ИСТЕРИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСТЕРИ́Я (гр. hystera – жатын, байыркы заманда И. жатын оорулары м-н байланыштырылган) – невроздор тобуна кирүүчү нерв-психикалык оору. И. психикалык травманын негизинде болот. И. П. Павлов анын пайда болушун жогорку нерв ишинин тормоздоо процессине козголуу процессинин ж-а биринчи сигналдык системанын үстөмдүк кылышы деп түшүн-
дүргөн. Анда нерв системасы, психика ж-а ички органдардын функциясы бузулушу мүмкүн. И-нын белгилери оорулуунун кызыкчылыгына байланыштуу болуп, турмуштун кыйын учурунан чыгып (кутулуп) кетүүгө шарт түзөт. И-лык талма психикалык травма алганда же аны эстегенде болот. Бул учурда акыл-эси толук жоголбойт, ошондуктан талмадагыдай оорулуу бир жерин жабыркатып албайт, тишин кычыратпайт. Оорулуунун акыл-эси бузулуп, туталанып, психикасын жабыркаткан абал көзүнө элестей берет. Кээде акыл-эси бузулат. Айрымдар (көбүнчө кылмышкерлер) кем акыл өңдөнүп, манжаларын санай албайт, көзүнүн ж-а чачынын түсүн билбейт, белгилүү эле буюмду тааныбайт. Айрым учурда сезүү органдары бузулат. Оорууну сезүү күчөйт, кээде сезбей калат, убактылуу сокур, дүлөй болуп, жөөлүп, калчылдайт. Жүрөккан тамыр системасы, дем алуу ж. б. органдары бузулат. Кээде шал болгонсуп жатып калат, тилин чайнабайт, окшуп кусат, эти ысып, ичи
өтүшү мүмкүн. Мүнөздүн И-лык өзгөрүшүнө өтө
эмоциялуу киши туш болот. Алар бир аз себеп болсо эле ыйлап, каткырып күлүп, кийимин тытып, кыйкырып, чаап жибериши да мүмкүн. И-ны психотерапиялык жол м-н дарылайт. Баарыдан мурда психиканы жабыркатуучу таасирди жоготуу зарыл.