уотерфорд (50 миң). Кал­кынын 88%и католиктер.

Тарыхы

. И-нын аймагын адам б. з. ч. 6-миң жылдыкта мекендеген, б. з. ч. 4-к-да кельт уруу­лары жашай баштаган. Алгачкы к оомдук түзүлүш кландык (уруу) уюм формасында болуп, анын саркындылары 17–18-к-га чейин сактал­ган. 3-к. ченде пайда боло баштаган чакан ай­мактык бирикмелердин негизинде алгачкы мам­лекеттер түзүлгөн. 5-к-да христиан дини тарай баштаган. 795-ж. И-ны норманндар басып кир­ген, бирок алар 1014-ж. кайра ирландиялык кошуундардан жеңилген. 1169–71-ж. И-ны англис-норманн феодалда­ры басып алып, анын түш.-чыгыш жээгинде англ. Пейл колониясы түзүлгөн. Шаарларда кол өнөрчүлүк м-н соода өнүгүп, мал чарбасы негиз­ги тармакка айланган. Англ. колониячыл сая­сат 16-к-да өзгөчө күчөп, 16-к-дын аягы – 17-к­дын башында Манстер, Ольстер ж-а Лентердин бир бөлүгү колонияга айландырылган. Колония­чыларга каршы көп жолу көтөрүлүш чыккан. 16–17-к-да Англия бүткүл И. жеринин 6/ бөлү­гүнө жакынын ээлеген. -к-дын аягында И-да ири мануфактура м-н фабрика тибиндеги ишканалар пайда болгон. 1798-ж. «Бириккен ирландиялыктар» (1791-ж. негизделген) коому уюштурган көтөрүлүш ба­сылган соң, И-нын 1782–83-ж. берилген пар­ламенттик автономиясы жоюлган (1801). -к-да И. метрополиянын агрардык базасы­на айланган. Эмиграциянын күчөшү И-нын та­рыхый өнүгүшүнүн мүнөздүү белгилерине айлан­ган. 19-к-дын 70–80-жылдары гомруль (Британ империясынын чегинде өзүн өзү башкаруу) үчүн күрөш күчөп, анын жүрүшүндө Гомруль лигасы­нын (1873-ж. негизделген) өкүлдөрү башында турган бурж.-либералдык элементтер м-н улут­тук кыймылдын рев-ячыл-демокр. тарабы би­риккен. 1905-ж. түзүлгөн Шин фейн партиясы И-нын саясий-экон. өз алдынчалыгы үчүн күрөшкөн. 1912-ж. Лейбористтик партия негизделип, анын жетекчилери реформачыл саясат жүргүзгөн. И-дагы рев-ялык кырдаал англ. либералдык өк­мөттү 1912–14-ж. парламентке гомруль ж-дө билль (мыйзам долбоору) киргизүүгө мажбур­лаган. Бирок аны Улуу Британия м-н И-нын реакциячыл чөйрөсү четке каккан. Улуттук таламдарды революциячыл жол м-н ишке ашы-

Кельт крести.

рууну көздөгөн 1916-жылдагы И. көтөрүлүшү ырайымсыз басылган.
Улуттук-боштондук кыймылы күч алып, 1919-ж. январда И-нын көз карандысыздыгы жарыяланган. 1921-ж. декабрда Улуу Британия м-н И-нын ортосунда кол коюлган келишим б-ча И. доминиондук статус алган. Бирок түш.- чыгыштагы ө. ж. өнүккөн 6 графтык Улуу Британиянын бийлигинде калган. 1922–23-ж. гражд. согуш респ-чыл күчтөрдүн жеңилиши м-н аяктаган. Өлкөдө 1932-ж. чейин полиция­лык кысым тартиби орногон. 1932-ж. бийликке келген Де Валердин (1948-ж. чейинки премьер­министр) өкмөтү Улуу Британия м-н коло­ниялык байланышты үзгөн. 1937-ж. И-нын жаңы конституциясы кабыл алынып, ага ыйык Британиянын мурдагы доминиону «Эйре суве­рендүү мамлекети» болуп жарыяланган. 2-дүй­нөлүк согуштун башында И. өкмөтү өзүнүн бей­тараптыгын билдирген. Өлкө аймагынын бир бөлүгүн Улуу Британия бийлеп турган кезде Ан­глия м-н И. согуштук союз түзүүнү мүмкүн эмес деп эсептеген. И. 1949-ж. көз карандысыз респ. деп жарыяланып, ал Британ шериктештигинен чыккан.
И. – 1955-жылдан БУУ-нун мүчөсү. И. өкмөтү 1963-ж. ядролук куралды сы­ноого тыюу салуу, 1968-ж. ядролук куралды таратпоо ж-дөгү келишимдерге кол койгон. 1990-жылдардын баш че­нинде өлкөдө экон. өсүш башталып, ал ирландия­лык «экономикалык кере­мет» («кельт жолборсу») деп аталган. Курулуш, ма­алыматтык технология ж. б. секторлордун өтө тез темпте өнүгүүсү байкалган. 1998-ж. к ол к ою лган Англия – И. макулдашуу­сунун шарты б-ча Түн. И. жашоочуларынын каалоо­су б-ча Британиянын кара­магында болот. Ошол эле учурда Түн. И-нын калкы И. м-н биригүүнү кааласа, эки тарап тең бардык ча­раларды колдонушу белги­ленген. 1998-ж. референ­думда 94% ирландиялык­тар «улуттук аймактарды бириктирүү» маселесин кол­догон. 1999-ж. И. НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөш­түк» программасына ко­шулган. 2002-ж. евро зона­сына кирген.

