ИРЛАНД ТИЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ИРЛА́НД ТИЛИирланддардын тили. Ирлан­дия мамлекетинин расмий эки тилинин бири.


Улуу Британияда, Түн. Ирландияга да тарал­ган. Кельт тилдеринин гойдель тобуна кирет. Жазмасы латын алфавитинин негизинде (7-к.). И. т. тарыхы төрт мезгилге бөлүнөт: 1) байыр­кы, б. а. огам мезгилине (4-к-да башталган) огам жазуусу м-н жазылган байыркы ирланд жазуу эстеликтери таандык; 2) байыркы ирланд мез­гилинде (6-к-дын ортосунан, 5-к-дын аягы, 6-к­дын башында түзүлгөн латын графикасынын не­гизиндеги жазуу пайдаланылган; 3) ортоңку ирланд (11-к-дан баштап), мезгилинде байыр­кы ирланд жазуу эстеликтери м-н катар көп­төгөн адабий эстеликтер жаралган. 4) жаңы ирланд мезгили (13-к-дан башталган). И. т-нин мунстер, коннахт, ольстер, лейнстер (20-к-дын башында эле жоголуп кеткен) деген 4 диалекти белгилүү.