ИСЛАМ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСЛАМ , м у с у л м а н ч ы л ы к (ар. islam – баш ийүүчүлүк, Алланын амирине моюн сунуу) – дүйнөдөгү үч ири диндин бири (христиан
ж-а буддизм м-н катар), монотеисттик дин. Тутунгандардын саны б-ча христианчылыктан кийинки экинчи орунда турат (дүйнөдө жалпы мусулмандардын саны 1,5 млрдга жакын, 2008). И-ды Мухаммед Пайгамбар негиздеген. Анын жактоочулары мусулмандар (Аллага гана тайынуучулар) деп аталышкан. И. христиан дини м-н иудаизмден көп идеяларды ж-а жоболорду алган. Анын башкы принциптери Куранда айтылып, ал мусулмандардын окуусунун негизги булагы болуп калат. Бул ыйык китеп Аллах тарабынан Жебирейил периште аркылуу азирети Мухаммед Пайгамбарга жиберилген делет. И-дын ички түзүлүшү имандан ж-а динден турат. Имандын (исламдын чындыгына ишенүү) негизинде Алланын бардыгына, анын жалгыз экенине, Мухаммеддин пайгамбарлыгына, курандын ыйыктыгына, кыямат болоруна ишеним жатса, динде мусулманчылыктын б е ш п а р з ы н аткаруу милдет: 1) и м а н, к е лм е («Алладан башка кудай жок, Мухаммед анын элчиси») келтирүү; 2) н а м а з окуу (күнүнө 5 маал); 3) о р о з о кармоо (жыл сайын Рамазан айында 30 күн); 4) з е к е т берүү (жылына бир жолу белгилүү чекке жеткен малмүлктүн акчалай наркын же малдын өзүнөн берүү); 5) а ж ы г а баруу (эгер мүмкүнчүлүгү жетсе өмүрүндө бир жолу).
И. пайда болгонго чейин адамдар арасында көп кудайга ишенүүчүлүк (мис., арабдарда эле отко ж. б. ар түрдүү бутпарастарга сыйыныптабынуучулар болгон) өкүм сүргөн. Түптүү идеологиянын жоктугунан улам зордук-зомбулук, уурулук, каракчылык ж. б. жаман адаттар кеңири тараган. Адам укугу тебеленип, аялдарга мал катары мамиле жасалган. Алсыздарды
өлтүрүү, төрөлгөн кыздарды тирүүлөй көмүү ж. б. терс көрүнүштөр адатка айланган. Адамзатты ушундай оор абалдан алып чыгуу үчүн диний укукка (шарыятка) негизделген татаал диний система керек эле. И. байыркы замандан о. кылымга өтүү доорунда, түн. Арабстандын көчмөн ж-а дыйкан-соодагер жамааттарынын дүйнөгө бутпарастык көз караштарында жүрүп жаткан кризистин шарттарында, 7-к-дын 1-жарымында (611–612-ж.) Батыш Арабияда пайда болгон. Ал кезде Арабстандын айрым көчмөн урууларында И-га чейин орун алып келген көп кудайга ишенүүчүлүк салтын жокко чыгарууга, бир кудайга табынууга үндөгөн х а н и ф т е р кыймылынын таасири күчөйт. Йемен м-н Йамамдын иудейлешкен калкынын арасында бутпараска сыйынуудан баш тартып, бир кудай Рахманга табынууга чакырган р а х м а н и л е р кыймылы активдешет. Ушундай кырдаалдарда жалпы араб урууларынын аң-сезиминде, рух дүйнөсүндө байыртан үстөмдүк кылып келген бутпарастык ишенимдер, сыйынып-табынуулар бүлүнө баштайт. 7-к-дын башында бул эки агым

(ханифтер м-н рахманиддер) арабстандык пайгамбар кыймылына биригишет. Азирети Мухаммеддин пайгамбардык ишмердигинин И. дининин пайда болушуна алып келиши ошол кездеги ишеним айдыңындагы жүрүп жаткан жалпы тенденциялардын мыйзам-ченемдүү натыйжасы болгон.