Чарбасы

. И. – дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү 177,2 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 41,8 миң доллар­ды түзөт (И. – бул көрсөткүчү м-н дүйнөдө Люк­сембург, Норвегия ж-а АКШдан кийинки 4-орун­ду ээлейт). 21-к-дан И. экспорттук чарбага багыт алууда: иштеп чыгаруучу ө. ж. продукциясы­нын 80%тен ж-а а. ч. продукциясынын 50%тен ашыгы экспорт үчүн өндүрүлөт. Ошол эле мез­гилде ө. ж. сырьёсунун 80%тен ашыгы сырттан алынат; өлкөнүн рыногунда о. эле импортук ма­шина, жабдуу, химикат ж. б. даяр продукция­лардын үлүшү да зор. Өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүүсү айрым социалдык теңсиздикти жа­ратты (калктын кирешесинин деңгээли б-ча эң бай кат мары м-н эң жакыр к ат марынын ортосундагы айырмачылык өтө зор, бул көр­сөткүч б-ча экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунда), жумушчу күчүнүн ж-а аянтты ижарага алуунун баасы көтөрүлдү ж. б. ИДПнин 60%ин тейлөө чөйрөсү, 37%ин ө. ж. ж-а курулуш, 3%ин а. ч., токой чарбасы ж-а балык кармоо түзөт. Экономикасы 2 секторго бөлүнөт: ири чет өлкөлүк (негизинен жогорку технологиядагы ө. ж. тармактары:


Ирландиядагы айыл ландшафты.

