ИС УРУУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИС УРУУ – көмүртек кычкылы (СО) – ис газы м-н уулануу. СО жытсыз, түзсүз, өтө ууландыруучу газ. Орг. заттардын толук эмес күйүүсүнөн бөлүнүп чыгат. Тиричиликте меш жагуу эрежесин бузганда, о. эле кыймылдаткычы иштеп
турган автомобилдин ичинде уктаганда ж. б. учурларда ууланат. Ис организмге кирип, оксигемоглобиндин кычкылтегин сүрүп чыгарып, зыяндуу карбоксигемоглобинди пайда кылат. Натыйжада организмде кычкылтек жетишсиздик пайда болуп, ткандардын дем алуусу ж-а организмдин бардык системаларынын иши бузулат. Уунун организмге кирген өлчөмүнө жараша уулануу оор же жеңил ж-а катуу кармаган же узакка созулуучу өнөкөт түрлөрү болот. Анын белгилери: баш ооруйт, айланат, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кусат, дене калчылдап, алсырайт. Өтө ууланганда акыл-эс элдир-селдир болуп, эстен тануу м-н аралашкан уйку басат. Карек чоңоюп, дем алуу үстүрт болуп, тырышат. Врачка чейинки биринчи жардамда оорулууну тез таза абага чыгарып, нашатырь спиртин жыттатуу, көкүрөгүнө сүртүү керек. Андан кийин дарылоо мекемелерине жеткирүү зарыл.