И-д ы н д и н и й о к у у с у Алла бирден бир
Жараткан-Эгем. Алладан башка кудай жок. Алла – баарын жаратуучу, бардыгына тиешеси бар. Ал сүрдүү да, каардуу да, мээримдүү ж-а ырайымдуу да. Алла ааламды жети күндө, о. эле адамды, периштелерди, жин-перилерди, шайтанды, Бейиш м-н Тозокту жаратты, адам алардын туу башы – деп үйрөтөт.
Алланын нурдан жараткан пакиза макулуктары П е р и ш т е л е р. Алланын тактысын кайтарышат ж-а Алла кабарчылары. Ар биринин өз милдеттери бар. Алар материалдык денеге ээ эмес. Адам баласы периштени көрбөшү мүмкүн. Көрбөйм деп эле ишенбеш дагы туура эмес, анткени, көрүнбөө жоктукка далил боло албайт. Пайгамбарлар (Мухаммед пайгамбар дагы периштелердин бар экенине ишенип, жалпы адамзатты ишенишке үндөгөн) дайыма Кудайга ишенишсе, периштелердин бар экендигине ошондой ишенип келишкен. Жараткан
өзүнүн периштелери аркылуу адамдарга кайрылат. Аллага абдан жакын турушкан периштелер – төртөө. 1) Ж е б р е и л периште Алланын аяндарын сактайт ж-а аларды пайгамбарларга жеткирет; 2) М а л а а и к а (христиандарда – Михаил) бардык макулуктардын азыгы ж-дө кам көрөт; 3) А з е з и л (христиандарда – Израил) жан алгыч; 4) И с р а ф и л сурнайы м-н Акыр кыяматтын башталганын жарыялайт. О. эле ар бир адамдын оң ийнине жакшылыктарды, сол ийнине терс жактарын каттап туруучу, маркумдарды жаткан жеринен (көрүнөн) суракка алуучу, Бейиш ж-а Тозокту тейлөөчү периштелер, булардан башка Ш а й т а н (к. Иблис), п е р и л е р, а р б а к т а р, ж и н д е р Рух дүйнөсүн түзүшөт.
И. окуусунун борборунда п а й г а м б а р л а р аркылуу Алланын элге жиберген аяндары турат. Куранда 30га жакын пайгамбар-олуялардын ысмы аталган (к. Пайгамбар). Алардын алгачкысы – Адам ата, эң акыркысы – Азирети Мухаммед. Пайгамбарлар Алланын аяндарын Ыйык жазуулар түрүндө алышкан. И. окуусу б-ча булардын түп нускасы «Кастарланып ыйык кайтарылууга коюлган асмандагы Лоок тактасында» түбөлүккө сакталып турат. Алла тарабынан Муса пайгамбарга Тоорат (Тора), Дөөтү (ар. Дауд, орусча Давид) пайгамбарга Забур сыяктуу Ыйык жазуулар түшүрүлгөн. Мусулман доктринасына ылайык Ыйык жазуулар адепки мазмундары б-ча сакталган жок, кыйла мезгилдер ичинде бир топ оңдолуп, бурмаланууга дуушар болду. Аларды калыбына келтирген ж-а толуктаган Куран гана Алланын кудурети м-н алгачкы калыбы бойдон сакталды. Куран б-ча Акыр Заман келгенде Кыямат башталат. Мусулман уламышында Кыямат болордун белгиси – Меккеден ыйык Кааба жоголот, Куран унутулат. Жалганчы Тажаал келип, элди 40 күн башкарат. Алла Таала Мухаммед пайгамбардын соңку мурасчысы М а х д и н и жалганчы Тажаалга каршы согушууга жиберет. Махди Кыямат кайымдын акырында келип (жалганчы Тажаалды толук жеңип), нукура динди, адилеттүүлүктү калыбына келтирет. Алла ар бир адамды суракка алып, соттолгондордун баарын Тозок үстүндөгү «чачтан ичке, кылычтын мизинен курч» көпүрөдөн өтүүгө жиберет.