электроника, машина куруу, химия) ж-а улут­тук (тармак-аш ж-а жеңил ө. ж.). Ө. ж. өндүрү­шүнүн көлөмү акыркы жылдары негизинен чет өлкөлүк компаниялар чыгарган продукциялар­дын тез көбөйүшүнө байланыштуу. Чет өлкөлүк компанияларга ИДПнин 1/ инен ашыгы, өл­көнүн экспортунун 92%и таандык. Мамл. ком­паниялар энергетика, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо ж. б. чөйрөлөрдүн негизги тармактарын көзөмөлдөйт.
Ө. ж. – И-нын экономикасынын башкы ж-а туруктуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Анын үлүшүнө иштегендердин 15%тейи (298 миң адам) ж-а ИДПнин көлөмүнүн 17%и туура ке­лет. Ө. ж. продукциясын сатуу 2005-ж. 4 эсеге өскөн. Ө. ж. продукциясынын сатуу наркынын 62%тейи жаңы жогорку технологиялуу 3 тар­макка таандык (2005): химия-фармацевтикалык ж-а химия ө. ж.; электроника ж-а электр-тех. ө. ж.; информ. продукцияларды өндүрүү ж-а таратуу: программалык, магниттик (аудио-, видео кассеталар ж. б.) ж-а оптикалык (CD, DVD-диск ж. б.) алып жүргүчтөр ж. б. Ички ресурстарынын эсебинен өлкө электр энергиясына болгон муктаждыгынын 40%ин ка­нааттандырат. Энергия балансындагы импорт­тук нефтинин үлүшү кыскарып, табигый газ­дын ж-а көмүрдүн үлүшү көбөйүүдө. Чым көң м-н иштеген ири электр станциясы курулган. Отун-энергетикалык балансынын структурасын­да 58%ти нефть ж-а нефть продукциясы, 22%ти табигый газ, 13%ти көмүр, 4%ти чым көң, 1%ти биомасса (жыгач отун), 2%ти башка ка­лыбына келүүчү энергия түрлөрү (гидроэнергия, шамал энергиясы) түзөт. И-нын түштүгүндө (Корк графтыгында) өлкөдөгү нефть ажыратуу­чу жалгыз з-д иштейт. 2005-ж. 25 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 91%и ЖЭС-ке, 4%и ГЭСке, 5%и шамал энергиясына туура келет. Дүйнөдөгү эң ири шамал энергия курул­масы өлкөнүн чыгыш жээгинде (Арклоу ш-на жакын) курулууда. Түстүү металлургиянын не­гизги тармагы – глинозём өндүрүшү (алюми­ний ө. ж. үчүн сырьё), о. эле полиметалл кен­таштарын казып алуу ж-а байытуу. 2005-ж. 1,5 млн т глинозём, 429 миң т цинк концентраты, 64 миң т коргошун концентраты, 6 т күмүш өн­дүрүлгөн. Ө. ж-нын башкы тармагы – машина ку ру у; анын пр одук ци яс ынын нар кынын 90%тен ашыгы электроника ж-а электр-тех. ө. ж-на таандык. Анын негизги продукцияла­ры: жекече компьютер ж-а офис техникалары,

Дублиндеги эл аралык каржы (финансы) борбору.

телекоммуникация жабдуулары, электр-тех. буюмдары, прибор куруу продукциялары, авто­мобиль электроникасы. Жекече компьютер чыгаруу б-ча (2005-ж. 12 млн даана) И. Улуу Британиядан ж-а Германиядан калышпайт, ал эми аны экспорттоо наркы б-ча (1006-ж. 18,4 млрд евро) Европада 1-орунда. Тамак-аш (эт, сүт, пиво кайнатуу, спирт, ун ж. б.), текстиль, ки­йим тигүү тармактары да өнүккөн. Курулуш ма­териалдар ө. ж. жерг. сырьёлордун (акиташ, гипс, доломит, гранит ж. б.) негизинде иштеп, ички рынокко багытталган.
А. ч-нын негизги тармагы – мал чарбасы. И. эт, сүт, жумуртка ж. б. мал чарба ж-а дыйкан­чылык (картөшкө, арпа, сулуу, тамыры тоют өсүмдүктөр) продуктуларына болгон ички мук­таждыкты толук камсыз кылат. О. эле И. – мал чарба продуктусун экспорттоочу бирден бир өлкө. А. ч-га жарактуу жери 4,3 млн га (өлкөнүн аянтынын 62%и), анын 91%и шалбаа ж-а жа­йыт, 9%и айдалат (дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөт­күч). 2005-ж. 6,9 млн бодо мал ( 1,1 млну саан уй), 1,7 млн чочко, 6,2 млн кой, 72 миң жыл­кы, 12 300 миң үй кушу болгон. Мал чарбасы-

Эт багытындагы мал үйүрү.
Ирландия акчасы.

