ИРРАЦИОНАЛДЫК САН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИРРАЦИОНАЛДЫК САН – рационалдык эмес (бүтүн же бөлчөк эмес) сан, б. а. а/b (мында а, b бүтүн сандар, b/0) түрүндө туюнтууга мүмкүн болбогон сан. И. с. геом. түрдө бирдик узундуктагы кесинди м-н ченелбөөчү кесиндинин узундугун туюнтат. Чыныгы И. с-дар Дедекинд кесилиши м-н же мезгилсиз ондук бөлчөк түрүндө туюнтулушу мүмкүн, мис., 0,010010001..., 2 =1,41 ..., π=3,14...,lg7, сos29°31′ ж. б. иррационалдык катыштардын болушу (мис., квадраттын диагоналдарынын анын жактарына болгон катышынын иррационалдуулугу) байыртан эле белгилүү болгон. а санынын иррационалдуулугун немис математиги И. Ламберт (1766) аныктаган. Ошондой болсо да И. с-дын так теориясы 19-к-дын 2-жарымында гана түзүлгөн (немис математиктери Р. Дедекинд, Г. Кантор, К. Вейерштрасс). И. с-дардын көптүгү эсепсиз. И. с. рационалдык эмес алг. сан ж-а трансценденттик санга айырмаланат, к. Сан.