ИСАБАЕВА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСАБАЕВА Валентина Абдылдаевна (27. 11. 1927, Ысык- Көл обл, Тоң р-ну, Төрт-Күл айылы – 2001, Бишкек) – физиолог, медицина илимд. доктору (1976), проф. (1977), Кыргыз ССР

ИАнын корр. мүчөсү (1961). Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1977). КММИни бүтүргөн (1951). Кыргыз ССР ИАнын Крайлык медицина ин-тунун сектор башчысы (1955–57), Кыргыз ССР Курортология ж-а физиотерапия ИИИнин директорунун орун басары (1957–62), КММИнин ректору (1962–71), Кыргыз ССР
ИАнын Бийик тоо физиологиясы ж-а эксперименттик патология ин-тунун директору (1971– 82), 1983-жылдан ушул эле ин-тта лабор. башчысы, КММИде жетектөөчү адис болуп иштеген. Кандын физиологиясы ж-а табигый адаптация физиологиясы б-ча адис. И-нын изилдөөлөрү тоодо ж-а эксперименттик гипоксия шартында жалпы биол. мааниси бар адаптациянын физиол. негизинин бир катар олуттуу закон ченемин түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. 200дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 13 монография, 4 окуу китептин автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (5–8-шайланышынын) депутаты, Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Хеморецепторы гемокоагуляции и высокогорье (в соавторстве). Ф., 1973; Система свёртывания крови и адаптация к природной гипоксии. Л., 1983; Медицинская география Киргизии (в соавторстве). Ф., 1988.