нын маанилүү тармагы – эт багытындагы мал асыроо. Балык кармалат.
И. экономикасынын ири ж-а өтө ылдам өнү­гүп жаткан сектору – тейлөө чөйрөсү. И. тейлөө­нү экспорттоо б-ча дүйнөдө 10-орунду ээлейт. Негизги тейлөө чөйрөлөрү: дүң ж-а чекене соо­да, финансы, ишкердик ж-а адистик кызмат, мейманкана бизнеси ж-а коомдук тамактануу, билим берүү, о. эле транспорттук, байланыш, адм. тейлөөлөрү. Тез темп м-н өнүгүп жаткан финансы, ишкердик ж-а адистик тейлөө (а. и. компьютердик тейлөө да) мекемелери негизинен Дублиндин тегерегинде жайгашкан. Мында баш­кы улуттук банктын, чет өлкөлүк ж-а эл ара­лык 450 банктын филиалдары ж-а бөлүмдөрү орун алган. Кеңеш берүүчү 700гө жакын фирма­лар аудит, бухгалтердик эсеп, салык салуу ж. б. б-ча тейлейт. И. – дүйнөгө финансылык, иш­кердик ж-а адистик тейлөөнү экспорттоочу не­гизги өлкө; о. эле Европанын негизги офшор­дук зонасы болуп саналат. И. компьютердик тейлөөнүн көлөмү (компьютердик ж-а телеком­муникациялык жабдууларды пайдалануу, про­граммалык камсыздоону иштеп чыгуу, маалы­мат базасын түзүү ж. б.) б-ча Европада 1-орунду ээлейт. Рекреациялык тейлөө ж-а туризм ИДП-нин 6%ин түзөт. Туризмден түшкөн кирешенин жалпы көлөмү – 5,4 млрд евро. 2006-ж. И-га 7,4 млн чет өлкөлүк турист келген.
И. – дүйнөдөгү ички транспорттук коммуни­кациясы эң жыш өлкө. Автомобиль жолунун уз. 96,6 миң км. Негизги автомагистралдары Дублинди өлкөнүн – Корк, Лимерик, Уотерфорд, Голуэй, Слайго сыяктуу ири шаарлары, о. эле Белфаст (Түн. Ирландия) м-н байланыштырат. Атлантика океанын жээктей Голуэйден түштүк­тү карай – Лимерик, Корк, Уотерфордго кеткен (Атлантика коридору деп аталган) автомагист­ралдын мааниси зор. Т. ж-нун уз. 3312 км (2005). Деңиз транспорту чет өлкөлөргө ташылган жүктүн негизги бөлүгүн ж-а эл аралык жүр­гүнчүлөрдүн 10%тейин ташыйт. Өлкөдө 36 аэро­порт бар, анын ирилери – Дублин, Шаннон, Корк ш-нда. Ички суу жолунун уз. 753 км (рек­реациялык максатка гана пайдаланылат). Ма­гистралдык газ куурунун уз. 1728 км (2006).
Экспортко электрондук ө. ж. товарлары, дары­дармек, о. эле машина ж-а жабдуу, химикат, тирүүлөй мал, мал чарба продуктулары, алко­голь ичимдиктерин чыгарып, сырттан электро­ника үчүн компоненттерди, машина куруу про­дукцияларынын башка түрлөрүн, химикаттарды, нефть ж-а нефть продуктуларын, текстиль, ки­йим ж-а бут кийим алат. Негизги соода шерик­тери: Улуу Британия (импорт м-н экспорттун

Дублин деңиз порту.

1/ ), АКШ, Германия, Франция, Бельгия, Ни­дерланд.

Маданияты

. И-да башталгыч ж-а орто билим алуу милдеттүү түрдө ишке ашырылат. Баштал­гыч мектептердин көбү мамлекет тарабынан каржыланат, ал эми айрым жерлерде чиркөө­лөргө караган мектептер да бар. 1960-ж. чейин орто билим берүүчү мектептер жеке менчик же чиркөөлөргө караса, 1966-жылдан мамлекеттин карамагына өтүп, кошумча жаңы мектептер са­лынган. ЖОЖдору: Дублин ун-ти (королева Ели­завета I тарабынан 1591-ж. негизделген), Ирлан­дия улуттук ун-ти (1908-ж. коллеждер федера­циясы катары уюшулган, учурда Корка, Дуб­лин, Голуэй ж-а Мейнуттагы окуу жайлары карайт), Мейнуттагы улуттук ун-т (католик се­минариясы катары да эсептелет), Дублин ш-дык ун-ти (1980) ж-а Лимерика ун-ти (1989) ж. б. И-да 13 техникум ж-а бир катар пед. коллеж­дер бар. Ирландия королдук академиясы бар­дык тармактарда ил. изилдөөлөрдү жүргүзөт ж-а каржылайт. Булардан тышкары, И. корол­дук иск-во академиясы, И. королдук музыка ака­демиясы бар.
И-да 1931-ж. негизделген «Айриш индепен­дент» (82 миңден ашык нуска), «Айриш таймс»


Ардмордогу мунара. 8–10-к.

