ИСАКОВСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ИСАКО́ВСКИЙ Михаил Васильевич [7 (19). 1. 1900, азыркы Смоленск обл., Глотовка кыш. – 20. 7. 1973, Москва] – орус акыны, Соц. Эмг. Баатыры (1970). Чыгармалары 1924-жылдан

жарыялана баштаган. «Са­мандагы зымдар» деген туң­гуч китебин (1927) М. Горь­кий жогору баалаган. Ки­йин «Чет жака» (1930),

«Жер устаттары» (1931) ж. б. жыйнактары чыккан. И-дин ырларынын негизги темасы – коллективдеш­тирүү. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде элдин майдандагы, ооруктагы эр­дигин даңазалаган, аларды патриоттуулукка шыктандырган («Кош болгула, шаарлар менен үйлөр», «Учкун», «Россия жөнүндө сөз» ж. б.) чыгармаларды жазган. Мекен, эл достугу те­масы И-дин согуштан кийинки поэзиясынын негизги лейтмотивин түзөт. Анын поэзиясы тур­мушка жакындыгы, музыкалуулугу, лирика­луулугу м-н өзгөчөлөнөт. «Узатуу», «Аны ким билет», «Чек арачы кайтканда», «Катюша» ж. б. ыр жыйнактардын автору. И-дин бир нече ыры кыргыз тилине которулган. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1943, 1949). Төрт Ленин, 2 Эм­гек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сый­ланган.


Чыг.: Собр. соч., Т. 1–4. М., 1968–69.


Ад.: Александров В. М. Исаковский. Критико­биографический очерк. М., 1950.