ИСЛАНДДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ИСЛАНДДАР (өздөрүн ислендингар деп ата­шат) – эл, Исландиянын жерг. калкы. Саны 290 миң киши (2006). О. эле Канада, АКШ, Да­ния, Швеция, Норвегия ж-а Германияда да жа­шашат. Исланд тилинде сүйлөшөт. Христиан ди­нинин протестант (лютеран) тармагын тутушат. И. 9–10-к-да Норвегиядан көчүп келген байыр­кы скандинавиялыктардын тукумдары. 13–14- к-да исланд эли түзүлүп, улут катары калыптана баштаган. И-дын улуттук өсүшүнө Даниянын узак жылдар (1380-жылдан) үстөмдүк кылышы терс таасир тийгизген. Даниялык бийликке кар­шы күрөштөрдүн негизинде И. 1918-ж. өз ал­дынчалыкка ээ болуп, эне тили, мад-ты, үрп­адат, улуттук салттары өнүгө баштаган. И. мал чарбачылык, балыкчылык ж-а кол өнөрчүлүк м-н кесиптенишип, дубалы темир-бетондон тур­гузулуп, чатыры шифер ж-а темир м-н жабыл­ган үйлөрдө жашашат. Улуттук кийими аял­дарда көбүрөөк колдонулат. Алар жүндөн то­кулган белдемчи, ак көйнөк, алжапкыч, оймо­чиймеленген кара же кызыл түстүү чыптама, булгаары бут кийим, айрымдары кара матадан тигилген узун көйнөк (жакасы м-н жеңи бар­кыттан салынып, кооздолгон), башына кара бар­кыт калпак кийип же жоолук салынышат. Эр­кектери матадан тигилген күрмө, шым, жылуу сокмо көйнөк ж-а тизеден өйдө байпак, тюлень терисинен башмак, башына калпак кийишет. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан ж-а сүт азыктары.

Ш. Керимова.