(117 миң нуска), «Ивнинг геральд» (95 миң) ж. б. күнүнө 5 млндон ашык нускада гезиттер жарык көрөт. 1926-ж. радио уктуруу, 1961-ж. теле­көрсөтүү башталган. Учурда улуттук коомдук эки тармак ж-а аймактык радио станцияларын камтыган мамл. «Эйре радио ж-а телекөрсөтүү» (RTE) компаниясы, бир коммерциялык радио уктуруу ж-а 21 жерг. коммерциялык станция­лар бар. Телекөрсөтүүлөр үч мамл. каналда (экөө англис, бирөө ирланд тилинде) көрсөтүлөт.
Б. з. алгачкы к-дарында Кухулин ж-дөгү баа­тырдык эпос жаралып, 8–9-к-да жазылып алын­ган. О. кылымдарда бард (профессионал акын­дар) поэзиясы жогору өрүш алып, 18-к-да төмөн­дөп кеткен. Англиянын колониясы болуп тур­ган учурда ад-ты жай өнүккөн. 18-к-дагы поэ­зияда (Ф. О,Найв, Ж. Нажент, Б. Мерримен ж. б.) патриоттук идеялар камтылган. 18-к-дын аягында ирланд ад-ты м-н фольклорунун сал­тын уланткан англис тилиндеги ирланд ад-ты (Т. Мур, Ж. Гриффин, У. Карлтон ж. б.) маани­лүү орун ээлеген. 19-к-дын аягында «Ирланд кай­ра жаралуусу» деген маданий кыймыл башта­лып, ага драматург У. Б. Йейтс (1865–1939), акын­дар Ж. Рассел (1867–1935), Ж. Стивенс (1882– 1950), драматург А. Грегори (1852–1932), жазуу­чу П. Колум (1881–1972) ж. б. жигердүү катыш­кан. Улуттук-боштондук кыймыл Ш. ОКейси­нин (1880–1964) драмалары м-н прозасында, П. ОДоннелдин, Ш. ОФаолейндин ж. б. чыгар­маларында негизги темага айланган.

Кайлмор сепили. 1867–71.

И. иск-восунун башаты кельттердин көркөм мад-тынан башталат. 5–11-к-да И-да мунаралуу чиркөөлөр курулуп, китеп миниатюралары түзүлгөн. 12–16-к-да имараттар готика ж-а ро­ман стилинде салынган. Кийин Англия үстөм­дүгү И-нын иск-восуна да күчтүү таасирин тий­гизген. И. иск-восу 18-к-дын аягынан (живопис­чилер У. Осборн, Н. Хоун Кенже ж. б.) тартып жандана баштап, 20-к-да улуттук реалисттик мектеп (живописчилери Жон Б. Йейтс, Ч. Лэмб ж. б.) калыптанган.
Кельттердин көп үндүү хору тууралуу ирланд сагаларында эскерилет. Жига, рил, хорнпайт, сетданс бийлеринин ирландча түрлөрү бар. 16– 17-к-да ак сөөктүк муз. чөйрөдөн профессионал комп-лор Рор Долл О’Катайн, Ж. ж-а Х. Скот­тор, Т. ж-а У. Конелландар чыккан. Романти­калуу И. балладасы ж-а эски арфа музыкасы

Ж. Китинг. «Аллегория» чен. 1922-ж.

18–19-к-да Европада кыйла бааланган. Белгилүү музыканттары: арфачы, комп. Д. Мёрфи, ырчы, комп. М. Келли (18-к.), опералардын автору, ыр­чы М. Бальф (19-к.), ноктюрн жанрын негиз­дөөчү Ж. Филд (19-к.) ж. б. Биринчи ирланд операсы 1909-ж. жазылган. Улуттук симфония­лык (1948), Ирландия камералык (1963) ор­кестрлери, Ирландия королдук музыка акаде­миясы (1848) иштейт. Ар кыл эл аралык муз. фестивалдар өткөрүлөт. 19-к-дын акырынан У. Б. Йейтс ж-а А. Грего­ринин демилгеси м-н И. адабий театры түзүл­гөн. 1901-ж. ал ышкыбоздор м-н биригип, И. улуттук драма коомуна, кийин аббаттык театр­га айланган. 1922-ж. драма союзу түзүлгөн. 1929-ж. Э. Хилтон ж-а Мак-Лиаммор театр уюш­турган. 1939-жылдан аббаттык театр гель ти­линде оюн көрсөтөт.


Ад.: Колпаков А. Д. Ирландия – остров мятежный. М., 1965; Афанасьев Г. Е. История Ирландии. М., 2007; Ирландия // Большая Российская энциклопе­дия. Т. 11. М., 2008.

Т. Өмүрканова.