И. дининде а к ы р е т кыяматтан кийин боло
турган түбөлүк жашоо. Акыретке ишенүү бардык диндерде бар, болушу зарыл. Бири биринен бир аз айырма болушу мүмкүн, ар бир пайгамбар үммөтүнө акырет тууралуу билдирген. Куран б-ча адам баласы өлгөндөн кийин кабырдагы эки периштенин (Мункир, Накир) сурагы, көр азабы, кыямат болгондон кийин бүткүл адамзат кайра тирилип, Машхар деген майданга топтолуусу, кылган иштеринин сурагын берүүсү, Сырат деген көпүрөдөн өтүүсү, күнөөкөрлөрдүн тозокко түшүп, жакшы иш кылгандардын түбөлүк бейишке кирүүсү – мунун баары акыретте боло турган көрүнүштөрдөн. Жамандыктын алдын алуучу, жакшылыкка шыктандыруучу мындай акырет ынанымы болбогондо, дин жалгыз көр турмуштук, коомдук көрүнүш бойдон гана калмак. Эгер акыретке иман келтирүү болбогондо кылынган ибадаттардын, ынанымдын адам баласына пайдасы болмок эмес. И-га чейинки доорлордо да Алла пайгамбарлар аркылуу дин өкүмдөрүн адамдарга жеткирип турган. Ислам өкүмдөрүн адамдарга жеткирүү (пайгамбарлык кылуу) Алла тарабынан тандалган элчи Абдуллах уулу Мухаммедге жүктөлгөн. Ал дин өкүмдөрүн талыкпай таратуусунун ж-а анын жолдошторунун акыйкатты кабыл алып,

өкүмдөрдү туура түшүнүүсүнүн натыйжасында, о. эле ошол убактагы адамдардын таза, туура динге болгон муктаждыгынан да И. дини ылдамдык м-н таркаган. 7–9-к-да И. дини Түн. Африка, Алдыңкы Азия, Иран, Борб. Азия, Закавказье ж-а Түн. Чыгыш Кавказга чейин жеткен. 8-к-дын 1-жарымында Европада И. өнүгүүсүнүн очогу түзүлгөн.
И. – адамзаттын рухий дүйнөсүндө эң таасирдүү күчтөрдүн бири. Анын бардык доорго ылайыктуу орду бар. И. коомдун өнүгүүсүндө чоң роль ойнойт. Жашоонун эстетикалык түзүлүшүнө, ынтымактын пайда болушуна, улуттук каада-салттардын негизделүүсүнө, мекенди сүйүү сезимдеринин ойгонуусуна ж. б. тийгизген таасири чоң. Дүйнөнүн 28 мамлекетинде, а. и. Египет, Кувейт, Сауд Арабиясы, Ирак, Иран, Пакистан өлкөлөрүндө И. мамл. дин катары таанылган. 35 мамлекетте (а. и. Кырг-н) калкынын көбүн мусулмандар (80%) түзөт. Дүйнөнүн 125 өлкөсүндө мусулман жамааттары бар. Мусулман өлкөлөрүнүн көбүндө таасирдүү ислам партиялары бар. Мис., Жамаат-и ислами партиясы Индия м-н Пакистанда, Ислам респ-нын партиясы Иранда, Биримдиктин ж-а өнүгүүнүн партиясы Индонезияда, Панмалайзиялык Ислам партиясы Малайзияда ж. б.
