ИСМАИЛОВ 2: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСМАИЛОВ Бактыбек Искакович (31. 1. 1947- ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Саруу айылы) – физик, техника илимд. доктору (2005), проф. (2006). Москва энергетика ин-тун (1971) ж-а анын аспирантурасын (1977) бүтүргөн. 1971– 72-ж. СССР ИАнын Фрунзедеги космостук изилдөөлөр ин-тунун Өзгөчө конструктордук бюросунда инженер, ФПИде окутуучу, улук окутуучу, КТУда декан (1973–92); «Кыргызтехникаборбор» АКтын генералдык директору, «Нарк» ЖЧКсынын директору (1993–96); КТУда доцент, проф. (1997), 1999-жылдан КРдин Билим берүү ж-а илим министрлигинин алдындагы Лицензиялоо ж-а аккредитациялоо (аттестациялоо) б-ча мамл. инспекциясынын башчысы. Радиоэлектрондук түзүлүштөр б-ча адис. 70тен ашуун ил. ж-а методикалык эмгеги, 1 монографиясы жарык көргөн. РФтин коомчулук к-тинин Ломоносов ордени м-н сыйланган (2008).
Эмг.: Обобщенная структура радиоэлектронных устройств. «Управление качеством РЭА и роботехника». М., 1989; Автоматизация выбора оптимальных решений. Б., 2003.