ИСАКОВ 2: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСАКОВ Исабек (1. 9. 1933-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Кочкор айылы) – акын, Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. кызматкер (1983), Кыргыз ССР эл агартуунун отличниги (1966), СССР журналисттер Союзунун (1959), Жазуучулар Союзунун мүчөсү (1963) Кыргыз. мамл. пед. ин-тун 1958-ж. бүткөн. 1952–66-ж. «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу секретарь, 1967-ж. «Кыргызстан маданияты» жумалыгында жооптуу секретарь, башкы редактордун орун басары, 1973– 85-ж. башкы редактор, 1985–87-ж. «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, 1993–99-ж. Чүй, Ысык-Көл, Нарын обл. б-ча адабий кеңешчи болуп иштеген. «Ороз менен короз» (1959), «Айга учам» (1967), «Учкул канат» (1959), «Күн менен сүйлөшүү», «Өмүр сапары» (1971), «Мекен мөмөлөр» (1977), «Алтын балалык» (1980), «Ата журт толкундары» (1983) ж. б. ырлар ж-а поэмалар жыйнактары, «Турсундун тамашасы» (1960), «Дыйкан жазы» (1969), «Тоо достору» (1970) повесть, аңгемелери жарык көргөн. «Жаш өмүрлөр» (1973), «Жол нурлары» (1978), «Күн жарыгы» (1990), «Сүйгөн жар» (2010) ж. б. ыр жыйнактардын автору. Айрым ыр жыйнактары белорус, түркмөн, казак, өзбек, украин, кара калпак тилдерине которулган.