И. дини О. Азияда 8-к-дын башында пайда
болгон. Алгачкы таратуучу катары Кутейба ибн Муслимди эсептөөгө болот. Ал 710-ж. Согдианадан (азыркы Хорезм обл.) Кашкарга чейинки аймакты каратып, И. динин киргизген. 960-ж. Караханиддер мамлекети И. динин мамл. дин деп кабыл алышкан. Баласагун ш-нда жашаган 200 миңден ашуун адам И. динин тутушкан. Тарыхый маалыматтарга караганда И. кыргыз арасына 9-к-дын ортосунан тарай баштаган. И-дын кыргыздарга (көбүнчө Түш. Кырг-нга) терең сиңишине Кокон хандыгынын мезгилинде кокондук мусулман миссионерлер (шайык, эшен, кожо, дубана, дервиш ж. б.), о. эле И-ды агартуучулук м-н айкалыштырып окутуучу мек-
тептерди сунуштаган Казандагы И. борборунан келген (Түн. Кырг-нга) татар мусулмандарынын таасири тийген. Мечиттерде атайын айылдык молдолорду даярдап, аларды жер-жерлерге жөнөтүп турушкан. Элет жерине Куранды жатка үйрөтүүчү мектептерди ачып, буга айылдык балдарды массалык түрдө тартышкан. Бирок калың эл массасы сабатсыз бойдон кала берген. Совет мезгилинде СССРдеги динге каршы саясаттын репрессия толкуну Кырг-н мусулмандарын да каптап өткөн. Кожо-молдолор калк арасында диний иштерди жүргүзүүдөн четтетилген. 20-жылдардын аягында араб алфавитинен латын тамгасына, 30-жылдардын аягында латын тамгасынан кириллицага өткөрүлгөн. Мечиттердин дээрлик баары жабылган. И-ды окутуунун бардык түрүнө тыюу салынган. И. үрп-адаттары м-н байланышкан мусулман майрамдарын, каада-жөрөлгөлөрүн көпчүлүк алдында өткөрүүгө жол берилбеген. Сов. «темир көшөгө» мусулман калкын өзүнүн чет өлкөлүк диндештеринен көпкө чейин обочолонтуп келген. 2-дүйнөлүк согуш жылдарында И. ж. б. конфессиялардын легалдашуусуна руксат берилет. 1944-ж. СССР ЭКСтин карамагында Дин иштери б-ча совет түзүлүп, ал сыйынуу, чокунуу ж-а табынуу имараттарын, анда иштеген кызматкерлерди каттоого, алардын кезектеги ж-а келечек маселелерин чечүүгө киришкен. 1954-жылдан динге каршы күрөш жаңыча багыт м-н башталган. Бирок динге каршы күрөш мурдагыдай репрессиялык эмес, моралдык чабуул м-н чектелип калган. Совет бийлигинин кулашы (1991) И-дын кеңири кулач жайышын шарттаган. Жер-жерлерде мечиттерди массалык түрдө куруу, ачуу
өтө тездик м-н өскөн. Кырг-н аймагында 1801
айыл-кыштак (2003) болсо, респ. б-ча 1991 мечит катталган (Ош обл-нда – 714; Жалал-Абадда – 464; Баткенде –272; Чүйдө – 247; Ысык- Көлдө – 109; Таласта – 96; Нарында – 89, Бишкекте – 50; Ошто – 50). 2009-жылга карата Кырг-ндын мусулмандарынын диний керектөөлөрүн камсыз кылуу максатында облустар м-н шаарларда бир топ диний окуу жайлары иштеген; 1 ун-т, 8 ин-т, 56 медресе, а. и. Баткенде – 1
ин-т, 10 медресе; Жалал-Абадда – 1 ин-т, 6 медресе; Нарында – 1 ин-т, 2 медресе; Ошто – 2 ин-т, 17 медресе; Таласта – 2 медресе; Чүйдө – 2 ин-т, 13 медресе; Ысык-Көлдө – 2 медресе; Бишкекте – 1 ун-т, 1 ин-т, 2 медресе; Ошто – 2 медресе ж. б.
Ад.: Исламский энциклопедический словарь. М., 1991; Пиотровский М. Б. О мусульманском искусстве. СПб., 2001; Гордон Ньюби. Краткая энциклопедия ислама. М., 2007; Ислам // Большая Российская энциклопедия, Т. 11. М., 2008.
К. Осмоналиев, Ю. Талтабаев, С. Ш. Доолов, Т. Абдылдабеков.