ИСФАРА ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы

ИСФАРА́ ӨРӨӨНҮ Түркстан кырка тоосунун түн. капталында, Кырг-н (Баткен обл-ндагы Лей­лек р-нунун аймагы) м-н Тажикстандын чек арасында. Уз. 82 км, орт. жазылыгы 32 км. Ба­сымдуу бийикт. 3200–3600 м, эң жапыз жери 830 м. Өрөөндүн төмөнкү (түн.) бөлүгүн адыр сымал жапыз тоолор, жогорку (түш.) бөлүгүн капталдары тик, кууш капчыгайлуу бийик тоо түзөт. Түн. жагы палеоген ж-а неоген мезгилде­ринде пайда болгон кум м-н чоподон, түш. бөлүгү көбүнчө палеозойдун кристаллдуу (акиташ теги, сланец, кумдук) тоотектеринен турат. Клима­ты континенттик; июль айынын орт. темп-расы 21,9°С. Жылдык жаан-чачыны 112 мм, тоолуу бөлүгүндө 200–350 мм. Агын суулары – Исфара ж-а анын куймалары (Каравшин, Кишемиш, Киндик ж. б.). Өрөөндүн башында жалпы аян­ты 88,7 км2 болгон 34 майда мөңгү бар. Кумдук ж-а күрөң топурак басымдуу. Түн. жагына эфе­мер-шыбактуу чөл ж-а кургак талаа ландшафт­тары мүнөздүү; тоо беттеринде бетеге, кылкан чөп, таракбаш ж-а арча, бадалдуу токой өсөт. Би­йик тоолуу бөлүгүн субальп ж-а альп шалбаа­луу талаа тилкелери ээлейт. Өрөөндө Тажик­стандын Исфара ш. орун алган. Өрөөн жайыт ж-а дыйканчылыкка пайдаланылат.

Б. Амираева.