ИСФАНА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ИСФАНА – Баткен обл-ндагы шаар (2001-жылдан). Лейлек р-нунун адм. борбору. Кара-Суунун боюнда, деңиз деңг. 1350 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Баткен ш-нан 130 км батыш тарапта. Пролетарск (Тажикстан) т. ж. бекетинен 45 км түштүктө. Калкы 18,2 миң (2009); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Шаардын курамына Ак-Булак, Голбо, Мырза-Пача, Тайлан, Самат ж-а Чимген кыш. да кирет. Аэропорту бар. Бишкекке Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан аркылуу транспорттук каттам бар. И. ш-дык кеңеши 21 депутаттан, 4 туруктуу комиссиядан турат. Шаар кеңешине караштуу жердин аянты 29 миң га; а. и. айдоо жер 6,6 миң га, сугат жер 1,2 миң га, кайрак жер 5,4 миң га, чабынды 800 га, жайыт 15,6 миң га, көп жылдык маданий өсүмдүктөр 130 га. Шаарда жалпы билим берүүчү 14 мектеп (а. и. 2 гимназия), 4 бала бакча, кесиптик-тех. лицей, Бишкектеги Эл аралык укук, финансы ж-а бизнес башкаруу академиясынын филиалы, мад-т үйү, клуб, 3 китепкана, Тарых ж-а край таануу, Даңк ж-а И. Раззаков музейлери, мейманкана бар. И. ш-дык башкармалыгында ар түрдүү жеке менчикке таандык 82 ишкана, мекеме-уюмдар, а. ч. кооперациялары, 8 банк филиалдары, «Исфана» АКтын кыш з-ду, менчик (3 кондитер, эмерек даярдоочу ж-а тигүү) санит.- эпидемиол. станция, райондук оорукана, үй-бүлөлүк мед. борбор, 6 үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү,
соода түйүндөрү, базар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго ж-а И. Раззаковго эстелик тургузулган.
Б. Амираева.