ИСКАКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ИСКАКОВ Полот Турдукожоевич (8. 10. 1931- ж. т., Ысык-Көл обл., Каракол) – дипломат, СССРдин атайын ж-а ыйгарым укуктуу элчиси (1986). КМУну (1958), Москвадагы СССР ТИМ- дин Жогорку дипл. мектебин (1964) бүткөн. 1958–61-ж. комсомолдун Фрунзе обкомунда инструктор, Кырг-н ЛКЖС БКда бөлүм башчы­нын орун басары, 1964–67-ж. Тунис Респ-нда СССР элчилигинин 3-секретары, 1967–70-ж. СССР ТИМдин борб. аппаратында жооптуу кызматкер, 1970–75-ж. СССРдин Гвинея Респ­ндагы элчилигинде 2-, 1-секретарь, 1977–82-ж. СССРдин Алжир Элдик Демокр. Респ-ндагы элчилигинде кеңешчи, 1982–86-ж. СССР ТИМ-дин кадрлар ж-а окуу жайлар башкы баш­кармалыгында эксперт, 1986–91-ж. СССРдин Алжир Элдик Демокр. Респ-нын Оран ш-н­дагы элчилигинде генералдык консул болуп иш­теген.