ИСФАЙРАМ-САЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ИСФАЙРАМ-САЙ , И с п а й р а м – Кырг-ндын Баткен обл-нун ж-а Өзбекстандын аймактары аркылуу аккан суу. Алай кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, Чоң Фер­гана каналына кошулат. Уз. 122 км, алабынын аянты 2220 км2. Фергана ойдуңуна чыккан же­ринде кеңири жайылма шилендилерди пайда кылат. Алабында жалпы аянты 37,4 км2ге жеткен 39 мөңгү бар, Июлда кирип, сентябрда тартылат. Февралдан мартка чейин сууга өтө өксү. Жылдык орт. чыгымы 22 м3/сек; эң көбү – 162 м3/сек, эң азы – 5,7 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Өрөөнүндө Кубасай кыш. орун алган.