ИСФАЙРАМ-САЙ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСФАЙРАМ-САЙ ӨРӨӨНҮ Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшкөн сууну бойлоп жатат. Уз. 130 кмдей, таманынын жазылыгы баш жагында 0,3–0,6 км, ортосунда (Пум, Чабай суулары куйган бөлүгүндө) 2–2,5 км, Фергана ойдуңуна чыга беришинде 10–15 км. Таманынын деңиз деңг. бийикт. 1000 мден 3000 мге чейин. Жогору жагында Шыпы, Сүрмө- Таш ж-а Исфайрам-Cай болуп үч айрыкка бөлүнөт. Төмөн жагы кенен келип, улам жогорулаган сайын кууштап, капчыгайга өтөт. Мында шиленди конустар басымдуу. Алардын үстү тегиз, айрым жерлери жылга-жыбыттуу. Капчыгайдын таманы өтө кууш, суу жээктериндеги жайылмалар 1–2 кмден ашпайт. Жогорку бөлүгү «жылаңач» аскалардан туруп, таманы 0,3–0,6 км. Өрөөн тепши сымал. Тоо беттериндеги куюлма шагыл таштар этегинде шиленди конустарды пайда кылат. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө, мөңгү, шиленди тектеринен түзүлгөн. Тоо капталдары палеозойдун кумдук, сланец, конгломерат, акиташ тектеринен туруп, айрым жерлерин гранит, гранитдиорит интрузиялары жиреп чыккан. Өрөөндүн бийик тоолуу бөлүгүндө жалпы аянты 37,4 км2ге жеткен 39 мөңгү бар. Өрөөн аркылуу Исфайрам- Сай суусу агат. Тоо капталдарында шилби, итмурун, табылгы сыяктуу бадал аралаш өскөн арча токою басымдуу. Андан жогору субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Суу жээктеринде терек, кайың, тал, чычырканак, арча, жылгын ж. б. өсөт. Токою түрү б-ча топ-топ болуп өскөндүгү м-н өзгөчөлөнөт; мис., терек токою, кайың токою ж. б. Жогорку бөлүгү жайыт, ортоңку ж-а төмөнкү бөлүктөрүнүн таманы чабынды, айдоо. Өрөөндө Үч-Коргон, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Майран, Пум, Чакмак кыш. жайгашкан.