ИСМАНОВ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСМАНОВ Хусаин (24. 1. 1924, Сокулук р-ну, Орок айылы – 28. 9. 1956, Сокулук р-ну, Кашка- Баш айылы) – Даңк орденинин толук кавалери.

Сов. Армияга 1943-ж. чакырылып, Түш.-Батыш, 3-Украин, 1-Белорус фронтторунда болгон. Украинаны бошотууда, Висладан өтүүдө, Берлинди алууда замбирекчи болуп, эрдик көрсөткөн. Висла д-нын сол жээгиндеги плацдармды ээлөөдө душмандын контрчабуулунун мизин кайтаргандыгы үчүн 3-даражадагы (1944), Магнушев плацдармында душман техникаларын жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы (1945) ж-а Познань ш-н алуудагы эрдиги үчүн 1-даражадагы Даңк (1945), Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.